Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Кумтөр: өкмөт сүйлөшүүлөр үчүн дагы убакыт сурады


Депутаттар ушул күнгө чейин Кумтөр келишими боюнча бир жаңсыл чечим чыгарбаган өкмөттү сындады.
Депутаттар ушул күнгө чейин Кумтөр келишими боюнча бир жаңсыл чечим чыгарбаган өкмөттү сындады.

9-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү эки комитети Кумтөр боюнча быйыл февраль айында парламент кабыл алган токтомдун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Өкмөттүн атынан Жогорку Кеңешке суроолорго жооп берүү үчүн келген вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, 10-декабрда Торонтодо “Центерра голддун” директорлор кеңеши менен кыргыз тараптын сүйлөшүүсү өтөт.

Бирок депутаттар ушул күнгө чейин Кумтөр келишими боюнча бир жаңсыл чечим алып келбеген өкмөттү сындады.

Майнапсыз сүйлөшүүлөр

9-декабрда Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу, ошондой эле Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттери февраль айында Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун аткарылышы жөнүндө өкмөттүн акыркы маалыматын укту.

Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтканына караганда, биргелешкен ишкана түзүү боюнча канадалыктар менен сүйлөшүү майнап бере элек.

- Учурда “Центерра голддун” директорлор кеңеши компаниянын жетекчисинин Кыргызстанга келишине макул болбой жатат. Канада тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азыр биз аларга өзүбүздүн бардык талаптарыбызды билдирдик. Учурда кыргыз тарап, ошондой эле "Центерранын" директорлор кеңеши дагы Торонтодо жүрөт. Эртең (10-декабрда) жолугушуу болот деп күтүлүүдө. Алар менен макулдашкан соң 18-20-декабрда Москва шаарында видео конференция өтөт. Ал конференцияда канада тарап менен негизги талаштуу көйгөйлөр чечилет деп турабыз. Талаштуу маселелер, атап айтканда экологиялык доолор, биргелешкен ишкананын укуктук жана башкаруу түзүмү, AMEC компаниясы берген сунуштарды аткаруу мөөнөтү жана ишканага керектүү көчмө жабдыктарды лизингге алуунун шарттары сыяктуу маселелер боюнча мунаса табышыбыз керек болуп турат.

Чыдамы кеткен парламент

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү ашыкча созуп жибергенин белгилеген Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өкмөттөн конкреттүү маалыматтарды талап кылып, парламент бул боюнча эртерээк чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Азыр өкмөт бизге конкреттүү маалыматтарды берүүсү зарыл. Эми кайра-кайра эле өкмөттү угуп, кайра-кайра талкуулай бергенден эч нерсе чыкпайт. Биз парламентке келгенден бери эле ушул маселени талкуулап келе жатабыз. Бир чечимге келиш керек. Азыр биз өкмөттүн бардык сөзүн угуп отурбай эки гана маселеге токтололу. Алар: Кумтөрдү улутташтыруу боюнча документ же үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумдун жыйынтыгы. Бизге ушуларды айткыла.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, тоо-кен тармагы боюнча адис Шергазы Мамбетов өкмөт менен парламент жылдап бул маселеге чекит кое албай келатканын сынга алды. Ал учурдагы жолугушуулардан жана сүйлөшүүлөрдөн деле майнап чыгаарына ишенбей турат.

Шергазы Мамбетов.
Шергазы Мамбетов.

- Биз Кумтөр боюнча негизги каталарды жана жоболорду чоң отчет кылып, даярдап бергенбиз. Өкмөт аны сүйлөшүүлөрдө колдонбой жатат. Өкмөт, парламент эмне кылып жатышат, түшүнбөйсүң. Азыркы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгып кетет деп күтпөш керек. Мындай жолугушуулар буга чейин өтүп келген. Бирок алардын натыйжасы болгон эмес. Бул маселеде ишти тереңинен билген адистер иш алып барышы зарыл.

Жыйында өкмөт сүйлөшүүлөр жаңыдан гана жандана баштаганын айтып, кошумча мөөнөт зарыл экенин белгиледи. Бирок сүйлөшүүлөр үчүн кошумча мөөнөт берилер-берилбеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында чечилет.

Кумтөр
Кумтөр

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумду жактырган. Анын негизинде өкмөт "Центерра" менен сүйлөшүп, келишимдин долбоорун парламентке алып келиши керек болчу. Башында парламент өкмөткө майга чейин убакыт берген, бирок ал мөөнөт улам жылып отуруп, акырында 15-декабрга чейин өкмөт акыркы чечимин алып келүүгө тийиш экени айтылган.

Ал ортодо Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүштөрүн Канада соту камакка алган болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде Кумтөр боюнча маселе татаал жагдайга кептелди деп айткан эле. Буга байланыштуу өкмөттү да, парламентти да күнөөлөгөн президент Кумтөрдү улутташтыруудан башка Кыргызстандын аргасы калбай баратканын кыйыткан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG