Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:11

Кара-Балта: экология менен акчанын кармашы


Кытайлык мунайды кайра иштетүүчү заводун куруу иштери 2009-жылдан бери жүрүүдө.
Кытайлык мунайды кайра иштетүүчү заводун куруу иштери 2009-жылдан бери жүрүүдө.

Акыркы үч жылдан бери кытайлык China Petrol Company ишканасы Кара-Балта шаарында мунайды кайра иштетүүчү завод куруп атат. Кыргыз өкмөтү бул өндүрүш ишке кирсе, күйүүчү-майлоочу май менен жабдуу өлкөдө жеңилдейт деп ишендирүүдө. Жергиликтүү калк болсо бул иштер экологияга жана жарандардын саламаттыгына терс таасирин тийгизет деп каршы чыгышууда. Бул аралыкта курулуш аймагында жашаган элди көчүрүү иши уланууда.

Кара-Балта шаарынын четиндеги ПМК районунун Пальмиро Тольятти көчөсүндө бир кабаттуу үйлөр каз-катар тизилип турат. Бул үйлөр 2009-жылы курула баштаган “Жунда” мунай заводуна чектелген 300 метрдик санитардык аймакка кирет. Заводдун адамдын саламаттыгына таасири терс болгондуктан, ишкана жергиликтүүлөрдүн талабына ылайык, 2011-жылдан баштап батирлерди сатып ала баштады.

Жергиликтүү калктын эки жылдан бери коюп келаткан талаптарынын негизинде акыркы эки жылда завод 60 турак үйдүн ар бирин 10 миң доллардан 30 миң долларга чейин сатып алды.

Азыр эми бул жердеги 60 чакты батирде эч ким жашабайт. Ээсиз, ээн көчөдө баратып, четки үйлөрдүн бирине барып токтогон ак түстүү машинени көрүп, артынан бардым. Башкалардан айырмаланып, бул үйдө Евгений Скрипаев үй-бүлөсү менен дагы эле жашап аткан экен.

Макаланын аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Башкалар үйлөрүн 2012-жылдын аягында бошотуп бериптир. Скрипаев батиринин баасы боюнча заводдун жетекчилиги менен тил табыша албай, азыр деле сүйлөшүүлөрдү улантып келатат.

“Болбой калса, биз жалгыз жашай беребиз”, - дейт бул жерде жубайы жана тогуз жаштагы баласы менен турган Евгений Скрипаев.

- Алар мен каалаган сумманы бербей жатышат. Сунуштаган 20 миң долларга мен үй сатып алалбайм, анткени үйлөр кеминде 40 миң доллардан башталат. Мага меникиндей, ушундай көлөмдөгү, эки гараж, жер тилкеси, сарай менен үй сатып берсин. Алар берген акчага мен бир бөлмөлүү батир эле алам. Эмне үчүн мен башка жакка көчүшүм керек? Мен буга макул эмесмин.

Евгенийдин жубайы Ирина Скрипаеванын айтымында, бул заводдун курулушу жанында жашагандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат:

- Биздин балабыз азыр кыйналып атат, ар кандай дарыларды ичип жүрөт. Биз заводго барып, балабызды, анализдерди көрсөтсөк, "силер анализдерди сатып алгансыңар, балаңардын ден соолугу жакшы" деп айтышты. Биз Бишкекте кымбат анализдерди жасадык. Балабызда аллергия бар, ал дене тарбия сабагына катышпайт, дем алуусунда проблема бар, анткени курулуп жаткан заводдо чаң көтөрүлүп, сырдалып, химиялык реакция болуп атат. Дарыгерлер жазып беришти, менде анализдердин баары бар.

Ошентип Пальмиро Тольятти көчөсүндө бош батирлер менен жолбун иттердин арасында жашаган Скрипаевдердин үйүндө тиричилик кадимкидей өтүп жатса, анын артында завод курулушу тынбай жүрүп атат.

Үйлөрдүн жанында алыстан жалтырап көзгө урунган 20 чакты узун жана чоң мунай сактоочу челектер турат. Ушул эле жерде администрациянын кеңсеси жайгашкан. Кытай, кыргыз, орус өңдүү жумушчулар ар кандай объекттерди куруп, жер казып жатышат.

Ээн калган көчөлөр
Ээн калган көчөлөр
Кытайлык “Жунда Чайна Петрол Компани” ишканасынын Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводу 2013-жылдын август айында ишке киргизилет деп пландаштырылууда.

“2009-жылдан бери курулуп келаткан завод жылына 800 тонна чийки мунайды иштетип, АИ-80, 92, 95 үлгүдөгү бензинди, дизелдик жана майлоочу май, андан сырткары кыстырылган газды чыгарып бермекчи”, - дейт компаниянын юристи Жаркын Боржоева.

- Завод эки бөлүктөн турат: биз отурган жер – бул чийки жана даяр продукцияны сактай турган кампа, ал эми мунайды кайра иштетүүчү завод болсо бир чакырым алыстыкта жайгашкан. Эки объект чийки мунайды тиги жакка айдап, даяры бул жерге келген түтүктөргө байланышкан. Завод 70 пайызга даяр. Жергиликтүү калк тоскоол кылбаса, бийликтин өкүлдөрүнүн жардамы менен август айында ишкана алгачкы продукцияны чыгарууну пландаштырып атат.

Боржоеванын айтымында, кытай тарап бул заводго 250 миллион доллар инвестиция салган жана жаңы 600 жумуш орун ачып берет. Чийки мунай Казакстан менен Орусиядан келип, даяры Кыргызстандын ичинде өндүрүлүп, ал эми чыгымдар алты жылдын ичинде акталат деп күтүлүүдө.

Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары, бул долбоорду көзөмөлдөгөн Туратбек Жунушалиевдин баамында, мындай чоң завод эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи курулуп, өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бергендиктен өкмөт долбоорду толук колдойт.

- Абдан зарыл объект, себеби республиканы күйүүчү май менен камсыз кылыш үчүн 1,2 миллион тоннанын тегерегиндеги көлөм керек. Эгер бул 850 миң тонналык заводубуз иштеп калса, биз бир топ эле мунайзаттын көз карандысыздыгына ээ болобуз. Себеби мунайды өзүбүз алып келип, бензинди чыгарабыз, жумуш орундары да пайда болот, жергиликтүү, сапаттуу бензибиз болот.

Ошол эле учурда Техникалык жана экологиялык бузуулар боюнча мамлекеттик инспекция текшерүүдөн кийин куруу иштеринде бир нече мыйзам бузууларды ашкерелеген.

Инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаевдин маалыматы боюнча, завод курулуш иштерин башкы пландан айырмалуу, уруксатсыз жүргүзүп, жердин астынан суу чыгарып, энергоподстанция куруп, түтүктөрдү суу каналынын жанында орнотуп, жердин астындагы канализацияны нормадан четтеп казып жатат.

Бул завод боюнча маселе Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде да каралып, мыйзам бузуулар боюнча аткаруучу бийликтин органдарына көзөмөлдөө тапшырмасы берилген деп айтты анын төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев. Анын сөзүнө караганда, завод 2009-жылдан эле мыйзам бузуулар менен курула баштаган.

- Кыскасы, Кытайдан келип бул ишкана эч кандай уруксатсыз, генпланын бекитпей, көпчүлүк каталар менен кура башташкан. Анан документсиз курарын куруп алышып, эми азыр баарын тактап жүргөн убагы. 2009-жылы бийликте ким болгонун өзүңүз билесиз да, кагаз үстүндө болбосо да, оозеки “коркпой кура бергиле, биз жооп беребиз” деген сөз болсо керек. Ошондой эле болду да, антпесе Кытайдан келип алып, биздин жерибизде бир нерсе куруш кыйын.

Анткен менен бул курулушка каршы болгон карабалталыктар дээрлик шаардык ичине кирип калган ишкана экологияга, жарандардын саламаттыгына терс таасир этип жатат деген жүйөнү кармап келатышат.

Кара-Балта шаарынын активисти, “Асыр” аттуу экологиялык коомдун төрагасы Карыпбек Сереңов 2010-жылдан бери тынбай заводдун курулушуна каршы чыгып келатат. Анын пикиринде, завод ишке киришкенден кийин шаарда экологиялык абал кыйла начарлап, тургундардын, айрыкча балдардын ден соолугуна зыян келтирет.

- Эң негизги жаман жери – завод кумдуу жерде турат. Ар кандай нерсе жерге тез сиңет. Ал жакта 18 суу скважинасы бар. Биз айтып атабыз: эгер завод иштечү болсо, мунай сөзсүз скважинага барат, булгайт, анан эл суу аркылуу ооруйт.

Карыбек Сереңов
Карыбек Сереңов
Завод менен Кара-Балта шаарынын ортосу ашып кетсе он мүнөттүк жол. Сереңовдун пикиринде, бийлик өкүлдөрү бул ишкананы шаардан алысыраак жерге көчүрүү өтүнүчүн колдобой койду.

- Бизди туура түшүнүңүз. Биз заводго таптакыр каршы эмеспиз. 2010-жылы завод салына берсин деп айтканбыз, бирок ылдый жагында. Себеби мониторинг жасагандан кийин Кара-Балтада диоксиддер, токсиканттар көп болуп кетти. Адегенде биз ушуну жок кылалы.

China Petrol Company ишканасынын президентинин кеңешчиси Шатман Борбуев техникалык жана экологиялык бузуулар боюнча мамлекеттик инспекциянын долбоор менен курулуп жаткан иштерде шайкеш келбеген маселелер бар экенин айтып, анын үстүндө алар иштеп жатканын билдирди.

- Завод кытайлык, заманбап технологиялар боюнча курулуп атат. Кытайлык инвесторлор менен адистер коопсуздук боюнча маселелерин эске алып, айлана-чөйрөгө залакасын тийгизбей, Евро-3 стандарттык продукцияга чыгарат. Маселенин баары биздин нормалар советтик, ал эми технологиялар заманбап болгону үчүн эле чыгып атат.

Заводго башында 100 метрдик гана санитардык аймак эсептелип, жергиликтүү тургундарга эч кандай залакасы болбогондуктан алар менен эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок деп түшүндүрдү.

- Башында бул заводдун кубаттуулугу 300 миң тонна болот деп пландаштырылган. Ал жерде завод өзү да, сактаган кампасы да болмок. Бирок кийин кытай инвесторлор анын кубаттуулугун 800 миң тоннага чейин жогорулатуу боюнча чечим кабыл алып, заводду экиге бөлгөн. Анан ушундай чечим кабыл алынгандан кийин бизде жергиликтүү тургундар менен проблема башталды. Албетте заводду башка жерде курууга деле мүмкүнчүлүк болгон, бирок кытай тарап аларга экономикалык жана стратегиялык жактан ыңгайлуу жерди тандашты: жанында Бишкек-Ош жолу, Казакстан чек арасынын жанында, келечекте Чымкенттен Кара-Балтага, андан ары Кытайдын Шиң-Жаң уйгур автономдук районуна түтүк өткөрүү боюнча пландар бар.

Ал эми Кара-Балтанын тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө ишканага карата бир кылка жооп болгон жок:

"Мен анын курулушуна каршымын, шаарыбыздын экологиясын бузуп жаткан ишкананын эмне кереги бар?"

"Оң эле карайм. Бош отургандан көрө ал жакта иштеп, акча тапкан жакшы эмеспи. 600 жумуш орун пайда болот деп атышат. Мисалы, өкмөт мынча орун менен каяктан камсыз кылат?"

Ал ортодо санитардык аймакты нормага ылайык 300 метрден 500 метрге чейин кеңейтүү боюнча кыргыз өкмөтү менен кытайлык компаниянын ортосунда сүйлөшүүлөр бүткөнү маалым болду. Маалыматка караганда, China Petrol Company эми Пальмиро Тольятти көчөсүнө жанаша жайгашкан дагы 44 батирди марттан баштап сатып алууга киришет.

XS
SM
MD
LG