Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Концепция жазылды, соттор эркин болобу?


Апрель окуясы боюнча соттук жараяндан, Бишкек. 17-ноябрь, 2010.
Апрель окуясы боюнча соттук жараяндан, Бишкек. 17-ноябрь, 2010.

Кыргызстанда сот системасын реформалоо боюнча концепция иштелип чыкты. Жаңы концепция менен сот бийлиги көз карандылыктан чыгып, бийликтин бир бутагы катары толук кандуу ишке кирише алабы?

Кыргызстанда сот бийлиги аткаруу бийлигинин, тагыраак айтканда президенттин таасиринде болуп келген. Мына ошого жараша Конституциялык сот, Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор саясий буйрутмаларды аткарып келгени белгилүү.

2010-жылдын апрель айындагы ыңкылаптан кийин сот системасын реформалоо негизги маселелерден болгон. Бирок ал ишке ашпай турат. Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, анын иши натыйжалуу болбой түрдүү жаңжалдар менен коштолду.

Сот системасын реформалоо мына ошентип туңгуюкка кептелишине байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев башында турган комиссия түзгөн. Ал комиссия сот системасын реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыгып, президентке өткөн жуманын соңунда жолдоду.

Комиссиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, сот системасын реформалоону президент жүргүзүүгө тийиш. Анткени бийликтин бул институту туруктуу. Ал эми Жогорку Кеңеш жана өкмөт андай эмес.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров болсо парламент таркатылмайынча сот реформасы жылбайт деген пикирде турат. Чындыгында парламент сот системасынын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзө турган “Судьялардын статусу” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алалбай келатат. Акыркы мезгилде буга парламентте кворумдун жоктугу себеп болуп атты.

Сот системасын реформалоо боюнча комиссиянын мүчөсү Шамарал Майчиев концепция Конституциянын талаптарына ылайык жазылганын айтып, сотторду дайындоо тартиби тууралуу буларды билдирди:

- Жергиликтүү сотко талапкерди биз (Сотторду тандоо кеңеши) президентке сунуштайбыз. Президент дайындоодон баш тартса, анда биз ал кызматка конкурс жарыялайбыз. Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларына талапкерлерди биз президентке сунуштайбыз. Ал өз кезегинде Жогорку Кеңешке сунуштайт. Эгерде Жогорку Кеңеш кабыл албаса, жаңы конкурс жарыяланат.

Майчиевдин айтымында, президент Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын судьялыгына сунушталган талапкерди артка кайтарууга укуктуу. Бирок Сотторду тандоо кеңеши 3/2 добуш менен ал талапкерди кайрадан президентке сунуштоого укуктуу.

Сот системасын реформалоо боюнча комиссиянын дагы бир мүчөсү Нурбек Токтакунов жаңы концепцияда акыркы сөз дагы эле президент менен парламентте калганы чочулоо жаратат дейт:

- Концепция өзү жакшы эле болду. Бирок бир маселе менимче, туура эмес чечилип калды. Анткени сотторду тандап атканда акыркы сөздү президент менен парламент айтат. Президент жергиликтүү сотторду тандап атканда, Жогорку Сот акыркы сөздү айтат. Ал эми Сотторду тандоо кеңешинин ролу азайып калат.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев Сотторду тандоо кеңеши сунуштаган талапкерлерди кайра артка кайтаруу укугу президент жана парламентте калышы мурунку системанын сакталышына алып келет деген ойдо:

- Кайра кайтарууга укуктуу дегендин өзү эле коррупциялык схема деп аталат. Ошол эле нерсе. Мурунку система сакталып калат. Эч нерсе өзгөрбөйт.

Мукар Чолпонбаев Сотторду тандоо кеңешин түптөөнү да парламент таасиринен чыгаруу зарыл деп эсептейт.

Дагы бир белгилүү юрист Марат Кайыповдун пикиринде концепция сот бийлигин түзүүдөгү өзгөрүүлөргө жараша жазылды:

- Сот бийлигинин структурасы өзгөрүп кетпедиби. Конституциялык сот жоюлду. Сотторду дайындоо, шайлоо принциптери өзгөрдү. Жаңы орган пайда болду. Ошого жараша өзгөрүү болду. Андан сырткары айырмасы жок. Мурункудай эле.

Жаңы жазылган концепциянын тагдырын президент чечет. Мына ошого жараша сот бийлигинин тагдыры да калчанат. Азырынча сот системасынын толук кандуу иштебей жатышы, өзгөчө Конституциялык палатанын жоктугу өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатканын баары эле моюнга алып турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG