Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Жоокерлер түйшүктөн качкан


ИИМдин Ички аскерлигинен качып кеткен жоокерлердин экөө кайтып келе элек.

Аскер жетекчилиги бул жоокерлер кызматтык түйшүктү көтөрө албай ушундай кадамга барган деп түшүндүрүүдө. Ата-энелери балдары офицерлердин запкысына чыдабай ушул кадамга барды деп жатышат.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө бири-бирине чоңсунуу, бир-бирден, же жоон тобу менен качып кетүү, өз жанын кыюу сыяктуу зомбулук окуялары кез-кез орун алат.

Ички аскерликтин №702 бөлүгүнүн командири Болотбек Бокошевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ошол күнү 39 жоокердин 22си “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда болгон. Бирок качкан маалда кызматта эмес, эс алып жаткан. Калгандары аталган бөлүктөн чыгып кеткен.

Бокошев кетерине аз калган жоокерлердин мындай кадамын кызматтык түйшүктү көтөрө албагандыгы менен түшүндүрүүдө:

- Бизде күндө күжүрмөн даярдык деген бар. Анын ичинде дене тарбия, катарга тизилүү даярдыгы болот. Андан сырткары ар бир ротага жер бөлүнүп берилет. Жоокерлер тартип боюнча ошол жерди тазалап-жыйнап турушу керек. Булар болсо “8-9 ай кызмат өтөдүк, эми андай иштерди кылбашыбыз керек”, - деп чыгышкан.

Бокошев аталган аскер бөлүктө буга чейин жалгыздап, же жоон тобу менен жоокерлер качкан учур болбогонун белгиледи. Качкан жоокерлердин ата-энелери, туугандары аскер жетекчиликтин жогорудагыдай түшүндүрмөсүнө ынбай жатат. Рыскүл аттуу айымдын баласы да ошол 39 уландын арасында болгон:

- Буларга туура эмес мамиле кылган. Эгер келгендерине 1-2 ай болсо, биз “балабыз аскер турмушка, тартипке чыдабай койду го”, - деп түшүнмөкпүз. Буларга 8 ай болуп кетти. Балам буга чейин эч арызданган эмес. Дене-башынын көгөргөнүн деле көргөн эмесмин. Бирок жоокер деген жоокердей болуп, 8 айда чыкыйып калышы керек болчу да. Тескерисинче менин балам аябай жүдөп кеткен. Колуна сыздоок чыгып, анысы айыкпай, ошол бойдон жүргөн. Мен “эмне үчүн силерди карабайт, карай тургандар барбы”, - деп да сурагам. Балам эч нерсе айтпай койгон.

Бөлүккө кайтып келген жоокерлерди ата-энелерине көрсөткөн жок. Аскер прокуратурасы окуяны тергеп жатканына байланыштуу журналисттерди балдарга да киргизишпеди.

Ал арада айрым байкоочулар бул окуяны жалпы куралдуу күчтөрдөгү көйгөйлөр менен байланыштырууда. “Биздин укук” коомдук уюмдун жетекчиси Калича Умуралиеванын баамында, жоокерлер бул кадамга барууга аргасыз болгон:

- Эми бир адам жиндилик кылып качып кетсе болот. Бирок 39 баланын качышын каршылык акциясы катары бааласа болот. “Бизге эч ким көңүл бурбайт, биз ушундай жаман абалдабыз” деп качып кетиши ыктымал. Бул окуя коомдун оорусу катары каралып, кылдат талданышы, дарыланышы керек. Офицерлерди көзөмөлдөгөн эч ким жок. Ошондуктан өкмөт буга баа берип, чара көрүшү керек.


Негизи ИИМди реформалоо концепцияларда анын ички аскерликке көп көңүл бурулуп, арбын талкуу болгон. Жарандык коом да, аталган министрлик өзү сунуштаган документте да жоокерлерди тың бакпаган бул аскердик түзүмдү жоюу, анын функциясын башка кызматтарга өткөрүп берүү зарылчылыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG