Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Цойдун камалышы: мандемдүү иштер


Дмитрий Цой соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Дмитрий Цой соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Кыргызстанда 2012-жылга чейин бардык паспортторду даярдап келген “Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цой 8-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ал мындан беш жыл мурун, 2009-жылы болгон окуяга байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча айыпталып жатат. Ички иштер органдары ошондой эле белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмүнө Цойдун катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Цойдун жакындары жана жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Дмитрий Цойдун кармалышы боюнча Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев маалымат берди. Ага ылайык, Цой мурдагы жасаган кылмыш иши үчүн 6-майда кармалды. Дмитрий Цой адам өмүрүнө кол салган деп айыпталып жатат. Бул окуя мындан беш жыл мурун Ысык-Көлдө Жаркынбаев айылында болгон:

- Жаркынбаев айылынын эки тургунун жолду тососуңар деп айыптап, белекке алган тапанчасы менен бирөөсүн башка чаап, экинчисин бутка аткан. Ар кандай себептен улам бул кылмыш иш жабылып калган. Жабырлануучулардын бири бир жылдан кийин каза болуп калган, экинчиси денесине оор жаракат алганы соттук-медициналык экспертизада аныкталган. Ушул фактынын негизинде Дмитрий Цойго адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмүнө Дмитрий Цойдун катыштыгы иликтенүүдө. Сүрөттө Руслан Абасов.
Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмүнө Дмитрий Цойдун катыштыгы иликтенүүдө. Сүрөттө Руслан Абасов.
Рафик Мамбеталиев 2009-жылдагы окуя боюнча кылмыш иштин жанданышын жабырлануучунун арызы менен түшүндүрдү. "Цойдон таяк жедим" деген Бекболот Асанов ушул жылы марттын этегинде арыз жазган. Башкы прокуратура 4-апрелде кылмыш ишти токтотуу тууралуу райондук милициянын чечимин токтотуп, ишти тергөөнү милицияга тапшырды.

ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев 27-мартта Токмок шаарында киши колдуу болгон белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу жагдайларда Дмитрий Цойдун катыштыгы да иликтенип жатканын билдирди:

- Абасов менен Цойдун ортосунда Ысык-Көл облусунда аңчылык кылган жерге байланыштуу чыр болгон. Мен Цой Абасовдун өлүмүнө шектүү деп айткан жокмун. Биздеги ыкчам маалыматтар боюнча ошол экөөнүн ортосундагы жер маселеси боюнча пикир келишпестикти тактап, аныктап чыгабыз.

Мамбеталиев Цойго 2007-жылы паспорттук көз боёмочулук боюнча кылмыш иши козголуп, бирок белгисиз себептер менен кыскарып кеткенин кошумчалады. Мунун айынан өлкө казынасы 25 миллион сомдук чыгым тартканын белгиледи.

Цойдун кармалышы боюнча анын жактоочусунан жана жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Цой негиздеген “Интел линкс” компаниясынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов анын камалышы өзүнүн жеке иштерине байланыштуу экенин, бирок беш жыл мурда болгон окуянын козголушунда мандем бар экенин айтууда:

Дмитрий Цой негиздеген “Интел линкс” компаниясы узак жылдардан бери кыргыз паспортторун даярдап келген.
Дмитрий Цой негиздеген “Интел линкс” компаниясы узак жылдардан бери кыргыз паспортторун даярдап келген.
- Анын камалышынын биздин компанияга тиешеси жок. Ооба, ал “Интел линкстин” негиздөөчүсү. Бул эми өзүнүн турмушу да. Анын камалышы чынында түшүнүксүз болуп жатат. Окуя мурда эле болгон экен. Тараптар сотко жеткирбей эле, бири-бирине дооматы жок экенин айтып өз ара келишип алган сыяктуу. Бирок эмнеге азыр кайра козголуп атканы табышмактуу.

Цой менен маркум кикбоксчу Абасовдун аңчылык жерге байланыштуу талаш-тартышы боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине караштуу Аңчылык боюнча департаментинин директору Сулайман Бошкоевге кайрылдык. Бошкоев мергенчилик жерлер тууралуу маалыматты тастыктады:

- Чынында эле Рустам Абасовдун Үзөңгү-Куушта 30 миң гектар жери бар. Көп жылдан бери чет өлкөлүк мергенчилерге турларды уюштуруп иштетип жүргөн. Дмитрий Цойдун дагы жери бар. Экөөнүн жери жанаша турат. Ушул тушта Кыргызстан боюнча чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруу боюнча 74 компания иштейт. Анан 1994-1995-жылдан бери бирөөндө 30, дагы башкасында 20, кээ биринде 15 миң гектар жер болуп чаржайыт болуп кеткен. Анан мындай бөлүштүрүү болбойт экен, аркар-кулжа бир жерге барып төлдөйт, дагы бир жерге барып кыштайт, дагы бир жерге барып жайлайт деп туруп Жогорку Кеңешке сунуш бергенбиз.

Бошкоев өкмөттүн аңчылык жерлер боюнча токтомунун негизинде жер ээлери ортосунда талаш-тартыш орун алганын айтып берди. Бирок Цой менен Абасовдун чатагы тууралуу маалыматы жоктугун белгиледи:

- Токтомдо аркар-кулжа атуу үчүн 700 миң гектар жерден кем эмес мергечилик аянт болушу керек. Текелерди атыш үчүн 40 миң гектардан аз болбошу зарыл деген жобо бар. Анан Руслан Абасов менен Дмитрий Цой эле эмес, башкаларда деле жер талаш болот да. Кээ бирлери биригип, айрымдары бирикпей талашып-тартышып жатат. Азыр жерлерди кайра бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Ал аныктагандан кийин кайра сынактын негизинде берилет.

Буга чейин Саруу айылында өткөн митингди Дмитрий Цой каржылаганы тууралуу кептер тараган. Ысык-Көл, Саруу. 2013-жыл.
Буга чейин Саруу айылында өткөн митингди Дмитрий Цой каржылаганы тууралуу кептер тараган. Ысык-Көл, Саруу. 2013-жыл.
“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цой чуулуу фигуралардан. Паспорт боюнча маселе чыкканда Цойдун артында “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов турат деген сөздөр да чыккан. Анын айынан 2012-жылы ошол туштагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен Феликс Кулов кайым айтышкан эле. Бабанов өкмөт жыйынында Кулов паспорт жасоочу «Интел линкс» компаниясынын кызыкчылыгын колдойт деп айтып чыккан. Кулов болсо сынды четке кагып, сотко берерин эскерткен.

Дмитрий Цой тууралуу атүгүл президент Алмазбек Атамбаевдин да сөз кылган жайы бар. Былтыр күзүндө Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаалга, анын ичинде Кумтөр маселесине, Караколдогу, Саруудагы нааразылык акцияларына баа берип жатып, митингдерди каржылап аткандардын арасында Дмитрий Цой да бар экенин кыйыткан болчу.

“Интел линкс” 2012-жылга чейин Кыргызстандагы бардык түрдөгү паспортторду даярдап келген. 2012-жылы күздөн тарта ички паспортторду, бир жылдан бери жалпы жарандык паспортторду чыгаруу “Инфоком” мамлекеттик жекелештирүү борборуна берилген. Азыр болсо "Интел линкс" кызматтык жана дипломатиялык паспортторду гана чыгарат.
XS
SM
MD
LG