Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Маданият кызматкерлери сыйланды


Жазуучу, драматург Султан Раевге Кыргыз эл жазуучусу наамы ыйгарылды.
Жазуучу, драматург Султан Раевге Кыргыз эл жазуучусу наамы ыйгарылды.

2-ноябрь маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө байланыштуу салтанат Улуттук филармонияда өттү.

Салтанатка алыскы аймактардан келген маданият кызматкерлери, Бишкектеги өнөр адамдары, шаар тургундары, студенттер катышты.

Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев маданият тармагына акыркы мезгилде өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоолор болуп жатканын белгилеп, жетишпеген жактарына да токтолду.

- Эгерде экономикада, өнөр жайда кризис болсо аны ички мүмкүнчүлүккө, аракеттер менен же сырткы жардамдар менен оңдоп түзөп, бутуна тургузууга болот. Ал эми маданиятта кризис болсо мамлекетке абдан чоң коркунуч туудурат. Эгерде маданият талкаланса, маданият жоголсо анда мамлекет талкаланганга тете.

Президенттин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев эки күн мурда болуп өткөн президенттик шайлоодон кийин жаңы доор башталарын, жаңы өкмөт маданиятка жакшы көңүл бөлө турганына үмүт артарын билдирди:

- Өткөөл мезгил аяктап, мына эми жаңы доор, жаңы заман өнүгүү жолуна түшөбүз деген үмүттөбүз. Ушул алдыдагы мезгил биздин маданиятыбыз үчүн жаңы ренессанстын, жаңы өнүгүүнүн, жаңы багыттын мезгили болсун деп айтаар элем.

Алыскы аймактардан келишкен маданият кызматкерлеринин пикиринде, жергиликтүү бийлик тарабынан маданият тармагына анчейин маани берилбей келүүдө.

Мурдагы бийлик облустук маданият башкармалыктарын жоюп жибергенден кийин бир катар маданий иш-чаралар аткарылбай калганын Маданият жана маалымат министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эркин Исмаилов билдирди:

- Мурда облустук маданият башкармалыгынын өзүнүн бюджети бар эле. Өзүнүн кызматкерлери бар эле. Эстрада, элдик театрлар, кол өнөрчүлүк, өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча ар түрдүү кароо-сынактарды өткөрүп, алыскы айылдардагы элдин маданияты көтөрүлүп турчу. Азыр эми мен жалгыз иштесем, бюджетиң болбосо, жардамдашчу кызматкерлериң болбосо маданий иш-чараларды кантип өткөрөсүң? Эгерде кароо-сынактарды тез-тез өткөрүп, облустук маданият кызматкерлери түрткү берип турбаса, жер-жерлердеги маданият үйлөрүнүн жумуштары токтоп калып эле кызматкерлер айыл өкмөтүнүн жумшаган жагына барып, ошолордун салыктарын чогултуп, же башка бир жумуштарын аткарып калышты. Ошондуктан облустук маданият башкармалыктарын кайрадан түзүү керек.

Нарын, Кочкор, Алай, Чүй, Талас театрларынын артисттери менен баарлашканыбызда, алар автотранспорту жоктугунан эл кыдырып, алыскы аймактардагы калкты маданий жактан тейлей албай калышканын, эл аралабагандан кийин чыгармачылык жактан өнүгүү болбостугун белгилешти.

Ал эми Чүй театрынын имараты жок ар кайсы мекемелерде башпаанек кылып жүрүшкөнүн Эл артисти Асыл Набиева айтты:

- Бардык облустарда театрларды куруп берип, жакшынакай иштеп жатышат. Бир гана Чүй театрынын имараты жок. Болбосо бардык министрликтер, мыкты-мыкты ишканалар ушул Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Ошолор биригип, бир кичинекей театр куруп беришсе жакшы болот эле. Ушул кезге чейин бардык эле жетекчилер театр куруп беребиз дешип тоодой убада берип эле келатышат. Бири да убадасына турган жок. Жада калса эл кыдыралык десек автобусубуз жок. Бирок ага карабай чыгармачылыгыбызды улантып эле келатабыз.

Салтанатта “Манас” ордени филармониянын директору, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевге, Кыргыз эл жазуучусу наамы Султан Раевге, Кыргыз эл артисти наамы Кыргыз драма театрынын артисти Тынара Абдыразаевага, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси Сагынбек Акматалиевге, Ошогу өзбек академиялык музыкалык театрынын артисти Абдрасул Ураимжановго ыйгарылды.

Ошондой эле бир катар өнөр адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маданиятка эмгек синирген ишмер наамдары, ардак грамоталар менен сыйланышты.

1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу И.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө боюнча токтом чыгарган.
XS
SM
MD
LG