Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Азык-түлүк тартыштыгы болбойбу?


БУУнун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда элдин көпчүлүгү тапкан акчасынын негизги бөлүгүн тамак-ашка сарптоого аргасыз.

Бириккен улуттар уюму Кыргызстанда элдин көпчүлүгү тапкан акчасынын негизги бөлүгүн тамак-ашка сарптоого аргасыз экенин, ошол эле учурда тамакты тоё жебеген үй-бүлөлөр көп экенин маалымдаган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, быйыл Кыргызстанда буудайдын түшүмү былтыркыга караганда дээрлик 250 миң тоннага аз жыйналды. "Азаттыктын" арай көз чарай талкуусу азык-түлүк коопсуздугуна арналды.

Катышуучулар: Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана сапаты боюнча бөлүм башчы Жумабек Асылбеков, Мамлекеттик матрезервдин жетекчисинин орун басары Каныбек Солтонов жана айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиев.


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:28 0:00
Түз линк



“Азаттык”: Мамлекеттик материалдык резерв фонду быйыл 93% камсыз болгону айтылган. Быйыл азык-түлүк тартыштыгы болбойт деп ишенсек болобу?


Каныбек Солтонов: Антип айтсак болот. Анткени 93% сырткары Орусиядан 100 миң тонна буудай келет деп жатабыз. Андан тышкары биз өкмөттүн тапшырмасы боюнча даярдап жатабыз. Ушул ишемби күндөн тартып телерадио каналдар аркылуу жарыя кетет. Анда шаар, облус борборлорунда ун базар баасынан ылдый сатылары айтылат. Азыр мен сандарды айтууга акым жок. Бир айлык сатыла турган нерсе бар.

Өкмөт деле кышкысын тартыштык болбосун деген маселенин үстүндө үч-төрт айдан бери иштеп атат. Мамлекеттик келишимдер, мыйзамдык келишпестиктер аркылуу көп маселе чечилбей жатат. Мисалы, Казакстан 200 миң тонна беребиз, бирок мамлекеттик кепилдик бергиле деп жатат. Ал эми мамлекеттик кепилдик Жогорку Кеңеш аркылуу же Каржы министрлиги вексель койсо ошол аркылуу чечилет экен. Ушундай маселелер аркылуу чечилбей келатат. Бирок аркыркы 20 жылда 100 миң тонна буудайды мамлекет сактап койду деген болгон эмес. Орусиядан гранттык түрдө берилчү 20 миң тонна буудай 16-ноябрда келет деп айтышты. Андан сырткары 80 миң тоннанын баасы чечилсе, биз сегиз айдын ичинде белгилүү норманы базарга чыгарганга даярдык бар. Комбинаттар менен сүйлөшүлдү.

“Азаттык”: Бириккен улуттар уюму Кыргызстанда элдин көпчүлүгү тапкан акчасынын негизги бөлүгүн тамак-ашка сарптоого аргасыз деп чыгарды. Анктени алган айлыктары аз, баалар кымбат. Кыргызстанда жылда бышыкчылык маалда баанын жогорулашына ким күнөөлүү деп эсептейсиз?

Жамин Акималиев: Бул биздин бийликтин, өкмөттүн, Айыл чарба министрлигинин, облустук, райондук администрация, айыл округдарынын кунөөсү. Буудай боюнча Казакстан менен Орусиядан кол сунуп сурап жүргөнүбүз уят нерсе, башканы сурасак бир жөн. Анын үстүнө эки айдан бери айтып атышат, бир дагы тыйын, бир дагы дан Кыргызстанга түшө элек. Түшсө дагы дүйнөлүк баа менен тоннасы 320 доллардан келиши мүмкүн. Анын өзү алтындан кымбат деген сөз.

Совет доорунда биз 2 млн. тоннага чейин буудай өндүрчүбүз. Ал кезди албай үч жыл мурда, 2009-жылы 1млн. 300 тонна буудай өндүрүп, элибизди толук камсыз кылганбыз. Азыр матрезерв айталбаган себеби – аларда эч нерсе жок. 2009-жылы жок дегенде 200 миң тонна буудайды 10 сомдон сатып коюп койгула, керек болсо интервенция кыласыңар десе болбой элдин баары күйүп кеткен. Ошол бойдон эл да айдабай койду.


please wait

No media source currently available

0:00 0:13:02 0:00
Түз линк



Азыр азык-түлүк баары жакшы, жетиштүү дегендин баары куру сөз. Биз азык-түлүк боюнча жеткен жерине жетип, кризисте турабыз. Эгер өзүбүз калктын 80% камсыз кылсак, ошондо азык-түлүк коопсуздугу камсыз болот деп айтылат. Ушул кезде дан азыктарын 46%, эт 42%, кумшекер 90%, өсүмдүк майы 75%, ал тургай жер-жемишти 28% сырттан алып келип атабыз. Былтыр сырттан алып келинген азык-түлүк үчүн 30 млрд. сом кетиптир. Биз башка өлкөлөргө колдоо көрсөтүп жатабыз дегендик. Азык-түлүк коопсуздугу деген сырттан алып келип эле базарды толтуруп коюу деген сөз эмес. Карапайым эл ошол азыктарды сатып алганга мүмкүнчүлүгү болуш керек. Ушул кезде орто эсеп менен элдин айлыгынын 65% азык-түлүккө кетип атат, былтыр бул 45% болчу. Ал эми колунда жоктордун кирешесинин 80% тамак-ашка кетет.

Азаттык”: Быйыл жаратылыш кырсыктары, сел көп болду. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда буудайдын түшүмү былтыркыга караганда дээрлик 250 миң тоннага аз жыйналыптыр. Жумабек мырза, сиздер тараптан кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Жумабек Асылбеков: Чындыгында мурда миллион тоннадан ашуун буудай өндүрсөк, быйыл аба ырайына байланыштуу, объективдүү себептерден улам аз өндүрүп калдык. Биз айыл чарба тармагына көңүл бурулуш керек деп дайыма айтабыз. Бирок бюджетте акча жок, кээ бир саясатчылар Айыл чарба министрлигинин кереги жок, дыйкандар ансыз деле иштейт деген принципти карманганы үчүн бул тармакка эч кандай көңүл бурулбай калды. Жер айдаган техникалардын 80% эски. Аларды жаңылаш керек, реформа жасаш керек деп министрлик сунуштарды берип жатат. Бирок ишке ашпай жатат.

Быйыл 600 миң тоннадай буудай жыйналат деп болжоп жатабыз. Былтыркыга салыштырмалуу 210 миң тоннадан кем алабыз. Ошону менен биз өзүбүздү өзүбүз буудай менен 47% камсыз кылып жатабыз. Казакстан, Орусия менен келишимдер болуп атат. Жакында 20 миң тонна буудайды гуманитардык жардам катары берүү боюнча Орусиянын токтому чыккан, ал ноябрь ичинде келет деп күтүп жатабыз. Андан тышкары 80 миң тонна буудайдын баасы канча болору жакында министрдин Москвага иш сапары учурунда чечилет деген сөз болууда.

XS
SM
MD
LG