Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:12

Твиттерчилер: Азиретбек табылды!


12-февралда кечки саат 8дерде Москвада 3 күндөн бери изделип жаткан кыргызстандык 11 жаштагы Азиретбек Усубалиев табылды. Аны издөө демилгесин Москвадагы "Лиза Алерт” ыктыярчылар тобу көтөргөн.

Жекшемби. Кечки саат 7. "Твиттер" социалдык тармагы аркылуу Азиретбек Усубалиев аттуу бала изделип жатканын окуп калдым. 11 жаштагы бала 9-февралда Москванын Митино районунда үйдөн чыгып кеткен экен. Орусияда күндүн суугу 30 градустан ашып, эң суук түндөрдүн бири болчу.

“Лиза Алерт” тобу тууралуу мурда да уккам. 2010-жылы Лиза Фомкина эжеси менен Орехово-Зуево токоюнда 13-сентябрда жоголуп, 5 күн бою кызды эч ким издеген эмес. Маалымат интернетке түшкөндө гана ыктыярчылар өз алдынча издей башташкан, бирок кыздын денесин гана табышкан.

2010-жылы 24-сентябрда “Лиза Алерт” аттуу жоголгондорду издөө боюнча ыктыярдуу топ түзүлгөн. Топтун аты жоголуп кеткен Лизанын атынан коюлган. Коммерциялык эмес бирикменин негизги өзгөчөлүгү - ыкчам аракеттенүү менен жарандык тилектештикти күчөтүү. Эң негизгиси - жоголгон балдарды табуу.

Кайдыгер эместер

Интернет, ММКлар аркылуу, кинологдор, джипперлер, иши кылып ар кандай тажрыйбага ээ, кайдыгер эмес адамдар бош убактысында түрдүү себептер менен жоголгон адамдарды издей башташат.

“Ар бир табылган бала - коомдун көйгөлөрүн чечүүдөгү чоң кадам. Бир үй-бүлөнүн трагедиясына көңүл кош эместиктин символу. Сага жардам беришет! - деген ишенимдин түптөлүшү", деп “Лиза Алерт” бирикмесинин сайтында жазылып турат.

“Лиза Алерт” 24 саат, майрамсыз, тынымы жок, бекер жардам көрсөтөт.

"Өзүңөр издегиле"

Азиретбек Усубалиев
деген атты угаарым менен кыргыз болсо керек деген ой кетти. “Лиза Алертке” чалсам, алар муну тастыкташты.

Ошол замат Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” диаспорасынын башчысы Абдыганы Шакиров менен байланыштым, себеби баланы издеп жаткан москвалыктарга кыргызча билген эркектер керек эле.

Эртең мененки төрткө дейре жертөлө, кафе, үйлөрдү кыдыруу пландаштырылган болчу.

Мени таң калтырганы - Азиреттин жоголушуна байланышкан форумда бейтааныш адамдар жекшемби күнү-түнү, ири шаарда жылуу үйлөрүн таштап, "саат кечки 9да жолугабыз" деп баарлашып жатышты. Мен унаа издеп, элчиликке чала баштадым.

Азиретбекти издөөгө арналган форумдун дареги: http://lizaalert.org/forum/viewtopic.php?f=42&t=2315

Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев, “ким жоголуптур, аны полиция издейт, аны издөөгө силердин кандай укугуңар бар, таба албайсыңар, ушул суукта ким чыгат?” - деп кыжырдана баштады.

"Лиза Алерт” буга чейин көп балдарды тапкан, алар тажрыйбалуу, элчилик жардам бере алабы же жокпу, ошону айтыңыз", - дедим мен.

- Тажрыйбалуу болсо, таап алышсын, - деп Абдисияев телефонун өчүрүп салды.

Элчиликтин консулу Айжигит Бурановэрежелер боюнча биз кийлигише албайбыз, бирок полицияга чалайын, азыр унаа таба албайм, кат аркылуу кайрылыш керек” - деп, бирок телефон аркылуу Митино районунун Ички иштер бөлүмүнө, журналисттерге чалып, жардам берип жатты.

Ошентип элчилик кайрадан бюрократиялык эрежелерден улам, унаа бере алган жок.

"Твиттер" социалдык тармагына жазган кайрылуума Москвадагы бир кыргызстандык жооп берди. Ал Кайрат Бостонов деген ишкер эле. Кайрат унаасы менен келип, экөөбүз да башка ыктыярчыларга кошулмай болдук.

Абдыганы Шакировдон уктум”, деп Москвадагы кыргызстандык мигранттар үчүн чыкчу “Нур” гезитинин башкы редактору Багыт Бапанов да чалып, жардам бермей болду.

Азиретбек табылды!

Мен жылуу кийинип эшикке чыкканда, “Лиза Алерттен” телефон чалып, "биз Азиретти таптык" деп сүйүнчүлөштү.

"Бош убактым, ниетим, унаам бар болчу, ошондуктан жардам бергим келди", - дейт Кайрат Бостонов.

Форумдагы Grigoriy аттуу колдонуучу “Бала “Ладья” соода борборунда табылды. Оюн-зоок автоматтарынын жанында отуруптур, бул жолу полиция менен аябай жакшы кызматташтык”, - деп жазат.

Eversummer деген колдонуучу түнкү 12де минтип ой бөлүшөт: “Ички иштер бөлүмүнөн азыр эле келдим! Келгендердин баарына рахмат! Азирет азыр ооруканада. Психолог Светлана аябай жардам берди. Азирет өзү үйдөн кетип калганына карабай сонун бала экен".

Fatalshadow: Үйгө келдим, дем алыш күндөрү бирөөнү издеп, таап алсаң, кийин бир жума жакшы маанайда жүрөсүң!".

Көрсө, Азирет өзү үйүнөн кетип калып, табылган соң “үйүмө барбайм” дептир, ага психолог чакырылып, бала ооруканага жеткирилген.

Азиреттин апасы арызын Ички иштер бөлүмүнө жана “Лиза Алертке” да таштаган.

“Лиза Алерттин” ыктыярчылары 3 күн бою Азиреттин классташтарын сурамжылашкан, класс жектечилери менен маектешкен, балдар ооруканаларына чалып турушкан.

Консул Айжигит Буранов каралбай калган балдардын көйгөйү Москвадагы кыргыз эмгек мигранттарынын арасында чоң көйгөй дейт.

- Бизге адам издеп көп кайрылышат, биз тартип коргоо органдары менен гана иштеше алабыз, кимдир бирөө жоголсо, жашаган жери боюнча ички иштер бөлүмүнө кайрылышы зарыл. Көчөдө калган балдар көбөйдү, алардын ата-энелери бар, бирок жашоо шартына байланыштуу балдарын жакшылап карай албай калышкан.

Москванын Билим берүү департаментинин маалыматы боюнча 2012-жылдын январь айында эле 14 кароосуз кыргыз бала катталган, аларды ата-энелери таштап кетишкен.

Азиретти издөөгө көмөктөшкөн Кайрат Бостонов эмгек мигранттарынын арасында маалымат алмашуунун жолдорун түзүү өтө маанилүү дейт. Анын байкашынча, эмгек мигранттарынын көбү жаштар, алар “Вконтакте” социалдык тармагында көп отурушат, ар биринин чөнтөк телефону бар.

“Кыргызстандан учуп кетип жатышканда, мигранттарга керектүү даректер жазылган китепче да берилиши керек”, - дейт Кайрат Бостонов.

“Кыргыз биримдигинин” башчысы Абдыганы Шакиров мигранттардын арасында интернет менен тааныш адамдар көбөйүшү керектигин белгилейт.

Менин байкашымча, Орусиядагы кыргыз диаспораларынын, элчилик менен мигранттардын ортосунда, негизи эле ар тараптуу маалымат көпүрөлөрү курулган эмес. Ыкчамдуулук да ошондуктан аксайт.

Эмгек мигранттары ушунчалык көп болгондуктан, бөтөн жерде күнүгө жок дегенде бир адам кырсыкка учурайт. Жаны жылдан бери эле Кыргызстанга 23 сөөк жөнөтүлдү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG