Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Үшүгөндөгү ойлор


Кыш кычырап кирип келип, газ күйбөй, жарык өчкөндө карайлап калдык. Анан муздак үйдө жатып айылды эстедим. 90-жылдардын орто ченинде биздин айылда электр жарыгы байма-бай өчөөр эле. “Жапайы Роза”, “Карапайым Мария” аттуу мексикалык сериалдар мода болуп аткан кез. Эртең менен ал башталганда жалп этет. Ошону менен түштө күйөт, кечкисин кайра эле ошол көрүнүш. Андайда элдин баары электриктерди сөгөт. Алар болсо "ток бөлүштүргөн станция Жамбылда, ошол жактан өчүрүп атса эмне кылалы" деп актанышат...

Чындап эле ошондой болгонбу же башка себептери барбы, аны карапайым айыл эли кайдан териштирсин? Кыйналып, кысталып колунда бары көмүр менен көң, колунда жогу түнү менен уурданып кыйып келген алтыгана, чычырканагын жагып кыштан чыгышкан. Биз болсо от жагылбаган суук мектепте окучубуз. Сырткы кийимдерди чечпей олтураар элек.

Андан бери далай жыл өттү. Айылга сейрек барабыз, от жакканды деле унуттук. Адам баласы жеңил турмушка бат көнөт тура. Азыр шаар эмес, айылдын өзүндө деле электр көзүн карап калышты таза, ыш чыкпайт, күл чыгарбайсың деп. Бир жагынан телевизоруң, бир жагынан компьютериң иштеп, үйүңдү да жылытат. Кыскасы, электр тогу жок жашай албаган абалга жеттик. Ал өчүп калса ушинтип бир заматта мусаапыр боло түшөт экенбиз. Анан карайлап олтурганда жогору жактагыларды ашаткандарды түшүнсө деле болот.

Жакында эле конуштарды кыдырып келдик. Айрыкча, Келечек, Дордой, Ак-Бата конушунда жашагандардын акыбалын көрүп боор ооруду. Бир бөлмө үйдө бир чөөгүндөн башка идиш батпаган темир меш турат. Морун бир кабат терезенин көзүнөн чыгарып коюптур. Жарык болсо бүлбүлдөп, электр аты эле бар. Бирөөнүкүнө баш баксак, кездеменин кыркындыларын, кагаз коробка жагып олтурат. Бир кап көмүрдү 240 сомго алабыз, аны аяп жагабыз дешет. Үстүндөгү күрмөсүн чечпей үрпөйгөн балдарды көрүп зээниң кейийт. Ага эми кимди күнөөлөйбүз? Чампалап үй салды аты кылып, батирге берген кожоюндубу же арзан болгону үчүн баарына кайыл болуп кепеге киргендердиби?

Айылда деле кыштан кыйналбай чыккандар аз. Өткөндө өмүр бою мугалим болуп иштеген эжейиме капысынан жолугуп калдым. Кытайдын бир жылыткычын сайып коюп, бир бөлмөдө тыгылып отурабыз деп даттанды. Заңгыраган 5 бөлмө үй таштай муздак, анын баарын жылытууга көмүр кайда деп алакан жаят. Көң болсо түт келбейт экен.

Ушундан улам ой келет. Бул эми мурда деле айтылып жүргөн дечи. Балким тезинен энергиянын башка булактарын өздөштүрүүгө убакыт жеткендир.

Жаңылбасам Роза Отунбаеванын тушунда бул боюнча токтомго кол да коюлган. Анан эмнеге иш жай жүрүүдө? Же бизде анын ишке ашуусу мүмкүн эмеспи? Күнөстүү өлкөдө жашап атабыз, арылдап шамал басылбаган аймактар бар.

Эмнеге колдо бар нерсени пайдаланганга болбосун? Батышта күн нурунан, шамалдын кубатынан, суунун агымынан энергия, таза болбосо малдын кыгынан биогаз алуу кадыресе ишке айланганы качан? Биз ага качан аракет кылабыз?

Биогаз демекчи, статистикага таянсак, Кыргызстанда 1 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал, 5 миллиондон ашык кой-эчки бар экен. Адистердин айтымында, мындай шартта биогазды өндүрүү экономикалык жактан да, экологиялык жактан да пайдалуу. Биринчиден, отун кетпейт, экинчиден, абаны булгаган түтүн чыкпайт.

Ошол эле маалда андан чыккан газ мончо, сүт заводун, нан бышырган цехтерди иштетүүгө жарап, акыркы калдыгын жер семирткичке жумшаса болот дешет. Эгер андай болсо азыр айылда мал-жан күткөндөр көп эле, жок дегенде бир көчөгө бирден биогаз өндүрүүчү чакан ишкана куруп алууга неге болбосун? Табигый газ менен көмүрдү сырттан алуу өкмөттүн капчыгын бир топ эле кагып атат. Ал эми энергиянын кошумча булактарына басым жасоо мамлекеттин тыйынын үнөмдөп эле тим болбой, кайра казынага киреше берген турбайбы.
XS
SM
MD
LG