Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Депутаттар доллардын кымбатташына тынчсызданууда


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар сомдун курсун кармап туурууга жетиштүү чара көрүлбөй жатканын сындашууда. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова насыя алгандардын маселесин эртерек карап, чечип берүүнү өкмөттүн өкүлүнөн суранды. Айрым эл өкүлдөрү бул багытта жасалып жаткан чаралар тууралуу маалымат алуу үчүн өкмөттү, Улуттук банктын жетекчисин угууну сунушташты.

Бишкектин акча алмаштыруу жайларында 25-ноябрда кечке жуук бир доллардын сатуудагы баасы 76,5 - 77 сомго жетти. Бирок акча алмаштыруучу жайлар доллар жок дешип мындай курс менен да сатпай жатышат.

Улуттук банк 24-ноябрда 15 млн. 420 миң доллар интервенция жасаган. Бирок кырдаал турукташа элек. Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллардын баасы 73 сом 43 тыйын. (КЕ)

XS
SM
MD
LG