Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Көмүскө экономика көрүнбөгөн бойдон


Кыргызстандын айыл чарбасы минималдык көрсөткүчтөр менен калууда.
Кыргызстандын айыл чарбасы минималдык көрсөткүчтөр менен калууда.

Кыргызстан өкмөтү быйылкы жылы ички дүң өнүм өткөн жылга салыштырмалуу 7% өсөт деп белгилеген. Жылдын биринчи айында көрсөткүчтөр андай болжолдун аткарылышынан кабар береби?

2012-жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн оор жыл болду. Кумтөрдүн начар иштеши жалпы көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизип, жыл 1% төмөндөө менен аяктады.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи айында ички дүң өнүм 6.5% өскөн. Кумтөр менен кошкондо өнөр жайы 13.6% өсүш берген. Бирок бул өсүш өткөн жылы ушул мезгилдеги өтө төмөндөөлөрдү толуктай албайт. Анткени өткөн жылы өнөр жайы 2011-жылга салыштырмалуу 30% төмөндөп кеткен.

Кумтөр алтын ишканасы
Кумтөр алтын ишканасы
Айыл чарбасы минималдык көрсөткүчтөр менен калууда. Маселен, быйылкы жылдын биринчи айында 1.5% өсүш берген. Экономиканын маанилүү тармактарынын бири болгон курулуш январда дээрлик 7% өскөн. Бирок бул өсүштү да канааттандырарлык деш кыйын. Анткени 2012-жылы курулуш тармагы 2011-жылга салыштырмалуу 28% ылдыйлаган.

Кыргызстан экономикасындагы дагы бир талылуу маселе, экспорт менен импорттун катышында тескери сальдонун өтө көптүгү. Маселен, 2012-жылдагы Кыргызстандын экспорту 2 млрд. долларга жакын болсо, импорту 5 млрд. 373 млн. доллар болгон. Тескери сальдо 3.5 млрд. долларга жакындап барган.

Экономикалык эксперт Мейманбек Абдылдаев быйыл да өкмөт убада кылган 7% өсүш болбой калышы мүмкүн, анткени инвестиция жок деп эсептейт:

- Инвестиция дагы эле келбей жатат. Мисалы үчүн, айыл чарбасына, башка тармактарга инвестиция жок. Акыркы он жылда биздин экономика орто эсеп менен алганда 3.5-4% өсүптүр. Быйылкы жылы деле ошондон ашкан өсүш болбойт.

Абдылдаевдин пикиринде, ага Кумтөрдүн бир жаңсыл болбой жатышы да терс таасирин тийгизет.

Дагы бир экономист Сүйүнбек Сырдыбаев Кыргызстан экономикасына бир жактуу баа бериш кыйын, анткени анын жарымы көмүскөдө жатат дейт:

- Биздин экономиканын жарымы көмүскөдө болсо, анда расмий статистика менен кантип аны эсептейбиз? Ошол көмүскө экономикадагы акчалар ачыка чыгып калса, маселен чоң заводдор, фирмалар кирешесин көбүрөөк көрсөтүп койсо эле биздин экономика өсүп кетип жатат. Көрсөтпөй койсо эле биздин экономиканын өсүшү басаңдап калып жатат.

Сырдыбаевдин айтымында, кыргыз экономикасында сандар менен манипуляция абдан көп болуп жатат. Ошондуктан реалдуу баа бериш кыйын.

Кумтөр маселесине токтолгон Сырдыбаев бул компаниянын быйылкы жылы канча салык төлөөрү да белгисиз дейт. Анткени былтыр алдын-ала төлөп койгон деген маалыматтар айтылган.

Салык боюнча мамлекеттик кызматтын кабарлоосуна караганда, бул кызматтын жылдык жыйыны 12-февралда болот. Мына ошондо көп нерсе каралат. Ал эми быйылкы жылдын биринчи айында, салык 100 пайыздан ашык жыйналды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG