Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Бажы биримдигине мыйзам даяр, башкасычы?..


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.

Кыргызстан бийлиги 2015-жылдан баштап Бажы биримдигине кирүүнү чечкен. Өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлордун пакетин парламентке жолдоду. Ал кайсы мыйзамдар жана Кыргызстан жаңы жылдан баштап толугу менен Бажы биримдиги шартында жашап калабы?

Премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун "Азаттыкка" билдирүүсүнө караганда, өкмөт 21 мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлордун топтомун 29-августта Жогорку Кеңешке жөнөттү. Ал кайсы мыйзамдар экени тууралуу Панкратов буларды билдирди:

- Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Мурда бизде мамлекеттик каттоо деген жок болсо, аны киргизип жатабыз. Бажы системасынын жол-жоболорун бузган учурларга жоопкерчилик киргизип жатабыз. Башкача айтканда, Кылмыш жана Административдик кодекстерге өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр. Алар Кыргызстандын жарандарынын турмушуна олуттуу таасир этпейт.

Ал эми ишкерлердин жана калктын турмушуна түздөн-түз таасир эте турган бажы төлөмдөрүнүн өзгөрүүсү, техникалык регламенттердин ишке кирүүсүнүн мөөнөтү Кыргызстандын даярдыгына жана Бажы биримдигинин калган мүчөлөрү менен жетишилген келишимдерге жараша болот.

Панкратов бул боюнча өкмөттүн токтому даярдалып, чыгуу алдында турганын да кошумчалады:

- Өкмөттүн токтом долбоору даярдалган. Ал жакын арада чыгат. Анда бажы төлөмдөрүн жыл сайын этабы менен көтөрүү каралган. Ал беш жылга эсептелген. Маселен, автоунааларга жаңы жылдан тарта бажы төлөмү жыл сайын бир куб сантиметрге 50 центтен көтөрүлүп турат. Баары бир убакта көтөрүлүп кетпейт.

Кыргыз-казак чек арасында тургандар.
Кыргыз-казак чек арасында тургандар.

2015-жылы Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү менен эле Казакстан чек арасын ачып, баары эркин болот дегенге да эрте. Анткени бул маселе Кыргызстандын Бажы биримдигинин бардык жол-жобосун толук кабыл алуусуна жана аткаруусуна жараша болот.

Кыргызстан Бажы биримдиги менен кошо Евразия экономикалык аймагына да кирүүнүн үстүндө иштеп жатканы маалым. Бажы биримдиги товарларды эркин жүгүртүүнү камсыздаса, Евразия экономикалык аймагы товар, капитал, жумушчу күч жана кызмат көрсөтүүнүн эркин болушун камсыздайт. Бул эмгек мигранттарынын шартын жеңилдетүүсү менен Кыргызстанга алгылыктуу болууда, - дейт Панкратов.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин башчысы, Бажы биримдигине кирүүдө мыйзамдарды өзгөртүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Сергей Пономарев Бажы биримдигине кирүү биринчи кезекте автоунаалардын кымбатташына алып келерин белгилейт. Пономарев мыйзамдарды кабыл алуу менен эле Кыргызстан Бажы биримдигине кирип калбашын эскертет:

- Мыйзамдарды кабыл алуу менен Бажы биримдигине кирип калбайбыз. Чек араны, Бажы бекеттерин жабдып, даярдоо керек. Ветеринардык лабораторияларды орнотуу керек.

Пономаревдун айтымында, булардын баарын аткаруу үчүн каржы керек. Эгерде каржылоо болсо, тез арада эле ишке ашырууга болот.

Ветеринардык лабораториялар боюнча үч жол каралууда. Биринчи - мамлекеттик лабораториялар, экинчиси - менчик, үчүнчүсү - мамлекеттик-менчик лабораторияларды уюштуруу. Маселен, Казакстанда менчик ветеринардык лабораторияга уруксат берилген. Кыргызстанда андайга мыйзамдык уруксат жок.

Президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путиндин августта Сочидеги жолугушуусунда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана Бажы биримдигине кирүүсү үчүн Орусия 500 млн. доллар бөлөрү макулдашылганын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарлаган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 3-4-сентябрда Москвага жасала турган жумуш сапарында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Кыязы, министрлердин жолугушуусунда Бажы биримдигинен тартып, Кыргызстан менен Орусия аткарууну болжогон ири энергетикалык долбоорлор боюнча да сүйлөшүүлөр болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG