Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Ток уурдоонун дагы бир схемасы ашкереленди


УКМК “Түндүкэлектр” ишканасында ири көлөмдө электр энергиясын уурдоого жол ачкан коррупциялык схема ашкереленгенин билдирди.

Буга байланыштуу Энергетика министрлиги да иликтөө жүргүзгөнү жатат.

Ал арада айрым байкоочулар аталган тармакта мындан да чоң коррупциялык көрүнүштөргө “көз жумду” мамиле жасаларын белгилешүүдө.

УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Жоодар Исакуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, аталган орган энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөн. Натыйжада “Түндүкэлектр” ишканасында төмөнкүдөй коррупциялык схема аныкталган:

- Аталган ишкана уурдалган электр энергияны жашыруу үчүн абоненттердин электрондук базасына жок абоненттерди киргизип, алардын эсебине уурдалган электр энергияларды дебитордук карыз катары которуп, кийинчерээк соттун чечими менен жоюп салчу. Мисалы, бир гана Сокулук районунда 2011-жылдын январь-февраль айларында эле ушундай мыйзамсыз жол аркылуу 3 миллион киловатт саат электр энергия уурдалган.

Исакулов мындай коррупциялык схема качан башталып, канчага чейин уланганын, зыяндын жалпы көлөмүн тергөө аныктаарын белгиледи.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров аталган министрлик да бул фактыны териштиргени жатканын айтып берди:

- “Түндүкэлектр” улам эле жетекчилерин алмаштыра берип, азыр бирөөнөн сурайын десең эле мурункусуна шылтайт. Мурункусу болсо жок. Ушинтип бири-бирине шылтаган заман болуп калды. Булар Улуттук электр тармактарынан электр энергияны алышат. Ошол алган жеринен, мисалы, 1 киловатт саат алса, тиги жакка, "Сокулук РЭСине барган жок" деп жок кылып коюшкан. Бул түшүнбөгөндөрдүн жумушу. Аны эптеп да уурдай алган эмес. Ортодон эле жок кылып жиберишкен. Бирок бул абдан чоң мыйзам бузуу. Бир райондун электр тармагы үчүн 3 миллион сом деген чоң сумма. Муну биз албетте иликтейбиз.

Мамыров учурда мыйзамдардагы коррупцияга жол ачкан жылчыкчаларды бүтөө аракети көрүлүп жатканын кошумчалады:

- Коррупцияга каршы ишкер кеңеш жана биздин коомдук байкоочу кеңештин сунуштары менен энергетика тармагындагы мыйзамдарды ревизия кылып жатабыз. Кайсы жеринде коррупциялык схемаларга жол ачкан жактарын аныктап жатабыз. Топ түзүп, министрликтин жобосунан баштап, электр энергиясын сатуу эрежелерин, энергетикалык мыйзамдарды, электр энергиясын үнөмдөө мыйзамдарын иликтеп жумуш алып барып жатабыз.

Ал арада айрым байкоочулар өлкөнүн энергетика тармагында мындан да ири коррупциялык көрүнүштөр көз жаздымда калаарын белгилешет.

“Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жетиштүү аракет көрбөй жатканын сынга алды:

- Чоң-чоң ууруларды кармабай, майда-чүйдөлөр менен ушинтип эски жомокторду айтып жатышат. 2010-жылы 2 миллион сомго чейин зыян алып келген бир контролерду өзүбүз камап, материалдар тергөөгө барса, эки жылдан бери эч нерсе кылбай отурушат. Булар баягыда 15 миң доллар пара берип жатканда кармадык деп жарыялашпады беле. Ошол иш боюнча кандай тыянак чыкты, мага айтып коюшсунчу. Башкы деректирлерге кылмыш иш ачтык деп жарыялашкан. Кандай тыянак чыгарышты? Баарын эле сылап-сыйпап, колдорун чөнтөккө салып, жең ичинен бүтүрүп жатышат.

“Түндүкэлектрдеги” электр энергиясын уурдоого жол ачкан коррупциялык схема боюнча Башкы прокуратура кылмыш иш козгоду. Анын алкагында аталган ишкананын айрым жооптуу кызматкерлери көз бойомочулук кылган жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыпталып жатат.
XS
SM
MD
LG