Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кендер боюнча аукцион үзгүлтүккө учурады


Өкмөт 11 алтын жана 1 көмүр кенин аукцион сатыкка алып чыгууну июлда чечкен.
Өкмөт 11 алтын жана 1 көмүр кенин аукцион сатыкка алып чыгууну июлда чечкен.

28-августта КТРКнын түз обосу аркылуу коомчулуктун катышуусунда башталган кендерди сатуу аукциону үзгүлтүккө учурады.

Аукциондун башталбай жатып үзгүлтүккө учурашына “Асаба” партиясынын, “Кыргызстандын жаңы күчтөрү”, “Эрдем” ,“Жаңы күч” сыяктуу уюмдардын мүчөлөрүбүз деген жарандардын студияга күтүүсүз кирип келип, тоскоолдук жаратканы себеп болду. Натыйжада КТРК телерадио аркылуу түз көрсөтүүнү токтотууга аргасыз болду.

Нааразы тарап “Туулган жерибизди сатпайбыз", "Мекен сатылбайт" деген ураандар менен чыгып, аукционго чыгарылган кендер ыплас жол менен сатылып жатат деген сыяктуу билдирүүлөрдү жасашты.

Коомдук тартипке көз салган 5-6 милиция кызматкери нааразы тарапты тынчтандырууга күчү жеткен жок. Аукционго катышууга арыз берген чет элдик инвесторлор сыртка качып чыгып кетишти.

Кендерди сатууга каршы чыккандардын бири, “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов аукционду уюштургандар элдин пикирин эске албай, чет өлкөлүк инвесторлордон пара алып, кендерди арзан баада сатуу айласын көрүп жатканын айтты:

- Буга чейин Кумтөрдү сатып жиберип зыяны тийди. Ошондуктан Кумтөрдүн маселе чечилмейинче бир да кен сатылбашы керек. Азыркы бийлик экономиканы көтөрүү, бюджетке акча түшүрүү үчүн кендерди эле сатууну ойлонбой, башка арга издесин. Андай болбосо кетишсин. Ал эми биз эч кандай орой жолду колдонгон жокпуз. Биз ачык аукционго катыштык, Мекенди сатууга болбой турганын ачык айттык. Эч нерсени сындырган жокпуз, бүлүндүргөн жокпуз.

Окуядан бир аз мурда "Кыргызстан жаштар кеңешинин" өкүлдөрү өкмөт кызматтан кетип, коалиция тарап, бийлик толук кандуу иштебей турган убакта аукционду убактылуу токтото турууну талап кылган.

Инвесторлордун изи менен...

Окуяга байланыштуу Мамлекеттик геология агенттиги эч кандай түшүндүрмө берген жок. Бирок аукцион башталар алдында мындай нааразылыктарды агенттиктин директору Учкунбек Ташбаев кайсы бир күчтөрдүн чагымчыл аракети катары баалаган:

- Ушул убакытка чейин бул кендер түзмө-түз эле сатылып жүргөн. Анан ошону сүйлөшүп алышып, тымызын берип жүргөндөрдүн кызыкчылыгы корголбой калды. Ошондуктан мунун артында эски системаны, коррупциялык жолду кайтарабыз дегендер турушу мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү 11 алтын жана 1 көмүр кенин аукцион сатыкка алып чыгууну июлда чечкен. Анда атайын аукциондук комиссия түзүп, ага Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан депутаттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген.

28-августка белгиленген аукционго коюлган 12 кен үчүн жалпысынан Түркия, Орусия, Польша, Азербайжан жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшүп, алар белгиленген кепилдик акыларын төлөшкөн. Кендер өткөн жылы тоо-кен тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн негизинде алгачкы жолу ачык аукционго коюлуп жаткан.

Мына ушундай аукцион башталбай жатып, тополоңго айланышы Кыргызстанга кызыккан инвесторлордун санын азайтарын аукциондук комиссиянын мүчөсү, Эл аралык ишкердик кеңештин төрагасы Актилек Түнкатаров билдирди:

- Бул окуя Кыргызстандын кадыр-баркына, абройуна абдан эле терс таасирин тийгизет. Эми муну көргөн соң бизге инвестор келеби, же келбей койобу? Бул бийликтин алсыздыгынын жана элдин түшүнүгүнүн төмөндүгүнүн белгиси болду.

Ошол эле учурда аукционго катышууга арыз берген инвесторлор кепилдик төлөмдөрүнө тынчсыздануусун билдиришүүдө. Эми мыйзамга ылайык, аукцион болбой калган соң Мамлекеттик геология агенттиги 30 күндөн кечиктирбей муну кайтарышы зарыл.

Анткен менен бул аукциондун тазалыгында шек туудурган жагдайлар бар экени тууралуу мындан мурда эле айтыла баштаган. Ал тургай “Ата Мекен” фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин бир себебин да дал ушул кендерди сатуудагы шектүү аракеттерге байланыштырган.

Бул маселе өкмөттүн отурумунда каралганы белгилүү болду. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов бул жагдайдын себептерин иликтеп чыгууну тиешелүү органдарга тапшырды.

Инвесторлорду түз ободон кубалашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG