Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Өмүркулов “Алтын микрофондон” байгелүү кайтты


Жакында жаш ырчы Иса Өмүркулов Казакстандын Кустанай шаарында өткөн “Алтын микрофон” эл аралык сынакта II орунду жеңип алды. Бул сынакка Болгария, Италия, Орусия, Украинанын ырчылары да ат салышты.

Казакстандагы эл аралык сынакта жаш ырчы Иса Өмүркулов Атай Огонбаевдин "Жаштарга" деген ырын аткарып, калыстар тобунун купулуна толду.

“Алтын микрофон” эл аралык сынагы тууралуу Иса менен чогуу барып сүрөөнчү болгон продюсер Асыл Апазова буларга токтолду.

- "Алтын микрофон" деген эл аралык конкурс Казакстандын Кустанай шаарында өттү. Өспүрүмдөр арасында он эки мамлекеттин жыйырма алтыга чукул жаш ырчылары өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Сынактын жобосу боюнча биринчи ырды өз каалоосу менен, экинчи ыр казакча болушу керек эле. Иса классик обончу, аткаруучубуз Атай Огонбаевдин "Жаштарга" деген ырын даярдап барды. Экинчи ыры казак элинин "Кагаз кеме" деген ырын ырдаганда ал жердегилер абдан кызуу колдоп, толкундоо менен кабыл алышты.

"Жаштарга" деген ырдын өзгөчөлүгүн Болгариядан келген адистер абдан жогору баалашты. "Жакшы аранжировка болуптур" деп Исанын вокалдык жагын жогору баалашты
.



Иса Өмүркулов эл аралык сынакта аткарган "Кагаз кеме" деген казакча ыры көрүүчүлөрдүн да, калыстар тобунун да купулуна толуп, экинчи орунду жеңип алган.

Эл аралык сынакта Италия, Болгария, Орусия, Украина, Беларус, Казакстандын ырчылары да өнөрлөрүн тартуулашып, байгелүү орунга таймаш өтө курч мүнөздө өткөнүн, бул сынактан көп нерсени үйрөнүп келгенин жаш ырчы Иса Өмуркулов кошумчалады.

- Чындыгында мен алтынчы же жетинчи орунду алсам болот деп ойлогом. Буйрук экен, экинчи орунду алып абдан кубанычта болдум. Биринчи орунду Болгариянын, үчүнчү орунду Беларустун ырчысы ээледи. Мен бул сынакта репертуар тандоону, аткаруучулук чеберчиликти арттыруу керек экенин үйрөндүм. Анан ырдын аранжировкасын жогорку деңгээлде даярдаш керек экен. Көп досторду таптым.



Иса Өмүркулов 8 жашынан баштап ырдайт. Ал №4 музыкалык мектептен фортепиано боюнча билим алды. Ошондой эле Бишкектеги №40 мектепти аяктап жатат. Ал жыл башында Жапонияга барып концерт берип келген. Алдыдагы пландары тууралуу Иса буларга токтолду.

- Мен алдыда мамлекеттик экзамендеримди ийгиликтүү тапшырып, Улуттук консерваторияга тапшырсамбы деген оюм бар. Себеби музыкалык билимди өркүндөтүү керек. Ошону менен катар Кыргыз-славян университетинде эл аралык байланыш бөлүмүнө же юрфакка тапшырам.

Иса келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу ырчы болоорун продюсер Асыл Апазова белгиледи.

- Иса азыр өспүрүм. Мындан келечекте көп нерсени үмүт кылууга болот. Анын үнү табийгат берген өзгөчө үн. Алдыда Иса Юрмаладагы фестивалга катышсамбы деген тилеги бар.

Жыйырма бир жашка толгондо Иса баралына келген ырчы болуп калат, буйруса. Ошондо Юрмаланы да багындырат деген ойдомун. Анан "Пять звезд" жана башка конкурстарга катышууга максат кылып жатат.

Ал эми Италиядагы Сан-Ремого "Алтын микрофондо" байге алгандар катышат экен. Буйруса Сан-Ремо менен "Боз торгойго" чакыруу алды. Азыр даярдык көрө баштады.




Жаш ырчы Иса Өмүркулов "Жамайка", "Көк жылгаяк" деген ырлары менен жаштар арасында белгилүү болуп, классикалык үлгүдөгү жана эстрадалык ырларды мыкты аткарууга жетишти. Анын аткаруусундагы "Сүйүү жазы" деген ыр жаштардын жакшы көргөн ырына айланды.
XS
SM
MD
LG