Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Кризистен сактаган көмүскө экономика


Өкмөт былтыр өлкө экономикасынын төмөндөшүн Кумтөр ишканасы начар иштегени менен түшүндүрүп келатат.
Өкмөт былтыр өлкө экономикасынын төмөндөшүн Кумтөр ишканасы начар иштегени менен түшүндүрүп келатат.

Кыргызстандын статистикалык кызматы өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык ички дүң өнүмдүн көлөмү 2011-жылга салыштырмалуу дээрлик бир пайызга кыскарган.

Өлкө экономикасындагы ылдыйлоону бийлик Кумтөрдөгү авария менен түшүндүрүп келатат. Анын натыйжасында Кумтөр 2012-жылы начар иштеп, пландагы көрсөткүчтөргө жетише албай калган. Мунун натыйжасында жалпы өнөр жай тармагы 20% төмөндөгөн.

Жыл ичинде инфляция 7.5% жеткен. Анын өсүшүнө азык-түлүккө, өнөр жай товарларына жана тейлөө тармагында баалардын көтөрүлүшү себепкер болгон.

Экономиканын тармактарынын ичинен Кумтөрдү кошпогондо тоо-кен тармагы 22%, энергетика, газ өндүрүү 5.2%, курулуш 17% өскөн.

Өлкөнүн соода балансында тескери сальдо үч эседен ашып кеткен. Маселен, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандын экспорту 1 млрд. 482 млн. долларды түзсө, импорту 4 млрд. 825 млн. долларды түзгөн. Тескери сальдо 3 млрд. 343 млн. доллар болуп кеткен. Мындай шартта улуттук валюта сомдун жана финансы системасынын туруктуу болушуна эмгек мигранттарынын акча которуулары, көмүскө экономиканын көптүгү таасирин тийгизип жатканы айтылып келатат.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин маалыматы боюнча, эмгек мигранттарынын жылдык акча которуусу расмий маалымат боюнча 1 млрд. 800 млн. доллар, а иш жүзүндө 2.5 млрд доллардан ашуун. Бул каражат өлкө экономикасына иштеп, керектөөнү дурус абалда кармап турат. Башкача айтканда, эмгек мигранттарынын салымы менен үй, автоунаа жана эл керектөөчү товарларга жогору талап сакталууда.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маекте, импорт менен экспорттун ортосундагы чоң ажырымды Кыргызстандын реэкспорт борборуна айланышы менен байланыштырды. Ошондой эле көмүскө экономиканын көптүгү, мамлекеттик кирешелүү ишканалардын кирешеси бюджеттен кыйгап кетип жатуусу да мурунку бойдон калып жатканын кошумчалады.

Экономист Азамат Акелеев көмүскө экономиканын көптүгүнөн калк 2012-жылдагы төмөндөөнү жакшы байкабай калды дейт:

- Бизде көмүскө экономика абдан чоң. Ошондуктан бизде кризис, экономиканын ылдыйлаганы анча байкалган жок. Башка өнүккөн же көмүскө экономикасы азыраак мамлекет болсо, мынчалык ылдыйлаганда тез арада эле элге билинмек. Анан социалдык толкундоолорго алып келмек. Бизде расмий эмес экономика көп болгондуктан ушундай болуп, катуу билинбей калып жатат.

Азамат Акелеев өткөн жылы өкмөт дурустап инвестиция тартпаганын жана реформаларды терең, масштабдуу жүргүзө албаганын да кошумчалады.

Экономика жана антимонополдук министрлигинин маалыматы боюнча, көмүскө экономика 39% түзөт. Мындай ишкерлер кирешелерин жашырып, салык төлөбөй, лицензия албай жүрүшөт. Анын натыйжасында бюджет 40% киреше жоготууда.
“Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн мыйзамдарды өзгөртүп, ишкерлер үчүн салык төлөө ыңгайлуу болгондой шарт түзүү жана салык жашырганы үчүн жазаны катаалдантуу зарыл”, - дейт министр Темир Сариев.

Экономика министрлиги 2013-жылы 7% өсүш болоорун болжоп жатат. Өкмөт жана бул министрлик 2012-жылы андан да көбүрөөк өсүштү убада кылган эле, бирок анысы ишке ашпай калды. Быйылкы жылы кандай болоорун мезгил тастыктайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG