Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Доллар ашуу алдында тыныгууда


Бишкектин акча алмаштыруучу жайлары.
Бишкектин акча алмаштыруучу жайлары.

Улуттук банк жыл жыйынтыкталар чакта 16 ирет акча базарына чыгып, 37 млн. доллар сатты. Азырынча сомдун АКШ акчасына катышы туруктуу кармалып турат.

Улуттук банк соңку бир айдан бери доллардын курсун 76 доллардан ашырбай кармап келатат. Кыргыз акчасынын кунун кетирбеш амалында башкы банк жаңы жылдын алгачкы күнүндө 9 млн. 100 миң долларды сатыкка чыгарды.

Өлкөдө доллардын курсу жасалма жол менен кармалып турганы көпчүлүккө маалым. Аткаруу бийлиги үчүн акча саясаты барган сайын татаал маселеге айланып баратат.

Банктарды чектөө башталды

Долларга карата суроо талаптын өсүп баратканын эсепке алган Улуттук банк коммерциялык банктардын баарында долларды сатууга чектөө киргизген. Улуттук банк АКШ акчасына чектөө киргизилбегенин улам-улам ырастаганы менен, коммерциялык банктардан иш жүзүндө каалаган өлчөмдө долларды сатып алуу мүмкүн эмес.

Бишкектеги банктардын көпчүлүгү киши башына күнүнө 500 доллардан ашык сатпоо чечимин кабыл алышыптыр. Атын айтууну каалабаган “Росинбанктын” кызматкеринин ырасташынча, ири суммада доллар сатып алууну каалаган жарандар бир нече банктан сатып алып, акчасын толуктап жатышат.

- Биз 500 доллар гана сата алабыз. Мындай чектөө киргенине эки ай болуп калды. Калганын башка банктардан барып сатып алышыңар керек. Башкалары деле ар кайсы банкты кыдырып сатып алып жатышат.

Ал ортодо жеке акча алмаштыруучу жайларда “доллар жок” деген жоопту көбүрөөк угууга болот. Акча алмаштыргыч Тимур Радаевдин айтуусунда, элден түшкөн долларды кайра эле башкалары сатып алышат. Көпчүлүк эл доллар 100 сомго чыгат деген кыңыр кептерден улам акчасын иштетпей үйүндө сактап отурушат.

- Доллар сурагандарга бар акчабызды эле берип жатабыз. Элден алабыз, дароо эле сатабыз. Мурдагыдай доллар сакталбай калды. Эл долларды сатып алып үйүндө сактап жатышат. Ошондуктан ала турган акчалары деле калбай калгандай сезилип атат.

Абалды кармаган интервенция

Долларга суроо-талаптын өсүп жактанын Улуттук банктын кийинки аракеттери да далилдеп берет. Акыркы айда башкы банк 17 жолу акча базарга чыгууга мажбур болду. Бул жагынан ал рекорд койду десек деле жарашат. Улуттук банктын маалымат бөлүмүнүн адиси Айгүл Молдобекова:

- Декабрь айында коммерциялык банктарга 37 млн. 100 миң доллар сатылган. Акыркы жолу 4-январда 9 млн. 100 миң доллар интервенция кылынды. Жалпысынан декабрь айында 16 жолу долларды сатыкка чыгардык.

Экономисттер доллардын курсу өлкөдө жасалма жол менен кармалып келатканын, АКШ долларына карата сомдун курсу көпкө созулбай кайра эле жогорулай турганын айтышууда. Азырынча коммерциялык банктарга долларды сатуунун арты менен АКШ акчасы бир айда туруктуулукту сактаганы менен валюталык резервдин да чеги бар экенин экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев айтат.

- Доллар биринчи кезекте өлкөнүн экономикасына көз каранды. Экономика алсыз болуп турганда Улуттук банк кайсы бир деңгээлге чейин интервенцияны жасап, стабилдүүлүктү кармай алат, бирок анын да чеги болот. Казакстан менен Орусиядагы абалга байланып калганбыз да. Ал жакта экономика жакшырса, бизге да оң таасирин тийгизмек. Бирок Улуттук банк дароо долларды эркин агымга коё берип салса, эл кыйналып кетет. Ошондуктан валюталык резервдин мааниси чоң болуп жатат.

31-декабрга карата Улуттук банктын эл аралык валюталар резервинин орточо көлөмү 1 млрд. 700 млн. долларга жетти.

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров Улуттук банктагы валюталар кору бир гана долларды саттыкка чыгарууга багытталып калганын туура эмес көрүнүш дейт.

- Бул резервдер жалгыз эле сомдун туруктуулугун эмес, үч айлык импортту жапканга арналат. Ошондой эле бир жылдык өкмөттүн карыздары болсо, ошону да жабыш керек. Ошондуктан резерв азайган сайын экономика туруксуз боло берет. Улуттук банк өзүнүн саясатын өзгөртүп, экономиканы колдоого өтүшү керек.

Сатып алуулар сом менен

Адистер кыйладан бери Орусия менен Казакстандан импорттолуп жаткан күйүүчү май, товарларды рубль жана теңге менен эсептешүүгө өтүүгө үндөөдө. Ал эми өлкө ичиндеги сатып алуулардын бардыгы сом менен жүргүзүүнү тездетпесе доллардын бекемделгени улана берери шексиз.

Анткен менен өкмөттүн сатуу жана сатып алууларды сом менен жүргүзүү боюнча демилгеси ордунан жыла элек. Монополияга каршы агенттиктин жетекчиси Болсунбек Казаков, мыйзамга өзгөртүүлөр эми гана жазылып, өкмөткө жиберилгенин “Азаттыкка” айтып берди.

Азырынча өлкөдө доллар менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатууга эч ким тыюу сала элек. Ушундан улам зарыл учурда доллар издеп убара болгондор аз эмес. Ал эми импорт бир жарым эсе экспортко басым кылып тургандыктан, Экономика министрлиги 2 млрд. доллар өлкөдөн тыш чыгып кеткенин маалымдоодо. Бул таңсыктыкты Улуттук банк эл аралык валюталык резервдерди сатып толуктоого аргасыз. Анын натыйжасында 4-январда коммерциялык банктарга 9 млн. 100 миң доллар сатылды.

Доллар алмаштыргандар азайды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

XS
SM
MD
LG