Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

ЕБ Кыргызстанды демократияны өнүктүрүүгө чакырды


Европа биримдиги 2014-2020-жылдары Кыргызстанга 184 млн. евро бөлөрүн жарыялаган. Бул каражаттар үч багытта берилет.
Европа биримдиги 2014-2020-жылдары Кыргызстанга 184 млн. евро бөлөрүн жарыялаган. Бул каражаттар үч багытта берилет.

Кыргызстан менен Европа биримдиги Кызматташуу боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда демократиялык принциптерди өнүктүрүү чакырыгы жана Европа биримдиги тарабынан көрсөтүлө турган финансылык жардамдар жарыяланды.

Анда демократиялык принциптерди өнүктүрүү чакырыгы жана Европа биримдиги тарабынан көрсөтүлө турган финансылык жардамдар да жарыяланды.

18-ноябрда Брюсселде Европа биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуу боюнча кеңешинин 13-отуруму болду. Ага кыргыз тараптан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышса, Европа биримдигинин делегациясын Италиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Бенедетто Делла Ведов жетектеген.

​Европа биримдигинин маалымдоосуна караганда, биримдик кеңештин жыйынында Кыргызстанды 2015-жылы парламенттик шайлоону эл аралык талаптарга ылайык өткөрүүнү жана демократиялык принциптерди өнүктүрүүгө чакырган. Биримдик ошондой эле сот системасын реформалоо, улуттар арасында ынтымакты бекемдөө жана адам укуктарын сактоого да үндөгөн.

Орусия эч убакта реформага акча бербейт. Ал кыйналып калганда жардам сурап барганда бир аз берип коёт. Ал эми Европа ар дайым жардамын берип келген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, кыргыз делегациясы Европа биримдигинин Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоого каражат бөлүүгө үндөгөн. Биримдик бул үчүн 10 млн. евро бөлүүгө убада берген. Кыргызстанда келерки жылы парламенттик шайлоо өтөт. Ал үчүн бюджеттен да 314 млн. сом каралган.

Европа биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуу кеңешинин жыйынында экономикалык абал да талкууланган. Биримдик Борбор Азия регионунда энергетика, суу жана айлана чөйрөнү коргоо багытында кызматташууну жактаган.

Европа биримдиги 2014-2020-жылдары Кыргызстанга 184 млн. евро бөлөрүн жарыялаган. Бул каражаттар үч багытта берилет. Укук багыты үчүн 38 млн. евро, билим берүүгө 72 млн. евро жана айыл чарбасына 72 млн. евро бөлүнөт.

Негизги шарты - демократия

Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин пикиринде, Европа биримдиги Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар сакталып жаткандыгы үчүн жардам берүүдө:

- Менин баамымда, бизди демократиянын принциптеринен кетпесин деп, ошону өнүктүрүү үчүн берип жатат. Бизде демократия жок болсо Европа биримдиги мындай маселени козгобойт эле. Негизинен биз Европа баалуулуктарынан кеткен жокпуз. Мына, сөз эркиндиги, фракциялар, оппозиция дегендер болуп жатат.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Европа биримдиги 20 жылдан ашуун мезгилден бери колдоп келатканын белгилейт. Бирок алар жардамды демократияны өнүктүрүү шарты менен берет дейт:

- Батыш мамлекеттери системалуу түрдө бюджетти, реформаларды колдоп келет. Реформаны алардан башка бир дагы мамлекет колдобойт. Орусия эч убакта реформага акча бербейт. Ал кыйналып калганда жардам сурап барганда бир аз берип коёт. Ал эми Европа ар дайым жардамын берип келген. Биз кандай болгон күндө да, Орусиянын курамына кирип алсак да алар ушул системалык жардамын берет. Бул АКШ жана Европа биримдиги системалуу иш алып барат дегенди билдирет. Анткени алар Кыргызстанда демократияны колдойт.

Равшан Жээнбековдун пикиринде, Батыш мамлекеттери жардам берүү менен бирге демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын сактоо, улут аралык ынтымакты бекемдөө сыяктуу талаптарды коёт жана бул туура.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда, расмий Бишкек Европа биримдигине визалык тартипти жеңилдетүү, кызматташуу жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жаңы келишим түзүүнү сунуштаган.

Европа биримдиги өткөн жети жылдын ичинде 152 млн. евро өлчөмүндө жардам көрсөткөн.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG