Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Америкалык имам улуттарды ынтымакка үндөдү


Жалал-Абадга барган америкалык имам улут аралык жаңжалды башынан өткөргөн элди бирин бири кечирүүгө чакырды.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин профессору Яхя Хенди эки жыл мурда болгон чатакты унутуп, элди кечиримдүү жана сабырдуу болууга үндөдү.

Жергиликтүү имамдарга кайрылып, ар кыл улуттардын укуктарын сактоого, аялдар менен жаштарды колдоп, билим алуусуна көмөктөшүүгө чакырды:

- Ошол эле учурда биримдик жагынан дагы көп иш алдыда экен. Кайсы улуттан болгонуна карабастан укуктарын сакташыбыз керек. Адамдардын бардыгында адилеттүүлүк жана эркиндик болуш керек. Ошол эле учурда бардыгына билимге болгон бирдей укук болушу керек.

Америкалык окумуштуунун коомдун өсүп-өнүгүшүндөгү имамдардын ролу тууралуу айткандары Дилмурат ажы Орозовду таасирлентти:

- Ар бир имам сүйлөй албай жаткан өтө таасирлүү сөздөрдү айтты. Ынтымак менен биримдикти мындан ары бекемдөө керек. Кудайдын алдына барганыбызда бардыгыбыз тең жана бирдейбиз, дүйнөгө келгенибизде да бардыгыбыз бирдейбиз. Кыргызстандын имамдары ушундай жакшы тилектерди коомго, элге жеткирип турушубуз керек. Элди ынтымакка, биримдикке чакырганы эң зарыл маселелерден болду. Анткени бул маселе биздин Кыргызстаныбыз үчүн болуп көрбөгөндөй өтө зарыл маселе да.

Таш-Көмүрдөгү ислам университетинин мудариси, шаар имамы Мурат Мансуров облустагы кыргыз-өзбек мамилеси аз-аздан жакшырып, алардын арасында куда-сөөк болгондор да бар экенин ортого салды:

- Сабырдуулукка чакырып жатат. Себеби ушул чөйрөдө жашагандан кийин ар башка адамдардын да пикири менен эсептешүү керек экен. Өзүңдүн эле жеке пикириңди таңуулай бербестен алардын да пикирин угуп, түшүнүп, алардын да оюн билиш керек. Карапайым кыргыз-өзбектин мамилеси негизинен жакшы эле. Ортодо күчтөр бар деп атпайбы, ошолор гана элди буруп, элдин агымын агызып кетиши мүмкүн экен. Кыргыздар өзбектерден, өзбектер кыргыздардан кыз алып атат. Мына, кечээ эле Таш-Көмүрдө бир өзбек кызды көлдүк бала алып кетти. Никесин өзүм кыйдым.

Жалалабаддык өзбек тектүү Махамадали Балтабаев аксакал да жакшылыктын белгилери ачык байкалып жатканын тастыктады:

- Жалал-Абадда кыргыз-өзбектер баары бирге болуп келген. Кудалар бар, карым-катыш бар. Тышкы күчтөрдүн айынан тополоң болуп кеткен. Бардыгы мусулман болгону үчүн Куранга таазим кылып, мечити бир, намазы бир, тою менен базары, суусу да бир. Азыркы учурда абал жакшы, бардыгы бирдей аралаш жүрөт.

Америкалык имам Кыргызстанда тынчтык орнотууда жана улут аралык ынтымакка жетүүдө исламдын ролуна көңүл буруу үчүн келген. Диний мударис молдолор менен баарлашкандан кийин Ош жергесине сапар алды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG