Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

“Түндүкэлектрдеги” кызыкчылыктар тиреши


“Түндүкэлектр” ишканасы жумуш орундарын кыскартуу аркылуу оңолууну көздөп жатканын билдирүүдө.
“Түндүкэлектр” ишканасы жумуш орундарын кыскартуу аркылуу оңолууну көздөп жатканын билдирүүдө.

“Түндүкэлектр” ишканасынын кыскартууларга каршы болгон кызматкерлери 29-майда нааразычылык акциясына чыкты.

Алардын айтымында, ишкананын жетекчилиги жана директорлор кеңеши туура эмес кадр жана экономикалык саясат жүргүзүүдө. Бирок директорлор кеңеши айыптоолор менен макул эмес. Алар ишкананын кызыкчылыгы үчүн кыскартуулар мындан ары да улана турганын айтууда.

“Ширшовдун схемалары” иштеп жатабы?

29-майда “Түндүкэлектр” ишканасынын Бишкектеги башкы кеңсесине ишкананын кыскартууга каршы чыккан кызматкерлери чогулду. Алардын айтымында, “Түндүкэлектр” ишканасында айтылуу “Ширшовдун схемалары” бүгүн да уланууда. Алар буга Ширшовдун учурунда иштеген Алымбек Баймуратовдун кайрадан коммерциялык директор болуп иштеп жатканын мисал келтирүүдө. “Баймуратовду болсо директорлор кеңешинин төрагасы Өмүрбек Кожеков менен анын мүчөсү Сапарбек Аргынбаев колдоп келүүдө”,- дейт өзү кыскартууга туш болгон Бактыяр Касымов.

- Директорлор кеңеши Алымбек Баймуратовдун колу менен ылайыктуу адамдарды кызматка коюу менен гана алек. Ал эми жетечиликке каршы чыккандарды эптеп шылтоо таап сотко берип, жумуштан айдап жатат. Эгер ал да колунан келбесе, кыскартуу жолу менен бир бөлүмдү толук жоюп жиберишүүдө. Бир аз убакыт өткөрүп, аты эле өзгөргөнү болбосо, ошол кызматты түзүп, башка адамдарды жумушка алган учурлар бар.

“Түндүкэлектр” ишканасынын чечимине ылайык, Бишкектеги электр энергиясын сатуу кызматы да кыскартууга туш болгону турат. Өзгөртүүгө ылайык, анын жетекчиси жана орун басары кызматтары жоюлуп, ишкананын борбор калаадагы райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери башкы кеңсеге түз карап калмакчы. Бирок буга кызмат орду кыскарып жаткан Бишкектеги электр энергиясынын сатуу кызматынын башчысы Нурлан Кайдуев нааразы. Ал эми энергетик Бийназар Бердикеев болсо, Директорлор кеңешинин жана ишкананын башкы директорун сынга алды:

- Директорлор кеңеши өздөрү шайлап, өздөрү кайра кетирет. Советтер союзунан бери келе жаткан система бар, мислы ким шайласа, анын ишке жарамсыздыгы үчүн ошол жооп бериши керек. Булар тажрыйбасы жок, инженер эмес электриктерди алып келишет, анан кайра алышат. Азыркы жетекчи Кадыркуловдун кесиби зоотехник да.

Ишкананы кыскартканыбыз кыскарткан

Ишканадагы кыскартуулар жана оптимизация иштери башталгандан бери айрым бөлүмдөр толугу менен жоюлса, башкалары бириктирилген. “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев буларга токтолду:

- Кадрлар бөлүмү менен иш алып баруу бөлүмүн бириктирдик. Капиталдык салым, тышкы инвестициялык байланыш бөлүмүн коштук жана дагы бир структураны жойдук. Азыр Талас району менен Талас шаарын бириктирип, бир гана орган тейлесин деп жатабыз.

Аргынбаев эгер бүгүнкү өзгөртүүлөр жана кыскартуулар улантылбаса, энергетика тармагында эч убакта оңолуу болбойт деген ойдо.

- Бул нааразычылыктардын артында атайын бир топ бар. Алардын колдоочулары бийликте, Энергетика министрлигинде да бар. Мен бир гана мисал келтирейин, административдик башкарууда 179 кызматкер бар экен. Эң кызыгы, анын 79у бухгалтер. Эгер буларды уксак, анда электр энергиясына тарифти көтөрөлү. Элдин баарын электр тармагына жумушка киргизип салалы, иштей берсин эптеп-септеп.

Ал эми директорлор кеңешинин төрагасы Өмүрбек Кожеков бардык каршылыктарга жана тоскоолдуктарга карабай, кыскартуулар, бөлүмдөрдү бириктирүү иштери улана турганын айтты. Ал ишкананын стратегиясы менен макул болбогондорду сотко кайрылууга чакырды.

- Бул кадамга барбасак, оптимизацияны жасай албайбыз. Бизде 3200 кызматкер бар. Ушунча адам “Түндүкэлектр” ишканасына керекпи? Кээде карасаң, чай ичип, бирине-бири ушак айтып отурган кишилер толтура.

“Түндүкэлектр” Кыргызстандагы негизги бөлүштүрүүчү төрт компаниянын бири. Ал Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарын электр энергиясы менен камсыздайт.

XS
SM
MD
LG