Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

“Вечерний Бишкек” гезитине ким көз артууда?


“Вечерний Бишкек” пайданы негизинен рекламадан табат.
“Вечерний Бишкек” пайданы негизинен рекламадан табат.

“Вечерний Бишкек” гезити рейдерлик басып алууга кабылып жатканын айтып чыкты.

Шаардагы Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарды.

Экс-президент Аскар Акаевдин тушунда гезиттин көзөмөлдүк пакет акциясы анын күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин колунда болгон. Таасирлүү, көп нускалуу жана өтө кирешелүү гезиттин айланасындагы окуяларга саясий боек берилип, түрдүү божомол айтылып жатат.

“Вечерний Бишкек” гезити соңку окуя боюнча кыскача гана комментарий таратты. Анда гезитке таандык “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясынын соттун чечими менен мурунку негиздөөчү Александр Рябушкинге берилиши рейдердик басып алуунун башталышы деп айтылат. “2000-жылы Рябушкин өз үлүшүн Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге саткан, ал кийинчерээк жасалма документтер менен бүтүндөй гезитти ээлеп алган, эми ошол окуя дагы кайталанып жатат” деп айтылат билдирүүдө. Гезиттин редакциясы бул иштердин артында таасирлүү аткаминерлер турганын кыйыткан, бирок президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси жоктугун баса белгилеген. Мындан көп өтпөй эле Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов жергиликтүү маалымат каражаттарга гезиттин айланасындагы окуялар боюнча комментарий берди. Анда ал соттун чечимин Кыргызстандагы маалымат мейкиндигине кесепетин тийгизген көрүнүш деп сыпаттады.

“Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимов бул окуяны саясат, алдыдагы шайлоо менен байланыштырды:

- Гезиттин ээси Александр Ким өтө бай киши. Мурда саясий нукка өтүп алып, Адил Тойгонбаев менен күрөшкөн киши эле. Рябушкиндин пайда болуп, “Вечерканы” колго алганы жатканы саясатка байланыштуу. Анткени эки революция болду. Акаев качкандан бери 10 жыл өтүп кетиптир. Кайсы гана доо арыз болбосун, мөөнөтү өтөт. Ошон үчүн Рябушкиндин эми гана пайда болушу саясатка байланыштуу. Кимдин өзүнүн капиталы 80 миллион доллардын тегерегинде деген маалымат бар. Менимче Ак үй жактагылар ушуга кызыгып, келерки шайлоодо колдонолу деген эле ниет болуп жатат окшойт.

“Вечерний Бишкек” Кыргызстандагы эң көп нускалуу жана киришелүү гезит. Пайданы негизинен рекламадан табат. Анын жума күнкү саны 38 миң нускада чыгат.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев гезиттин айланасындагы соңку жагдайды сөз эркиндигине чабуул катары сыпаттоодон, саясий түс берүүдөн абайлап турат. Мурунку бийликтердин тушунда аткаминерлерди бул гезиттин кирешеси гана кызыктырганын белгилейт:

- “Вечерканын” айланасындагы көп жагдайлар бүдөмүк. Анын акциясы кимдин колунда болгон, кимден кимге кантип өткөнү белгисиз. Саясий кызыкчылыктар болуп жатабы, же экономикалык кызыкчылыктарбы чоо-жайын жакшы билген адам гана айтпаса бирдемени божомолдоо өтө оор. Кимдир бирөөнү кесибине байланыштуу эмес сабап кетсе деле чоңураак чуу чыгаруу үчүн кесибине байланыштырып айткан көрүнүш бар эмеспи. “Вечерка” дегенде эле чочулайм. Анткени бул акчалуу, майлуу-сүттүү жер да. Мурда деле сөз эркиндигин кысымга алуу деген себеп менен эмес, акчасына кызыгышкан. Гезитке Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги кол салды.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев гезиттин айланасындагы бүдөмүк окуяларды териштире турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул маселе тууралуу менин кабарым бар. Жакынкы күндөрү гезиттин юристи менен жолугуп, мыйзамдык жактарын тактагандан кийин өз позициямды билдирейин деп жатам. Документтерди көрбөй туруп бир нерсе деп айта албайм. Бирок көп жыл мурун укугун башка бирөөгө берип койгон адам чыгып, соттон утуп алышы албетте шек жаратат. Ошон үчүн мен келишимдердин баары менен таанышып чыгайын дедим.

Александр Рябушкин азырынча комментарий бере элек. Жогорку Сот да чечим тууралуу түшүндүрмө тараткан жок.

“Вечерний Бишкек” азыр бийликти деле катуу жактабайт, оппозицияны да келиштире сындабайт.

Гезит ушул жылдын башында 40 жылдыгын белгилеген. Президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жөнөтүп, басылманын Бишкекте эле эмес, өлкө турмушунда мааниси чоң деп билдирген.

XS
SM
MD
LG