Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жигиттер Армияга баргысы жок


Кыргыз жоокерлери, 12-июнь, 2012-жыл
Кыргыз жоокерлери, 12-июнь, 2012-жыл

Жакында ИИМ бөлүгүндөгү 39 жоокер кызматын уруксатсыз калтырып кеткен факт катталды. Мунун бир себеби катары Куралдуу күчтөрдөгү зомбулук аталууда. Мындай көрүнүштөргө кантип бөгөт койсо болот?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусуна ушул маселени чыгарды.
Анда куралдуу күчтөрдөгү кызмат ордун таштап кетүү, качып кетүү сыяктуу устав бузуулардын, адам өлтүрүү, өз өмүрүн кыюу сыяктуу фактылардын себептери, кесепеттерден арылуунун жолдору, жоокерлердин милдеттери жана укуктары өндүү өңүттөргө көңүл бурулду.

Талкууга акыйкатчы Турсунбек Акун, аскер прокурорунун орун басары Максат Молдалиев, Коргоо министрлигинин тарбия иштер башкармалыгынын башчысы Эрнис Эламанов катышты.

“Азаттык”: Эмне үчүн азыр жаштар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөнү каалашпайт, кааласа да башка өлкөлөрдө, маселен, Орусия же Казакстанда кызмат өтөөнү артык көрүшөт? Ата-эне болсо баласын аскерге жибербештин түрдүү аргасын издейт.

Турсунбек Акун: Чынында эле аскерде кызмат өтөөгө жаштар умтулбай жатышат. Анан аскер комиссариатында да коррупциялык иштер бар. Кыргыздардан башка улут өкүлдөрү дээрлик жокко эсе. Корейлер, уйгурлар, башкалар акча берип, калып калышат. Аскер комиссариатында, тандап аткан жерде, дарыгерлерде коррупция катуу өнүккөн. Бул боюнча биздин далилдерибиз бар.

Мындан тышкары мектептерде балдарга аскерге баштапкы даярдык жүргүзүлбөйт. Балдардын даярдыгы, ден соолугу начар. Эламан мырза шарт жок деп атат, мындан да шарты жаман согуш убагында деле балдар качпай жүрбөдү беле? Кеп тартипте. Биз моралдык жактан чоң максаттарды алдыга коюп, аракет кылышыбыз керек. Патриоттук духта тарбияласак, анан максаты, эл үчүн деген жүрөгү болсо, ал кандай жаман шарт болсо да качпайт эле.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Эрнис Эламанов: Азыр Турсунбек мырзанын аскер комиссариаты, балдар каалабайт дегенине макул эмесмин. Балдар каалашат, биз Улуттук гвардияда кызмат кылабыз, биз “Скорпиондо” кызмат кылабыз, биз Оштогу “Илбирсте” кызмат кылабыз деген балдар көп. Ата-энелер деле түшүнүп калышты. Азыр армияда кызмат кылып келбесең кийин мамлекеттик кызматтабы, башка жерде иштейсиңби, таасири тиет, бүт жерде аскер китепчеңди сурап, жок болсо саламаттыгына карай баштайт, ар кандай маселе башталат дешет. Биз быйылкы эле чакырууда жогорку окуу жайды бүткөн 124 баланы алдык.

Максат Молдалиев: Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы мыйзамдарга ылайык аскердик макамы бар аскер кызматкерлеринин, үй-бүлөлөрүнүн укук-милдеттерине багытталган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Биздин талдоолор боюнча азыркы балдардын аскерден качып кетишине патриоттук сезимдин жоктугу бирден-бир себеп болууда.

Кыргызда “эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген жакшы макалыбыз бар. Союз убагында ар бир мектепте алгачкы аскердик даярдоо деген сабагыбыз бар болчу. Айрыкча эркек балдар мекеним, өлкөм дегенде жөн эле “жанын” бергидей окуп, тарбия алып чыкчу. Спорт да күчтүү болчу.

Азыр аскерге келген балдарды карасаңыз “үйдү сагындым”, “сүйлөшкөн кызымды ала качып кеткен атыптыр”, “ата-энемдин тамагын сагынып атам” деген шылтоо менен качкан фактылар көп болуп атпайбы.

Анан жөн эле зордук-зомбулуктан балдар качып кетти деп айткандан мен алысмын. Анткени, биз жыл сайын ишти жыйынтыктаганда талдап турабыз: аскерлер арасында канча кылмыш болду, кайсы багытта кылмыштар катталды, эмне себептен болду? Анан жөн эле жалпы аскер кызматында абал начар деп айта бергенге болбойт. Мисалы, 2000-жылдан кийинки менен мурункуну салыштырганда куралдуу күчтөрдөгү аскер кызматкерлеринин жасаган иштери жылдан жылга 150дөн 200 кылмышка чейин кыскарып атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG