Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

"Багынбай кеткен" Медет Садыркулов


Мындан бир жарым жыл мурун табышмактуу кырдаалда каза тапкан президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловго арналган “Багынбас бойдон кетти” деген аталыштагы китеп жарык көрдү.

“МЧС” жана “Ак үйдүн аталыгы” деген сыяктуу лакап аттарга ээ болгон Медет Садыркулов тууралуу китеп анын досторунун эскерүүлөрүнөн жана маркум жетекчи жогорку кызматтарда иштеп тургандагы маектеринен турат. Ошондой эле ага анын табышмактуу өлүмү боюнча маалымат каражаттарында жарыяланган макалалар жана саясий уюмдардын билдирүүлөрү киргизилген.

Сыр сандыкка катылган табышмак

Садыркуловдун жакын санаалаштарынын бири, депутат Каныбек Иманалиев ал саясий буйрутмага ылайык курман болгондугун ырастоочу маалыматтар бар дейт:

Кырсык болгон күн, 13-март, 2009-жыл
- Анда бүт маалымат бар болчу. Ал чындап эле ошол бийликти алмаштыруу боюнча иш-аракеттерин баштаган эле. Москвага барып чоң саясатчылар менен жолугуп, Казакстандагы таасирдүү адамдар менен кездешип, биздин оппозициянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган болчу. Февраль айында мага жолукканда “апрель-майда Кыргызстанда бийлик алмашуу болот, андай кылбасак мен Бакиевдерди беш колумдай билип калдым, бирөө да мамлекетти ойлошпойт экен, буларды алмаштырбасак болбойт”,-деп айткан эле. Аны аңдып жүрүшкөнүн деле билген, бирок өлтүргөнгө чейин барбайт деп ойлогон.

Бирок ошол кездеги расмий маалымат боюнча, Садыркулов өзү түшүп келаткан "Лексус" үлгүсүндөгү унааны "Ауди" машинасы кагып кеткендиктен, биринчисинен от чыгып анын ичиндеги үч адам өрттөнүп кеткен. Буга байланыштуу "Аудинин" айдоочусу камакка алынып, бирок 7-апрелден кийин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Акыркы чалуулар, айтылбай калган арман-асырет

Президент Роза Отунбаева депутат кезинде Медет Садыркулов Алматыдан келе жатканда, чек арада кармалып турганда ошол учурдагы Эсеп палатасынын жетекчиси Искендербек Гаипкуловго телефон чалгандыгын айткан эле.

Жол кырсыгы болгон жер
Маркумдун жакындарынын бири Гаипкулов анын өлүмүнүн себептерин өз алдынча изилдөө учурунда мүмкүн болбогонун белгиледи:

- Чек арадан өтүп келе жатканда эмес, ары көздөй бара жатканда, 12-март күнү кетип бара жатканда чалган. Себеби кетип бара жатканда чек арадан тосуп өткөрбөй жаткан окшойт. Ошондо мени менен сүйлөшкөн эле. Өлгөндөн кийин кабарды уккан соң барып көргөнбүз. Эми ал жол кырсыгы эмес экендиги ошондо эле байкалып турган. Бул боюнча тартип коргоо органдары алектенишкен. Биз эми мамлекеттик кызматчы болгондуктан бул ишке аралашып, бир нерсе дей алмак эмеспиз. Тактап айта албайсың да, ал жерде тергөө иштери жүрүп жатса, ага эч ким аралаша албайт да.

Чындыкты айтууга чымыркангандар аз болуп...

Кезинде оппозиция Медет Садыркуловдун өлүмүнө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышы бар деген билдирүүлөрдү таратышкан. Парламенттеги бийлик партиясы саналган “Ак жолдон” жалгыз депутат Галина Куликова бул жөнөкөй жол кырсыгы эмес экендигин ачык айтып чыккан. Медет Садыркулов президенттик администрацияны жетектеп турган учурда “Ак жол” партиясынан депутат болгон анын башка санаалаштары буга чейин унчукпай келишкен.

Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу күнү. 12-апрель, 2009-жыл
Журналист Болот Абдыжапаров учурунда чындыкты айта албаган достордун азыр аны эскерип жаткандыгы адамдык абийирге туура келбейт деп эсептейт:

- Ошол Медет Садыркуловдун арты менен адам болгондугун унутушуп, ошол ээлеген кызматтарын көп жылдык достуктан жогору койгон Зайнидин Курманов, Оксана Малеваная, Мелис Эшимканов жана Искендер Гаипкулов сыяктуу адамдар бардыгын көрүп туруп унчукпай эле коюшпадыбы. Эми минтип эки жыл өткөндөн кийин анан эстеп китеп жазып, кагаз коротуп, убакыт кетирбей эле коюшса жакшы болмок. Негизи алар ошол окуянын чын-бышыгын көргөндөн кийин, ачык каршы чыгышпаса да, ал бийликтин эшигин тарс жаап чыгып кетсе туура болмок. Анте алышкан жок. Демек азыр ойгонгонсуп, "ал киши мындай болчу, тигиндей болчу" деп мактагандын эми кереги деле жок болчу.

Ошол эле учурда Садыркуловдун жакын санаалаштары анын өлүмүнүн чыныгы себептери боюнча ачык айтуу ал мезгилде коркунучтуу болгондугун жүйөө катары карманышат.

Саясатчы Жоомарт Оторбаев мындай деди:

- Ошол убак ошондой репрессиялык деңгээлдеги коркунучтуу убакыт болчу да. Ошондуктан анын көпчүлүк достору, жакын санаалаштары ачык коомчулукка айтып чыга алышпай, унчукпай калууга аргасыз болушкан. Аны да туура түшүнүш керек. Анткени ал мезгилде айрым саясатчылар жоголуп, өлтүрүлүп же камалып жатышпадыбы. Чындыгында эле алар коркушкан. Себеби кырдаал ошондой болуп турса, алардын башка чара көрүп же бир нерсени өзгөртүү колдон келбесе...

Күчтүү аппаратчы, күмөндүү бийлик

Медет Садыркулов 2005-жылдан кийин мурдагы президент Аскар Акаевге 1999-жылы акча берген деп шектелген “финансисттердин иши” боюнча айыпталып, бирок кийин соттон акталган.

2006-жылы ал ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясын жетектөөгө чакырылган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүдө жана Бакиевдин бийлигин күчтөндүрүүдө анын ролу чоң болгонун талдоочулар белгилеп келишкен.

Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты
Саясат таануучу Турат Аким Садыркулов өзү тикелей катышып түзгөн бийлик системасынын курмандыгы болду деп эсептейт:

- Мен ошон үчүн айтып жатпайымбы, ал адам өзү курган нерсеге өзү чалдыгып калбадыбы. Ал киши саясатчы эмес, биринчи кезекте жакшы аппаратчы болгон. Советтик системадан тарбия алып, тажрыйба топтогон күчтүү аппаратчы катары коомчулукка таанылгандыгы маалым. Ошондуктан ал Акаев менен да, Бакиев менен дагы иштешкенге мүмкүнчүлүк алган.

Медет Садыркулов жөнөкөй жумушчулуктан тартып Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими, салык инспекциясынын директору, эсептөө палатасынын башчысы, Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана мурдагы эки президенттин учурунда тең администрация жетекчиси кызматтарында иштеген. Ал изилдөөчү Слепченко жана айдоочу Сулайманов менен бирге 2009-жылы 13-мартта табышмактуу шартта набыт болушкан. Маркум 13-декабрда 57 жашка толмок.

"Азаттыктын" архивинен: Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов набыт болгону жоромолдонгон жай жана кагылышкан унаалар тууралуу видео баян. 2009-ж., 19-март. MiT, SA.

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG