Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Жаңы окуу жылынын эски көйгөйлөрү


№82 мектептин мугалими
№82 мектептин мугалими

1-сентябрь күздүн алгачкы күнү менен бирге окуу жылы да башталып, бул күнү Кыргызстандын 2204 мектеби окуучулар үчүн эшигин ачты.

Салтка ылайык 1-сентябрь – Билим күнүндө мектептерде салтанаттуу жыйындар өттү. Ошол эле мезгилде айрым мектептерде жаңы окуу жылына шайма-шай киргенге чамасы болбой калган жагдайлар да түзүлдү.

Жаңы окуу жылынын башталышы Кыргызстанда майрам экенин көчө толгон ак көйнөкчөн кыздар, балдар билдирип турат. Мектепке агылган окуучулар жайы бою аптапта үргүлөгөн шаарга, көчөлөргө жан киргизип, шаңдантып койду.

Бишкекте 94 мектеп бар. Алардын катарындагы Ала-Тоо конушундагы №82 орто мектеби үчүн бул күн өзгөчө кубанычтуу болду. Анткени аларды президент Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов куттуктап келип, эң негизгиси алар кийинки окуу жылдын ачылышына жаңы мектеп убада кылышты. Мамлекет башчысы билим балага берилген бардык башка ырыскылардан баалуу экенин белгиледи.

- Эки-үч ай мурда “№61 мектепти менчиктештиребиз, 10 процентин кедейлерге беребиз” дегенде кейидим. Демек мен да ушундай мектепке кире албай калмак экенмин да. Керек болсо кедей, жакыр, кыйналгандардын үй-бүлөсүнөн кыйын кыз-жигиттер чыгат. Бөлбөйлү, азыртадан балдарды, мектептерди бөлсөк эмне болот?

Баласынын баштыгын көтөрүшкөн 1-класстын ата-энелери өзгөчө толкунданып алышкан. Алардын бири Айжан Байзеркеева:

- Мектеп тар болгону менен жакшы. Экинчи кызымды 1-класска алып келдим. Уулум 6-класс болуп калган. Толкунданып, кубанып, өзүмдүн 1-класска барганымды эстеп жатам, мектепти бүткөнүмө 20 жыл болуп калды.

10 жылдан бери балдарды окутуп, бөбөктөрдү көргөндө жандана түшүп, чын дили менен иштегени көрүнүп турган 1-класстын мугалими Айнура Абдибалиева педагогдорго үлгү болчудай:

- Ушундай жакшынакай балдарды тарбиялайм деп убада берем. Мен кесибимди абдан жакшы көрөм, балдар менен иштеген жагат. 1-класс менен иштөө канчалык кыйын болбосун, жакшы жактары бар. Айткан нерсеңди аткарып кетсе, жакшы да, сыймыктанам.

Анткен менен бул бир кабаттуу, чакан мектеп 300дөн ашыгыраак орунга гана ылайыкталган. Учурда мында 1200дөн ашуун окуучу окуйт. Жанында курулушу экинчи кабатына жетип калган мектеп имараты канча деген жылдан бери бүтпөйт. Ала-Тоо жаңы конушунда 12 жылдан бери жашап келаткан айыл тургуну Казатбек Жолдошев мектеп тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

- Азыр 1-класска 30 окуучу алып жатат. 34-35 болуп кетсе мугалимдер “катталган жериңердеги мектептерге баргыла” деп, убактылуу жашагандардын, батирдегилердин балдарын албай жатышат. Ушул мектепти бүтүрүп берсе, балдарыбыз шаарга барып убара болбойт эле. Коркобуз, 1-класстын баласы адашып башка автобуска түшүп алса, бирөө алып кетип калса эмне болот?

Ошентип бүгүнкү жолугушууда президент да, Бишкек мэри да "бул мектепке кийинки жылы киресиңер" деп сөз беришти.

Борбор калаадагы мектептерде 35-37 миң орун жетишпейт. Ал эми республика боюнча мектептер быйыл 1,5-2 эсеге ашыкча толтурулганы айтылган.

Жаратылыш кырсыгынан жапа чегип, чатырда билим берип жаткан 13 мектептин үчөөнүн гана имараты колдонууга берилүү алдында. Өлкө боюнча курулуп жаткан 91 мектептин 73ү дале бүтпөгөн бойдон калды.

Жыл сайын айтылып келген кадр маселеси боюнча билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучунун орун басары Догдуркүл Кендирбаева буларды айтты:

- Жыл башында ар бир райондо орточо 100дөй кадр керек делсе, азыр 15-18 мугалим жетишпейт. Кыргызстандын эң чоң району, 134 билим берүү мекемеси бар Кара-Суу району бүгүнкү күндө 34 окутуучуга муктаж.

Ал эми окуу китеби менен өлкө 64 пайыз камсыз кылынды. Адабий китептердин өтө аздыгы, мектептердин эскилиги, окутуу усулунун алсыздыгы жана кадрлардын сапатын эске албаганда, жаңы окуу жылы ушундай маселелер менен башталды.
XS
SM
MD
LG