Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

Бишкек-Астана: такташчу маселе арбын


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 3-майда Казакстанга эки күндүк иш сапар менен барды.

Бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Казакстанга эки күндүк иш сапары башталды. Бул анын премьер-министр кызматындагы кошуна өлкөгө болгон алгачкы иш сапарында Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен Астанада жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери тууралуу сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, өнөр жай, транспорт жана чек ара кызматташтыгы боюнча сөз болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Гүлнура Торалиева билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүдө өзгөчө көңүл Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү даярдыгына бурулуп, бул жараянды тездетүү керектиги айтылды.

Торалиеванын маалыматына таянсак, Жоомарт Оторбаев Карим Масимовго Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде 18-апрелден бери кармалып турган Кыргызстандын 240 вагондогу күйүүчү майы тууралуу да кабарлап, өз кезегинде Масимов маселе тез арада чечилерин убада кылган.

Гүлнура Торалиева премьер-министр бул иш сапарда Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саидов, Бүткүл дүйнөлүк банк, Жапониянын эл аралык өнүгүү агенттигинин (JIKA), Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен да жолукканын маалымдады.

Казакстан 240 вагон кара майды кайсы максатта кармап турат?

Өкмөт башчынын Астанага сапарынын алдында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы өкмөткө кайрылып, Казакстанда кармалып турган күйүүчү майды алып келүүгө көмөктөшүүнү суранган эле.

Кыргыз-казак чек арасында 240 вагон күйүүчү май 18-апрелден бери кармалып турат.
Кыргыз-казак чек арасында 240 вагон күйүүчү май 18-апрелден бери кармалып турат.
Ассоциация президенти Медетбек Керимкуловдун айтымында, Орусиядан Казакстан аркылуу ташылып келаткан 240 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат.

240 вагондун 63ү Кумтөргө, 22си “Руснефтке”, алтоо “Востокнефтке” тиешелүү. Казак тарап буга былтыр декабрда кабыл алынган “мунай продуктуларын өлкө аймагынан алып чыгууга алты айга чектөө киргизүү” тууралуу токтому негиз болгонун белгилешкен. Мындан сырткары Орусиядан алынып келаткан вагондордун документтери толук эместиги айтылган.

- Премьер-министрдин Казакстанга сапарынын алдында биз да кат жибердик. Ошол жерден сүйлөшүлүп чечилет деп турабыз. Бул Оштогу газ маселесине караганда эки өлкө чече турган эле маселе деп ойлойм. Азыр бизде күйүүчү май таңкыстыгы жок. Бир жарым айга запасыбыз бар,-
деди Медетбек Керимкулов.

Апта башында “Дордой” базарынын профсоюзунун жетекчиси Дамира Дөлөталиева Кыргызстандан Казакстанга жөнөтүлгөн 30га жакын машина товары менен кармалганын билдирген болчу. Анын айтымында, Казакстан соңку күндөрү чек ара көзөмөлүн катаалдатты.

- Казакстан азыр такыр товар киргизбей жатат. Чек ара толугу менен жабык, бир да килограмм өткөн жок. Эмне үчүн андай болуп жатканы түшүнүксүз. “Дордойдо” соода болбой, эл абдан кыйналды.


Өкмөттү маалымат катчысы Гүлнура Торалиеванын белгилешинче, кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусунда бул маселелер талкууга алынар-алынбасы азырынча белгисиз. Бирок эксперттер мындай абал улана берсе баалар өсүп, Кыргызстандагы айдап-себүү иштери да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

“Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын мурдагы президенти, эксперт Жумакадыр Акенеев кошуна мамлекет менен чек ара, жарандардын кирип-чыгуусун жеңилдетүү, айыл-чарба продуктуларын өткөрүү, күзүндө буудай, унду алып келүү сыяктуу маселелерди азыртадан чечип алуу зарылдыгын белгилөөдө.

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.
- Казакстан күйүүчү майды мурда өткөрүп эле жаткан. Бажы биримдиги 2011-жылдан бери иштей баштаган. Анан үч жылдан кийин, акыркы эки-үч айда туура эмес болуп атат дегени таң калтырчу нерсе. Казакстандан биз мурда газ алчубуз. Азыр “Кыргызгаздын” “Газпромго” өтүп кеткени себеп болуп атабы, айтор ошол маселени сүйлөшүп маселелерди чечүү керек. Биз кааласак-каалабасак дагы кошуна өлкөдөн ун, буудай алабыз. Бир топ азык-түлүк товарлары келет. Чек ара маселеси, жөнөкөй тургундардын чек арадан өтө албай жатканы кыскасы, сүйлөшчү маселе абдан көп. Чек ара көзөмөлүн катаалдаткан менен Казакстан өзүнө керектүү товарларды, эт менен сүттү аткезчилик жолу менен өткөрүп эле жатат.

Оторбаевдин Казакстанга сапары жергиликтүү байкоочулар тарабынан түрдүүчө талкууланып, ар кандай божомолдор айтылууда. Айрым пикирлер боюнча, бул сүйлөшүүнүн артында Орусия турушу мүмкүн. Ага ылайык, расмий айтылбаганы менен Бажы биримдигине кирүү маселеси сүйлөшүүнүн негизги бөлүктөрүнөн болушу ыктымал.

- Биринчи эле кезекте Бажы биримдигине кирүү боюнча маселелер талкууланат деп ойлойм. Анткени буга чейин Орусиядан сырткары, биримдикке мүчө мамлекеттердин президенттери Нурсултан Назарбаев жана Александр Лукашенко бир топ кооптонууну, Кыргызстан сурап жаткан жеңилдиктерди жактырбаган сыяктуу ойлорду айткан болчу. Ошолор боюнча Кыргыз мамлекети ушулар менен макулдашуу үчүн жолугушуусу керек болуп турат,- деди саясий серепчи Эмил Жураев.

Былтыр Евразия экономикалык шериктештигинин декабрдагы жыйынында казак президенти Нурсултан Назарбаев, Бажы биримдигине мүчөлөрдү кабыл алууда эч кандай жеңилдик берилбеши керектигин айткан эле. Оторбаевдин жолугушуусунда ушул маселелер да сүйлөшүлөт деп божомолдоп жатышат. Анткени биримдикке кирүү боюнча Кыргызстан өзү сураган жеңилдиктерге толук жете элек. Экинчиден, Казакстандын ар тараптан көзөмөлдү күчөтүшү азырынча биримдикке кире элек Кыргызстанга жасалган кысым катары да бааланууда.

XS
SM
MD
LG