Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:18

Москвада мигранттарды кармоо уланууда


Орусия -- Бирюлеводогу окуядан кийин кармалган мигранттар. Москва, 14-октябрь, 2013.
Орусия -- Бирюлеводогу окуядан кийин кармалган мигранттар. Москва, 14-октябрь, 2013.

17-октябрга караган түнү да Москвада полиция эки миңге чукул чет элдик мигрантты кармады.

Анын ичинен жүз кырк чет элдик мигрант Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганын маалымат агенттиктери Москванын ички иштер министрлигине шилтеме берип жарыялашууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кармалгандардын арасында он төрт кыргызстандык бар экенин айтып, анын ичинен ону бошотулганын билдирди. Бирок Орусия соңку окуяларга байланыштуу миграциялык саясатын катуулатканына карабастан Москваны көздөй сапар тарткан кыргызстандыктардын агымы азая элек.

Массалык кармоолор “маалы”

Соңку окуядан берки эки күндө Чыгыш Бирюлеводогу жатаканалардан эле Орто Азия жана Кавказдан келген жүз элүүдөн ашуун мигрант кармалып, атайын тескөөчү жайларга киргизилген. Чет элдик мигранттарды кармоолор негизинен Москванын борбордук райондорунда жана ага жакын жайгашкан кичи шаарчаларда жүргүзүлүүдө. Жуманын башында Батыш Бирюлеводогу окуядан кийин аталган райондогу жашылча-жемиш базасынан эле төрт жүздөн ашуун мигрант кармалган болчу. Орусиянын миграция кызматы полиция менен биргеликте жүргүзгөн рейдде өткөн түнү эки миңге чукул чет элдик мигрантты кармаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин пресс-атташеси Айымкан Кулукеева кармалган он төрт кыргызстандыктын ичинен төртөө депортациялана турганын билдирди:

- Он төрт кыргызстандык кармалганын биздин консулдук кызматкерлерге билдиришкен. Ал жакка барып, үн күчөткүч аркылуу чакыртканда кармалгандардын арасынан кол көтөргөн он төрт кыргызстандыктын тогузу документтери туура болгондуктан ошол жерден эле бошотулган. Бирөө кийин сот аркылуу бошонгон. Калган төртөөнө миграциялык мыйзамды бузду деген кине менен өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты.

Чет элдик эмгек мигранттарын кармап, алардын документтерин тыкыр текшерүүлөр Орусиянын башка чоң шаарларында да жүрүп жатканы айтылууда. Айрыкча Санкт-Петербург, Краснодар, Ростов, Самара, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында чет элдик мигранттарды текшерүүлөр күчөтүлгөн.

Айрым маалымат агенттиктери 16-октябрда Орусия менен Казакстандын чек арасында Бишкек-Новосибирск каттамы менен бараткан поездден бир нече кыргызстандык жүргүнчү кармалганын жарыялашкан. Бирок мындай маалыматты Кыргызстандын Новосибирскидеги вице-консулу Азиза Турдуева тастыктаган жок:

- Бизге өзү негизи эреже боюнча Орусиянын жергиликтүү миграция кызматы кармалгандар туурасында маалыматты үч күндүн ичинде берет. Ага чейин биз өзүбүздүн булактар аркылуу билип калсак, барып ал кармоонун себептерин иликтейбиз. Бирок жанагындай кармоолор боюнча расмий маалымат жок. Муну бирок дагы бир жолу такташ керек. Өткөндө төрт кыргызстандык кармалганы жана териштирүүлөрдөн кийин бошотулганы боюнча маалыматты бергенбиз.

Орусиядагы ксенфобиянын таасири

Ошол эле кезде мигранттардын айрымдары ишке кирүүгө атайын уруксат алып иштегендер мындай турсун, Орусиянын жарандыгын алгандар үчүн да ал жакта иштөө кыйын болуп калганын белгилешүүдө. Жакында Европа Кеңеши Орусияда улутчулдук күчөп жатканын айыптаган билдирүү тараткан.

Москвада алты жылдан бери иштеген мекендешибиз Тариел Алипсатаров жергиликтүүлөрдүн арасында чет элдиктерге карата маанай жакшы эмес экенине токтолду:

- Эми жанагы соңку окуя табылбай эле турган себеп, жөн эле шылтоо болуп калды да. Бирок негизи жергиликтүү калктын айрымдары болбогон жерден сырттан келгендерди жек көрүп, урушуп, “эмнеге жүрөсүңөр, кетпейсиңерби” деген маанай кийинки учурда күчөп кеткен эле. Анан миграция кызматы менен полиция батирлерге чейин кирип текшеришип, мигранттардын документтери бар-жогуна карабастан эле алып барып камап, басмырлаганга өтүп алышты.

Ошого карабастан Орусиянын шаарларын көздөй агылган кыргызстандыктардын толкуну басаңдай элек.

Бейшембиде Бишкектеги темир жол вокзалынан бир тууган эжесин Москвага узатып жаткан Замира Бекбасарова өлкөдө кулач жайган туташ жумушсуздук адамдарды кооптуу сапарга чыгууга мажбурлап жатканына токтолду:

- Чочулаганда эмне кылат эми. Айла жок да. Арга жоктон кетип жатышат да. Бул жакта бир ылайыктуу жумуш болбой жатпайбы. Жумуш болсо ошол жакка тентип барып, кордук көрүп иштеп акча тапканды ким эле кааласын. Бул жакта иштей турган жумуш болсо ушундай кооптуу сапарга чыгып, ал жакта коркуп-үркүп иштейт белек.

Миграция департаментинин маалыматы боюнча, Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 2013-жылга карата үч жүз миңге чукулдаган. Бейрасмий маалыматтарда болсо бул сан алда канча көптүгү, Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында бери дегенде эле миллионго чукул кыргыз мигранттары бар экени айтылат.

XS
SM
MD
LG