Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Ири ишканаларга электр кубаты үчүн баа жогорулашы мүмкүн


Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Кирешеси чоң ири ишканалар, сауна жана ресторандарга электр кубаты үчүн баа жогорулашы мүмкүн. Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” маек курду.

- Америкалык Tetra Tech компаниясы Кыргызстанда изилдөө жүргүзүп, электр кубатынын өздүк баасы 1 сомдон 2,3 сомго чейин өсүшү мүмкүн экенин айткан экен. Министрлик бул тыянактарды кандай кабыл алууда?

- Америкалык Tetra Tech компаниясы үч сценарийди белгилеп кетти. Биринчиси, эгер тарифти 1 сомдун тегерегинде калтырсак энергетика системасынын техникалык сапаты ого бетер төмөндөйт, бир нече жылдан кийин элге электр кубатын толук бергенге мүмкүнчүлүк болбойт деген жыйынтык.

Экинчиден, баа да, энергетика тармагы да ушул калыпта тура берет. Үчүнчүсү, эгер баа көтөрүлсө энергосистема өнүгөт (1 кВт/с үчүн 2,3 сом төлөнөт – авт.). Аталган компаниянын өзүнүн көз карашын айтып, иликтөөнүн жыйынтыгын бизге берди, биз карап чыктык. Чындыгында анын көп нерселери туура, ошол багытта иштеп жатабыз.

- Кайсы вариантын көбүрөөк туура көрүп жатасыздар?

- Министрлик экинчи деле, үчүнчү деле вариантын жактырат эле. Бирок биз бүгүн андай нерсеге бара албайбыз, тарифти бир жылдары көтөрүп көргөнбүз. Эгер жогорулаган бааны эл көтөрө албаса, дебитордук карыз ого бетер көбөйүп кетет.

Жөн эле тариф көтөрүлдү деп планга киргизип койгон менен акча чогулбайт. Ошондуктан быйыл калкка тариф көтөрүлбөйт. Бирок кирешеси чоң, ошол эле убакта электр кубатын көп деле пайдаланбаган сауна, казино, ири компанияларга бааны көтөрөлү деп карап жатабыз.

Тариф саясаты өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен макулдашылат. Ошондой мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, азыр президентке жөнөтүлдү.

- Tetra Tech компаниясы Кыргызстанга энергетика тутумуна инвестиция керек деп айткан экен. Инвестиция тартуу жолдору каралып жатабы?

- Инвестиция керек, ал 20 жылдан бери эле келип аткан. Бирок ал жаңы объектилерге кетти. Таласта, Ысык-Көлдө жана Баткенде жаңы подстанция курулду.

Чындыгында 1970-80-жылдары курулган электр линиялары техникалык жактан абдан начар. Бирок азыр аларды оңдойбуз деп тарифти көтөрө албайбыз, аны эл да көтөрө албайт. Эл аралык донор уюмдардан насыя алып атабыз.

Дүйнөлүк банктан 35 млн. доллар насыя маселеси чечилди. Андан сырткары Азия банкынан 44 миллион жана Германия банкынан алынган каражаттар чоң подстанцияларга кетет. Мындан сырткары өлкө түштүгүнө “Датка” подстанциясын курууга Кытай менен 208 млн. долларлык келишимге июль айында кол коюлганы турат.

- Акаев учурунан бери эле подстанциялардын эскилиги жеткени айтылып келет. Быйыл конкреттүү канча подстанция оңдолот же жаңыланат деп пландап жатасыздар?

- Чындап келгенде Акаев убагында деле декларациядан башка ылдыйкы чыңалуу линияларына тыңгылыктуу каражат жумшалган жок. Аны биз моюнга алышыбыз керек. Бир-эки жылдын ичинде Чүй жана Бишкектин тегерегине 35 млн. доллардын тегерегиндеги долбоорду ишке ашырабыз деп турабыз. Ошто былтыркы окуяда да бир топ линиялар күйүп кеткен. Ошолордун баарын быйыл кышка чейин чечкенге аракет кылабыз.

- Коммерциялык жоготуу канча болуп атат? Өткөн жылдарда абдан чоң болуп, коомчулукта да бир топ талкуу жаратты эле?

- Комерциялык жоготуу техникалык жоготууну кошкондо аябай эле көп. Былтыр 27% жакындаган, быйыл аны орто эсеп менен 19,5% жеткиребиз деп иштеп жатабыз.

- Бир жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли абдан түшүп кеткен. Быйыл кандай болот деп болжолдоп атасыздар?

- Быйыл суу көп, бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун көлөмү 17 млрд. куб метр. Суу жетишет жана электр энергиясын экспорт кылганга да бизде мүмкүнчүлүк бар.

- Электр энергиясын Борбор Азияга экспорттоо маселеси козголду эле. Азыр ал иштер кандай жүрүп жатат?

- Биз январдан тарта эле экспортту токтоткон жокпуз. Эгер бир жылда 12 млрд. куб метр суу келсе, былтыр 19 млрд. суу келген. Бир-эки айдын ичинде да жакшы эле суу келет. Кыштан бери Казакстанга экспорттоп атабыз.

XS
SM
MD
LG