Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Эшек окуясы ишкерлер чөнтөгүн эңшерди


Эшек этинин чуусу кафе-ресторандардын ишин солгундатты
Эшек этинин чуусу кафе-ресторандардын ишин солгундатты

Эшек эти жана анын айланасындагы ызы-чуу тамак-аш менен бизнес кылгандарга эгебейсиз чыгымдарды алып келди.

Бул окуянын арты менен көзөмөл органдар коомдук тамактануучу жайларды текшерип, жапчусун жаап жатат. Ал эми “ак жерден күйдүк” деген ашкана ээлери кирешеси азайганына нааразы. Ал ортодо “эл караган бетибизди жер каратты” деген парламент депутаттары дүйнөлүк прессага чыгып кеткен окуянын тыкыр иликтенишин талап кылууда.

Окуядан улам кафе-ресторандарга, тез татым жайларга баргандардын саны азайды. Бул абал эт жана эт азыктарына байланышкан ишкердикке олуттуу кесепетин тийгизүүдө.

Шаардагы белгилүү кафелердин бири - “Өзгөчө беш бармакты” иштеткен Аскар Шаршенбеков "бул айда кантип салык төгөбүз" деп бушайман.

- Самсыкана, ашкана, кафелердин баары чыгымга учурап жатат. Бул айда салыкты кантип төлөрүбүздү билбейм. Азыр жумушчулардын айлыгын эптеп таап берип жатабыз. Бир жагынан Кыргызстан дүйнөгө шылдың болду. Ушуну кылгандарды өкмөт аныктап, жазасын берсин. Бирөөнүн айынан баарыбыз жабыр тартып отурабыз.

"Өзгөчө бешбармак" кафесинен тартылган сүрөт
"Өзгөчө бешбармак" кафесинен тартылган сүрөт

Дүкөндөрдө колбаса, фарш өтпөй калып, эт азыктарын даярдаган ар кандай цехтерде иш солгундады. Ишкерлер мамлекеттик органдар эшек этин алган жайларды аныктабай жатканына нааразы. Алар “бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп жатат дешип, элди такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө үндөшүүдө.

Кантсе дагы бул окуя борбор калаадагы 150дөн ашык коомдук тамактануу жайлардын, борбор калаадагы эт саткан жерлердин, дүкөндөрдүн текшерилишине себеп болду. Бирок эшек эти азырынча биринен да табыла элек. Текшерүүнүн жыйынтыгында талапка жооп бербеген бир-эки кафенин ишмердиги токтотулуп, колбаса чыгарган бир цех жабылды. Буга чейин текшерүүлөргө маани бербеген айрым тамактануучу жайлар акыр-чикиринен арылып, текшерүү качан кирип келет деп кулак түрүп отурган чагы.

Бишкек шаардык ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Шамен Сыдыков текшерүү уланарын билдирди:

- Азыр Бишкек шаарындагы кафе, ашканалардын баарын текшерип жатабыз. Айрымдарына эскертүү бердик, айрымдарын жаптык. Эми кафелер да сестенип калышты. Биз да текшерүүнү улантабыз.

Ош базарында жасалган самсылар
Ош базарында жасалган самсылар

Ошентип, Кыргызстандагы эшек этинин чуусу эл аралык прессага да чыкты. Учурда Кыргызстандан сыртка расмий түрдө эт азыктары экспорттолбойт. Бирок айрым адистер Бажы биримдигине кирип, сыртка эт азыктарын экспорттойбуз деп турган өлкө үчүн бул окуя ага терс таасирин тийгизет.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев акыркы окуя тамак-аш тармагы көзөмөлсүз калганын көрсөттү деген пикирде:

- Бизде тамак-аш боюнча стандарттар жакшы иштебей турганын көрүп жатабыз. Стандарттарды мыйзам менен катуу көзөмөлгө алуу керектигин акыркы окуялар көрсөттү. Эми мындан кийин сабак болор деп турабыз. Болбосо мындай көрүнүштөр экономикага терс таасирин тийгизет.

Азырынча бул окуядан ишкерлер канча каражатка чыгым болгонун расмийлер эсептей элек.

24-февралда Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде 601 эшектин союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, буга чейинки эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок бул иш менен алектенген ишкана эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Алардын айтымында, эшек эттери келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан. Бул боюнча териштирүү иштери аягына чыга элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG