Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Мамкаттоо менен “Интел линкс” тирешүүдө


Башкы прокуратура буга чейин паспорт даярдап келген “Интел линкс” ишканасына кылмыш ишин козгоду.

2-декабрда аталган ишкананын кызматкерлери Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн кабинеттерине киргизбей койгону маалым болгон. Тараптар азыр бири-бирин айыптап жатат.

Буга чейин аталган менчик ишканага байланыштуу мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов кайым айтышкан эле.

Мамлекеттик каттоо кызматы менен “Интел Линкс” ишканасы азыр бир имаратта отурат. Аталган менчик ишкананын жетекчиси Таалайбек Жумадылов шаардагы Москва көчөсүндө жайгашкан бул имаратты өздөрү ижарага алганын, экинчи кабатын Мамкаттоо кызматы сегиз жыл бекер колдонуп келгенин айтууда:

- Бул деген бүгүн эле пайда боло калган проблема эмес. Азыр базар экономикасынын шартында бекер оокат деген жок. Алардын ордуна ижара акыны биздин компания төлөп берип турчу. Анан мен август айынан бери “же имаратты бошотуп бергиле, же имараттын ээси менен 1-декабрдан тартып кантип отурабыз деп сүйлөшүп алгыла" деп бир канча жолу кат жазгам.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев бул чыр боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык, имарат боюнча доомат негизсиз:

- Сегиз жыл мурун паспорттук долбоор бүтмөйүнчө имараттын экинчи кабатын компания бекер камсыз кылып берет деген келишимге кол коюлган. Ижара төлөй турган, төртүнчү, бешинчи, биринчи жана жер төлөнү биз бошотуп бердик. Экинчи кабатты паспорттук долбоор бүтмөйүнчө канча ай, же жыл болобу, бизге камсыз кылышы керек.

“Интел линкс” былтыркыга чейин Кыргызстандагы бардык түрдөгү паспортторду даярдап келген. Өткөн жылдын октябрь айынан тарта ички паспортторду, ал эми быйыл сентябрдан бери жалпы жарандык паспортторду чыгаруу “Инфоком” мамлекеттик жекелештирүү борборуна берилген.

“Интел линкстин” жетекчиси Таалайбек Жумадылов Мамкаттоо кызматы менен ушу тушта дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча келише албай жатканын айтууда:

Азыр базар экономикасынын шартында бекер оокат деген жок. Алардын ордуна ижара акыны биздин компания төлөп берип турчу.
- 2004-жылкы долбоор боюнча 10 миң кызматтык, 5 дипломаттык паспортко заказ берилген. Анан азыр беш жыл эмес, сегиз жыл өткөндөн кийин 7425 кызматтык, 1833 дипломатиялык паспорт даярдалбай турат. Эгерде жүрүш ушундай болсо, биз бул паспортторду 25 жыл жасайбыз. Анан мен аларга “ай, бул паспортторду бизден алгыла, бизге сөз тийбесин, биз ошол паспортторду жасаган жабдууларды канчага алсак, ошол баа менен эле силерге берели. Бирок биздин бир шартыбыз бар. Биз эми паспорт чыгара албай калдык, башка бизнес менен алектенели, имараттын ээси менен сүйлөшкүлө, акча төлөп отурабыз десеңер отургула, отурбайбыз десеңер бошотуп бергиле” дегенбиз.

Мамлекеттик каттоо кызматтын жетекчиси Эрлан Сапарбаев акча төлөө шартына ынабай турганын айтты:

- Кызматтык да, дипломаттык паспортту деле мамлекеттик жекелештирүү борбору чыгарганга даяр. Бирок келишимде ким биринчи демилге көтөрүп, алам десе ошол тарап миллиондогон чыгымдардын баарын төлөйт, акчага сатып алат деп жазылып калган. Ошондуктан биз аларга биринчи демилге силерден кетсин, кошумча келишимге кол коёлу, силер бизге, биз силерге доомат артпайлы, кызматтык да, дипломаттык да паспортту өткөрүп бергиле, сатып алгыла деген маселе болбосун деген маселени көтөрдүк. Бирок молдовалык ортомчу компания биздин келишимге көнбөй жатат. “Интел линксти” молдовалык “Регистру” компаниясы жергиликтүү оператор катары жалдаган.

Сапарбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн мамлекеттин маалымат базасы жайгашкан, катуу кайтаруудагы имаратка киргизбей коюу мыйзамга каршы келет деп билдирди жана эки тараптуу келишимди бузуу катары баалады. Айтор, Мамлекеттик каттоо кызматы менен “Интел линкстин” бул чыры эмне менен бүтөөрү азырынча белгисиз.

Ал арада Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов менчик ишканага карата кылмыш иш козголгонун билдирди:

- “Интел линкс” имаратка Мамлекеттик катоо кызматынын өкүлдөрүн киргизбей койгону боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги “өзүм билемдик” беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Азыр бул ишти Ленин райондук милициясы тергеп жатат.

Былтыр жайында ошол туштагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов “Интел Линкстин” айынан кайым айтышкан. Бабанов өкмөт жыйынында Кулов паспорт жасоочу «Интел линкс» компаниясынын кызыкчылыгын колдойт деп айтып чыккан. Кулов болсо сынды четке кагып, сотко берээрин эскерткен эле.
XS
SM
MD
LG