Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Орусия: Бирюлеводогу соңку кырдаал


Орусия -- Брюлеводогу нааразылыкка чыккандар. Москва, 13-октябрь, 2013.
Орусия -- Брюлеводогу нааразылыкка чыккандар. Москва, 13-октябрь, 2013.

Москванын Бирюлево районундагы жекшембидеги тополоңдон кийин миңден ашуун мигрант кармалды.

Орус массалык маалымат каражаттары бүгүн башаламандыктардын очогу - Покров жашылча базасында 1200 мигранттын кармалганын Ички иштер министрлигине таянып жазышууда.

Эмнеге мигранттар кармалды?

Жекшемби күнү кечинде Батыш Бирюлевонун аталган жашылча базасында Егор Щербаковду өлтүргөн адам ошол жакта деп адамдар анын дарбазаларын талкалашкан. Бүгүн бул базага полиция рейд жасап, миңден ашуун адамды кармады. Арасында аялдар да бар. Бийликтегилердин айтымында, кармалгандардын кечээки окуяларга катышы бар-жогу текшерилүүдө. Полиция ошондой эле унааларды да текшерди.

Бүгүн Роспетрабнадзор Бирюлеводогу жашылча базасын жапты. Бул чечим жергиликтүү калктан көптөгөн арыздар түшкөнү менен түшүндүрүлдү.

Буга чейин өткөн түнү 400 адам кармалган. Алардын 70тен көбү административдик жоопкерчиликке тартылса, талоонго катышты делген эки адам 48 саатка камалып, "ээн баштык" боюнча кылмыш иши козголду.

Жалпысынан кечээки башалмандыктардан 23 адам жапа чекти, алардын арасында 8 полиция кызматкери бар.

Бирюлево районундагы оор кырдаалга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүп, ага Москва полициясынын жеке курамы тартылды. Москванын борборунда жайгашкан Манеж аянты да жабык.


Окуя кантип башталды?

Алгач адамдар Егор Щербаков өлтүрүлгөн жерге чогулушуп, алардын саны 400гө жеткен. Полициянын маалыматы боюнча, акцияга чыккандардын көбү мас абалда болчу. Алар унааларды оодарып, жер-жемиш сакталган базага чабуул жасашкан, айрым кичи дүкөндөр тонолуп, улутчул маанайдагы ураандар айтылган.

Жеркгиликтүүлөр Егор Щербаковду Кавказдын жашоочусу өлтүрдү деген пикирде. Бирок буга азырынча далилдер жок. ИИМ Щербаковду өлтүргөн адамды табууга кызматташкандарга 1 миллион рубль акчалай сыйлык жарыялады.

Орусиянын тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 10-октябрга караган түнү 25 жаштагы жигит кызы менен үйүнө бараткан. Алар үйүнүн кире беришине жеткенде белгисиз бирөө келип, баланы бычактаган. Егор Щербаков ошол жерде каза болгон.

Орусиянын ичики иштер министри Владимир Колокольцев эми бардык жашылча базаларында рейддер жүрүш керек деген ойдо. Рейддер эртеңден тарта өтөт. Анын пикиринде, бул базалар ар дайым конфликттердин очогу болуп келет. Ал бөлүм башчыларына бардык базаларды текшерүүгө буйрук берди.


Тасмада: Тополоңдон кийинки кармоолор

Бирюлеводогу тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG