Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Оторбаев: Инвесторго жагыш кыйын


Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Инвестициялык климаттын жакшы же жаманын кайсы параметрлер менен аныктаса болот?

- Дүйнө боюнча “бизде инвестициялык климат идеалдуу” деп айткан бир да мамлекет жок. Соңку эки жылдан бери ишкерлерге жакшы шарт түзүү боюнча көп иш жасап келатабыз. Бул багытта мыйзамдар кабыл алынууда. Бирок алдыда дагы көп иш турат. Премьер-министр да ушуну айтууда. Биринчи кезекте биз мыйзамдардын жакшы иштешин камсыз кылышыбыз керек. Экинчиден, коррупция менен күрөш. Үчүнчүдөн, келген инвесторго инфраструктура түзүп берүү – жол салып, электр өткөрүү...

- Сизге инвесторлордон көп даттануу түшөбү?

- Инвесторлор келет, бирок бул жерде бир нерсеге көңүл буруу зарыл. Ишкерлер эч качан өкмөткө ыраазы болбойт. Салык төлөө, текшерүүдөн өтүү ишкердин жеке өзүнө зарыл эмес. Албетте накта инвесторлор бул милдеттерди аткарып, мыйзам чегинде иштөө керек экенин жакшы билет. Өкмөт бул жерде консенсус таба билиши зарыл. Иштеген инвестор сөзсүз салык төгүүгө милдеттүү. Себеби ал акча мугалим, доктурлардын айлык акысын төлөөгө кетет.

Мыйзам чегинде иштеш керек. Мына, айрым тоо-кен долбоорлорун мисалга алсак. Инвесторго көңүл бурбай, аны көзөмөлдөбөй коюп... Анан алар жаратылышты талкалай башташат. Албетте инвесторлордун өз талабы бар. Бирок мыйзам боюнча иштөө керегин алар да жакшы түшүнүшү керек.

- Өлкөдө жеке секторду өнүктүрүү боюнча стратегия иштелип жатыптыр...

- Ал стратегияда “Кыргызстан жеке инвестор үчүн бейиш болушу керек” деп түз эле жазылды. Негизги жолдор – мыйзам, коррупцияга каршы күрөш жана инфраструктура. Азыр ал стратегиянын майда-чүйдөсүн тактап, планын жазып жатабыз. Инвестициялык климатты жакшыртуу кыргыз өкмөтү үчүн приоритеттүү багыт болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG