Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:40

Биздин Beatles


Бишкектен чыккан “Ролс” тобу дүйнөгө даң салган “Битлз” тобун пир тутуп, жалаң гана анын чыгармаларын аткарып жүрөт. Аз убакыт арасында “Ролс” тобу Кыргызстанда өз күйөрмандарын тапканга жетишти.

60-жылдардын эң популярдуу тобу болгон “Битлздын” ырларын аткарып жаткан бишкектик бул топтун аты “Ролс”. Бул табышмактуу аталышты териштирсем жөн гана рок-н-ролл сөз айкашынын аягынан жасалыптыр.

Топтун солисттери Эрсултан, Улан, Данияр жана Катаган аттуу төрт жигиттин жаш курагы 17ден 22ге чейин. Төртөө тең айтылуу “Битлз” дегенде ичкен ашын жерге коюшат экен.

Уландардын бири да устат музыкант болбосо да, ар бири музыкалык аспаптарда кол ойнотуп да, ырдай да алышат.

“Азыркы жаштардын көбү башка багыттагы музыкага кызыгышат, силер эмне себептен өткөн кылымдагы “Битлздын” ырларына көңүл кушун салып калдыңар” деп сурадым.

Катаган: "Ооба, азыркы жаштар электрондук, хип-хоп деген сыяктуу музыкага кызыгышат. Мен мурда “Битлздын” бир эле Yesterday деген ырын билчү элем. Кийин мага Эрсултан көп нерселерди айтып берип кызыктырып койду. Атам да жаш кезинде “битломания” менен ооручу экен. Анын да таасири болду. Негизи баарын баштаган Эрсултан".

“Ролстун” балдарын карап отуруп, Beatles тобунун ырларын жөн гана аткарбастан, аларга бардык жактан окшошконго аракет кылаарын байкадым. Баскан-турганы, аткаруу манераларынан бери окшош. Буга чейин жалаң гана сүйүктүү тобунун ырларын аткарып келишсе, эми өз чыгармаларын да жаратып жатышкан экен.

“Кээде отуруп төртөөбүз ыр жазып калабыз, жалпы чыгармаларыбыздын саны 15ке жетип калды. Бирок азыр аларды ырдабай турабыз. Биринчи альбом чыгарып, анан эл алдына тартуулайбыз”.

“Жаңы эле Ысык-Көлдөн келдик. Ал жакта пансионаттардын биринде эки аптадай ырдадык. Баары ыраазычылыгын билдирип, “жакшы ырдайт экенсиңер, көптөн бери эски ырларды уга элек болчубуз” деп айтып жатышты”.

“Ролс” тобунун жакынкы максаты – Beatles мектебин түп-тамырынан өздөштүрүп, аларды кыргыз кыртышына сиңирүү жана өз чыгармаларын жаратуу. Ийгилик каалайлы!

Биздин Beatles
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00
XS
SM
MD
LG