Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:16

Мэриянын шайын оодарган жаңы конуштар


Бишкектеги митинг (10.09.15)
Бишкектеги митинг (10.09.15)

Бишкектеги трансформацияланбаган жерде жайгашкан үйлөрдүн ээлери өкмөт имаратынын алдына митингге чыгып, жерлерин мыйзамдаштырууну талап кылышты.

Митингге чыккандар өздөрүн жер басып алып, там салгандардын катарына кошпойт. Бирок эч бир уруксат кагазы жок эле турак-жай курушканын танбайт. “Трансформация” кыймылынын координатору Бекназар Айталиевдин айтымында, өкмөттүн трансформацияга уруксат бербегенинен улам, Бишкек боюнча 17 конуш мыйзамсыз жашоодо.

- Биздин жерлерди трансформация кылбаса, башка дагы адамдар калган жерлерди басып алууну уланта берет. Биз мыйзамдуу жердин ээлерибиз. Бишкектин тегерегинде 17 конушта ушундай көйгөй бар. Биздин жерди трансформация кылып берип, үйлөрүбүздү мыйзамдаштырууну талап кылып жатабыз.

Жер мыйзамдашпайт, эл каттоого алынат

Борбор калаанын чеке белиндеги конуштарды мыйзамдаштыруу көп жылдан берки Бишкек мэриясынын чечилгис көйгөйү. Шаар башчысы Кубанычбек Кулматов жер басып, үй салып алгандан кийин 170 миң адам социалдык кепилдиктерди ала албай жатканын айтууда.

Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Мэрия жарандарды каттоого алууну эп көрүп атса, ошол эле учурда алардын турак-жайын мыйзамдаштырбоону демилгелөөдө. Мындай жол менен жарандар социалдык камкордукка алынып, тез жардам, оорукана жана башка кызматтарды шаардыктар менен тең укукта колдонуп каларын айтышууда. Ал эми басылып алынган жерлер мэрияга тиешелүү болгондуктан, жерди менчикке эмес, ижарага берүү жагын ойлонуштуруп жатышат.

- Биз элди каттоого алып, жер болсо муниципалитетте калат, ижарага беребиз. Жашап жаткан кишилердин бир да документи жок, ошондуктан ар бир адам менен ижара келишимин түзөбүз. Аларга мөөнөтcүз убакытка чейин жерди колдоно бергидей кылып берсек, шаарга карап калат. Биз ушундай сунуш берип жатабыз, депутаттар кандай чечим чыгарат азырынча билбейбиз.

Шаар бийлиги мыйзамсыз жерге тийиштүү документтерди бере турган болсо, массалык жер басып алуу башталат деп коркуп турат. Мэр Кубанычбек Кулматов билдиргендей, Бишкектен жер алам деп 6 миңдей жаран 10-20 жылдан бери мыйзамдуу кезекте турат. Алар өз укугун коргоп, соттошууга чейин барышы турган иш. Андыктан мэрия бул маселеге Жогорку Кеңеш депутаттары жана өкмөт биргеликте киришпесе, абал тереңдеп кеткенин билет.

Бишкектеги митинг (10.09.15)
Бишкектеги митинг (10.09.15)

Эксперт Эрик Рыскулбековдун айтуусунда, мэрия жерди ижарага берген учурда деле жарандар менчиктештирүүнү талап кыла берет. Маселени чечүүдө комиссиялар иштеп, жаңыдан мыйзамды жазып чыгуу зарыл.

- Мэрия мыйзамсыз жерлерди мыйзамдаштыра турган болсо, жер алабыз деп кезекте тургандар дагы жер басып алабыз деп баштайт. Алар дагы туура айтып жатышат. Мунун бардыгын мыйзамдын чегинде чечүү үчүн комиссиялар иштеп, чет мамлекеттердей мунапыс бериши керек. Жалгыз архитектура же муниципиалдык менчик муну чече албай калды.

Партиялардан - алтын убадалар

Ал ортодо парламенттик шайлоого бараткан партиялар Бишкектеги жаңы конуштардын маселесин чечип беребиз деген өңүттөгү убадалар менен шаардын четиндеги тургундардын добушу үчүн ат салышууда. Укук жаатындагы эксперт Борон Жаанбаев, 5-чакырылыштагы парламент чече албаган маселени, кийинкиси чекит коёт дегенге көп ишенбей турат.

- Алар упай топтоо үчүн эле айтып атышат. Шайлоодо добуш керек болуп атат да. Ооба, кээ бир жерди мыйзамдаштырса болот, бирок таптакыр жашоого мүмкүн болбогон жактарды сүрдүрүш керек. Мисалы, электр линиясынын, мүрзөнүн, борбордук таштандынын жанына чейин үй салып алышкан. Аларды баарыбир алыш керек да.

Айдоо жерлерин басып алып, үй салгандардын жерин трансформациялоо мыйзамы буга чейин Жогорку Кеңеште дагы талкууланып, депутаттар бир жыйынтыкка келе албагандан, мораторий күчүндө калган. Бишкектин аймагында 50гө жакын жаңы конуш бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG