Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кендирбаева: Кыргызстан жаңы окуу жылына даяр


Жаңы окуу жылына даярдык тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстандын мектептери жаңы окуу жылына даярбы?

Догдуркүл Кендирбаева: Дээрлик даяр. 2204 мектеп өзүнүн 1 миллион 15 800 окуучусун күтүп жатат. Мектеп имараттары кезектеги ондоп-түзөөдөн өттү. Ага республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнсө, жергиликтүү бюджеттер, ар кандай донорлор 88 миллион сомдук каражат менен камсыз кылды.

Кыргызстан боюнча 91 жаңы мектеп салынып жатат. Анын 18и 1-сентябрга карата, калгандары жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул мектептерди салууга мамлекеттик бюджеттен 662 миллион сомдой каралып, азыр анын 616 миллиону иштетилди. Андан башка жергиликтүү бюджеттен, донорлордун жардамы менен курулган мектептер бар. Менин билим берүү тармагындагы көп жылдык тажрыйбамда мамлекеттин колдоосу быйыл жакшы.

“Азаттык”: Каржы министрлиги менен “Учкун” басмаканасынын ортосундагы түшүнбөстүктөн улам ушул окуу жылына пландалган окуу китептеринин жарымы чыкпай калганы маалым. Бул маселе эмне болду?

Догдуркүл Кендирбаева: 47 түр китепти биздин министрлик тендердин негизинде, белгиленген мөөнөттө даярдап жатат. Калган китептер үчүн Каржы министрлиги тендер өткөргөн, аны “Учкун” басмаканасы даярдаш керек болгон. Ушул жерде маселе бар. Бирок бул көзөмөлдөнүп жатат. Маселени толугу менен чечүү Каржы министрлигинин укугу.

“Азаттык”: Чатырда окутуп жаткан мектептер быйыл имаратка киришеби?

Догдуркүл Кендирбаева: Чатырда окуп жаткан 13 мектептин 5и салынып, 3ү пайдаланууга берилет. Калганы салынып жатат.

“Азаттык”: Орус мектептерде Орусиядан чыккан китептер менен окутула турганы, бул идеологияга кооптуу экени айтылып келет. Аларга башка өлкөнүн китептерин колдонууга уруксат берилгенби?

Догдуркүл Кендирбаева: Жок, берилген эмес. Бул маселе катуу көзөмөлгө алынды. Жакында “Русский мир” кору менен сүйлөшүү өттү. Алар Орус-славян университетинин алдында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө, билим стандартына, баалуулуктарга ылайыкташтырып чыгарган орусча окуу китептерин көп эмес өлчөмдө мектептерге акысыз таратып берүүдө. Улуттук идеологияны чагылдырган китептерди чыгаруу министрликтин башкы максаты болуп эсептелет.

“Азаттык”: Орус тилдинде окуткан мектептер кыргыз мектептерине караганда дале абройлуу, көпчүлүк ал жакта окууну каалайт. Мунун себеби эмнеде, эки түрдүү мектепте окутуу усулу эки башкачабы?

Догдуркүл Кендирбаева: Биринчиден, жакынкы өлкөлөрдөн кыргызстандыктар эң көп Орусиянын эмгек рыногунда иштеп жатат. Орусча окуу муктаждыгы бар. Экинчиден, балким орус мектептеринде окутуу иши өзгөчө уюштурулгандыгында болсо керек. Кыргызстанда орус тилин үйрөнүүгө болгон аракет дале жогору. Мисалы, бир да орус улутундагы адам жашабаган айылдарда дагы ата-энелер орусча окуткан класстардын ачылуусун каалап жатышат.

“Азаттык”: Мектептердеги эң эски окуу китеби кайсы жылы чыккан?

Догдуркүл Кендирбаева: Ар кандай. Так илимдер, мисалы, математика боючна китептер чыкпашы мүмкүн. Бирок азыр министрлик окуучунун билгичтигин жана көндүмүн калыптандыруучу багыттагы жаңы окуу китептеринин үстүндө иштеп жатат.

Кандай китеп менен окутуу мугалимдин чыгармачылыгына байланыштуу. Мисалы, 20 жыл мурда чыккан “Война и мир” китебин кошумча адабият катары колдонушу мүмкүн. Анткени бизде кошумча адабият жетишпейт.

“Азаттык”: Болжол менен окуу китептеринин канча пайызы жаңы, канчасы эски?

Догдуркүл Кендирбаева: Азыркы окутуу программасына ылайык китептер 64 пайызды түзөт. Жыл ичинде Каржы министрлиги менен “Учкун” тарабынан кармалып жаткан китеп дагы чыкса, жалпы 75 пайыз камсыз болуп калат.

“Азаттык”: Мугалимдердин жетишсиздиги быйыл канча пайызды түзөт?

Догдуркүл Кендирбаева: Ушул жылдын апрель айында 2500дөй мугалимге суроо-талап болсо, бюджеттик негизде билим алган 1890 мугалим мектептерге жөнөтүлүп жатат. Айлыктын жогорулашы менен мугалимдердин активдүүлүгү байкалып жатат. Жыл башында ар бир районго орточо 100 кадр жетишпесе, азыр 15-18 окутуучу керек.

Жогорку окуу жайлар менен макулдашып, акыркы курста окуп жаткан болочок педагогдор мектепте 1 жылга чейин практика өтө турган болууда. Бул маселени сентябрга карата чечип жатабыз.

“Азаттык”: Мектептерде орун 1,5 эсеге чейин тартыш экени айтылууда. Бул маселени кантип чечесиздер?

Догдуркүл Кендирбаева: Бул боюнча министрдин тапшырмасы бар. Маселени окуучуларды коррупциясыз кабыл алуу менен чечели деп жатабыз. Ишти жаңы чаралар аркылуу чечүүдөбүз, жыйынтыгы кийинки жылы көрүнөт.
XS
SM
MD
LG