Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Коогалаң боюнча сот иштерине баа берилди


Июнь окуялары боюнча айыпталып жаткандарга кысымдар болуп, сотто калыс тергөө жүрбөй жатат. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюму билдирди.

“Кылым шамы” укук коргоо борбору Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында жана Ош, Жалал-Абад облустарында июнь коогалаңы боюнча өтүп жаткан сот иштерине 15-январдан 15-мартка чейин байкоо жүргүзгөн. 28 соттук иш боюнча 76 соттук жыйын иликтөөгө алынган.

“Кылым шамынын” жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлшайыр Абдирасулова уюмдун байкоолору тууралуу буларды айтты:

- Байкоо жүргүзүүдө 28 ишти карадык. Анын ичинен он алты иш боюнча соттолуп жаткандар “биз кысым, уруп сабоого кабылдык” деп билдиришти. Бирок сот аларды бир дагы жолу текшерген жок. Алтургай урган издерин көрсөткөн учурлар да болду.

“Кылым шамы” борборунун баяндамасында соттук териштирүүлөрдө айыпталуучуларды кыйнаган, алардын жактоочуларына кысым көрсөтүлгөн учурлар болгону белгиленген.

Сот иштерин карап жаткан сотторго жабырлануучулардын жакындары кысым көрсөткөн учурлар болгондугу, анын айынан соттук териштирүүлөрдө адилет чечим чыгарына күмөн саноолор бар экендиги да айтылган. Бул иштер боюнча жалпы айыпталып жаткандардын саны 87 адам, анын бешөө - кыргыз тектүүлөр.

- Соттордун баары жергиликтүүлөр болуп жатат. Аны ошол жердегилердин баары тааныйт, ким экенин билет, үй-бүлөсүн тааныйт. Ошол эле жерде сот каралып жатат. Бул деген улут аралык жаңжалдын үстүндө болуп калууда. Сотторду алмаштыруу керек. Ошол эле жерде жабырлануучулардын туугандары келип сотторго кысым көрсөткөн далилдер бар.

Абдирасулованын айтымында, сот иштеринде улут аралык теңдикти жана жарандык укуктарды кепилдикке алган жергиликтүү жана эл аралык мыйзамдар тебеленип калган учурлар да аз эмес.

Дооматтар четке кагылды

“Кылым шамынын” аталган отчетту даярдоого катышкан Ош шаарындагы өкүлү Таир Асанов соттук териштирүүлөрдө калыс жана терең иликтөөлөр болбой жатат деген ойдо.

- Соттук өкүм бир гана адамдардын көрсөтмөлөрүнө эмес, башка далилдерге да таяныш керек да. Сот жараяндары учурунда ошол сыяктуу башка далилдер изилденген жок.

Анткен менен отчеттун негиздүүлүгүнөн күмөн санагандар да жок эмес. Жогорку Соттун маалымат кызматынын башчысы Бактыбаев Рысалиев "соттор бир жактуу чечим чыгарып жатат жана жактоочуларга кысымдар болууда" деген айыптоолорду негизсиз деп эсептейт.

- “Кылым шамы” укук коргоо борборунун июнь окуясы боюнча сот жараяндары субъективдүү гана жүрүүдө жана соттор тарабынан жактоочуларга кысымдар көрсөтүлүп жатат деген дооматтарды негизсиз деп эсептейм. Себеби учурда Ош коогалаңына байланыштуу сот жараяндары мыйзам чегинде жана адилеттүү жүрүп жатат деп толук айта алам.

Гүлшайыр Абдирасулова жана Азиза Абдирасулова
“Кылым шамы” уюмунун отчетундагы тергөөчү менен жактоочунун укуктары бирдей болбой, жактоочуларга айыпталып жаткандардын иш менен таанышуу бир топ татаал болуп жатат деген пикирди да Рысалиев четке кагууда.

- Жактоочулар каалаган учурда мыйзам чегинде материалдарды суратып алганга укуктуу. Аны бербей койгонго соттун укугу жок, анткени жактоочу иш менен таанышышы керек.


“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлшайыр Абдирасулованын билдиргенине караганда, уюмдун июнь окуясы боюнча соттук териштирүүлөргө жүргүзгөн байкоолорунун баяндамасы президенттин аппаратына, парламенттин фракцияларына жана сот тармагынын бардык бутактарына жиберилген.

Былтыркы июнь коогасына байланыштуу башталган көп сандаган соттук териштирүүлөрдүн айрымдарына жергиликтүү соттор тарабынан өкүмдөр угузулган. Алардын катарында өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров да бар.

XS
SM
MD
LG