Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Өкмөт электрди үнөмдөөгө чакырды


31-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт үйүндө энергетиктер менен өлкөдөгү энергетикалык абалды талкуулады.

Анда премьер-министр Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сауна, авто жуучу жайларды жана курулуштарды жылытуу үчүн электр кубатын пайдаланып жаткандарга чектөө киргизүү тапшырмасын берди.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев да элге кайрылуу жасап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр жагууга чакырды.

Осмонбек Артыкбаев коммерциялык абоненттерге чектөөлөрдүн киргизилишин электр энергиясы чектен көп колдонулуп жатканы менен түшүндүрдү.

- Сауна жана авто жуучу жайларда электр кубатын пайдаланууну азайтуу керек. Себеби азыр электр энергиясы аз. Казакстандагы чектөөдөн кийин андан бетер азайды. Мисалы, курулуштарда электр кубатын ашыкча колдонуп жатышат. Шыбактарын кургатыш үчүн колдонгондор бар. Ушунун баары электр энергиясынын жалпы элге жетишине тескери таасирин тийгизип жатат.

Артыкбаевдин айтымында, коңшу Казакстанда жаңы "Алма" подстанциясы иштей баштаганына байланыштуу Кыргызстандын түндүк аймагында электр системасына күч келип, 27-декабрдан 30-декабрга чейин күндүзгү убакта чектөөлөр киргизилген болчу. Бирок Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугун көтөрүп, дагы башка чараларды көрүү менен ал чектөөлөр толугу менен алынган. Башкы энергетик калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, бирок атайын маал-маалы менен жарыкты өчүрүү болбойт деп ишендирди.

- Эч кандай чектөө, өчүрүү болбойт. Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугун 300 мегаваттан 350 мегаватка көтөрдүк. 1,5 миң тонна отунду көбүрөөк жагып жатабыз. Бирок биз элден электр энергияны абдан үнөмдүү колдонуусун суранабыз. Колдонулбаган лампочкаларды өчүрүүңүздөрдү суранабыз. Үйдү электр энергиясы менен жылытканды азайтып, мүмкүн болушунча көмүргө өтүүңүздөрдү суранабыз.

Декабрь негизинен жылуу болгону менен январдын алгачкы күндөрү суук болчудай. Синоптиктердин маалыматына таянсак, айрым аймактарда түнкүсүн 20-25 градуска чейин суук болору айтылууда. Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев өкмөттүн кышка даярдыгын ортодон төмөн деп баалайт.

- Кышкы даярдык чындыгында өтө төмөн. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан аз. Энергетика министри толугу менен кышка даярбыз деп айткан. Бирок андай болбой жатат.

Өкмөттүн кышка даярдыгы алдыда сууктун деңгээли менен сыначудай. Анткени, мурдагы жылдары өкмөттүн даярдыгын кышкы суук, аны менен катар электр тармагындагы күтүүсүз авариялык өчүрүүлөр даана көргөзгөн.

XS
SM
MD
LG