Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ош: Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча сот өкүмү чыкты


Айыпталуучулар сот залында, 8-декабрь.
Айыпталуучулар сот залында, 8-декабрь.

Июнь коогалаңы учурунда Оштун Шейит-Дөбө конушундагы кандуу окуя боюнча сот 6 кишини эркинен ажыратты.

Бул окуя боюнча башкы кылмышкер деп айыпталып жаткан Дилдар Салиев өмүр бою, Фатима Абаралиева 15 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекет пайдасына чегерилди. Мындан сырткары кылмышка тиешеси бар делген эки киши 4 жылга, дагы эки айыпталуучу үч жылга эркинен ажыратылды.

Сот иши ызы-чуу менен коштолду

Буга чейин эки жолу жылдырылып, кайрадан уланган бүгүнкү сот жараяны ызы-чуулар менен башталды. Айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп бүтө электе жабырлануучу тарап аларга асылып, кол салууга аракет кылышты. Тартипке көз салып турган милиция чырды араң токтотуп, жабырлануучуларды тынчтандырышты.

Ызы-чуу басылган соң шаардык соттун судьясы Жолборс Кудаяров 12-июнь күнкү Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуяга башкы күнөөкөр катары Дилдар Салиев өмүр бою эркинен ажыратылганын угузду:
Судья Жолборс Кудаяров

- Сот өкүм кылат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 59-беренесине ылайык, белгиленген жазалар жарым жартылай кошулуп, биротоло Дилдар Салиев өмүр бою эркинен ажыратылсын. Белгиленген жазаны өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында өтөсүн.

Ошондой эле сот 3 адамды өлтүрүүгө жардам берген деп айыпталып жаткан Фатима Абаралиеваны 15 жылга эркинен ажыратты:

- Фатима Абаралиева Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 59-беренсине ылайык, белгиленген жазалар жарым жартылай кошулуп, биротоло 15 жылга эркинен ажыратылсын. Белгиленген жазаны эркиндигинен ажыратылган аялдардын абагында өтөсүн. Сот залынан камакка алынсын.

Мындан тышкары кылмышка тиешеси бар делген Акрам Салиев менен Дилдар Баймурзаев 4 жылга, Хаттамжан Атажанов менен Төрөбай Ноомановдор 3 жылга кесилип, алардын үй-мүлкү да конфискацияланды.

Жабырлануучу тарап сот өкүмүнө канааттанбайт

Соттун мындай өкүмүнө жабырлануучу тарап макул эместигин билдирип, облусттук сотко аппелляциялык арыз менен кайрылаарын айтууда. Кылмышкерлердин колунан мерт болгон балдардын чоң энеси Бүсайра Паизова “Азаттыкка” буларды айтты:
Айыпталуучулар сот залында.

- Бүгүнкү сот өкүмүнө мен канааттанган жокмун. Азыркы күндө тоок урдаган адамга 5 жыл берет. А адам өлтүрүп, ың-жыңсыз көмүп салган кишилерге 3 жылдан, 4 жылдан берип жатат. Буга мен макул эмесмин. Кыргызстанда адилеттик жок. Соттор акчага, коррупцияга малынып калыптыр. Мен ошентип баа берем.

Сот жараянына 4 айыпталуучунун жактоочулары келген жок. Калган экөөнүн жактоочусу да сот аягына чыга электе кетип калышты. Ошол себептүү айыпталуучулар сотко аппелляциялык арыз менен кайрылышабы, жокпу тактоо мүмкүн болгон жок.

Жайкы коогалаң учурунда Шейит-Дөбөдө белгисиз адамдар Алмазбек Раимжановдун аялын, он жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, 15 жаштагы кызын зордуктап, сөөгүн өрттөп жиберген эле. Мурдагы сот жараянында мамлекеттик айыптоочулар бул окуя боюнча айыпталып жаткан алты кишинин баарынын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою жазага тартууну соттон суранган болчу.

Буга чейин маалымдалгандай, жайдагы тополоңго байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча шектүү делип 300 киши кармалган. Июнь окуялары учурунда мерт болгон 429 кишинин денеси табылып, алардын 47си бүгүнкү күнгө чейин таанылбай жатат. Учурда жакындарын жоготкондордон 127 арыз келип түшкөн. Азыр 38 киши дале дайынсыз жок болууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG