Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Бабановго байланышкан банк чатагы


“Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов “Кыргызстан” коммерциялык банкынын мурдагы акционерлеринин дооматын четке какты.

Өткөн жумада аталган акционерлер “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Бабанов Максим Бакиев менен бирге 2008-жылы аталган банкты мыйзамсыз тартып алган деп доомат коюшкан.

Ошондой эле акционерлердин 47 миллион сомго барабар дивидендин төлөө боюнча соттун чечими аткарылбай жатканы айтылган. Бабанов мунун бардыгын анын дарегине айтылган карандай доомат катары баалады.

Банк кандайча сатылган?

Өткөн аптада “Ата Мекен” фракциясында “Кыргызстан” акционердик коммерциялык банкынын мурдагы акционерлери 2008-жылы Бабанов Максим Бакиевдин көмөгү менен банкты тартып алганын айтып чыгышкан болчу.

Бабанов аталган банктын 30 пайыз акциясын 2006-жылы эле Салымбековдордон сатып алганын, кийин ал 60 пайыз үлүшүн кошуп алып, 2008-жылы банкка кожоюндукту колго алганын айтты. Андан соң Бабанов Бакиев өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган.

“Ата Мекен” фракциясы Бабановдун аталган алды-саттысын жана Максим Бакиев менен каржылык байланышын иликтеп чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган.

Бирок Өмүрбек Бабанов банкты мыйзамдуу жол менен сатып алганын айтып, муну каржы чөйрөсү менен биргелешкен “Ата Мекен” партиясынын кезектеги чабуулу катары баалады:

- Ага биринчи вице-премьер-министрликтин эч кандай алакасы жок. Мен өз эрким менен ал кызматтан кеткеним эсиңерде болсо керек. Мен банкты сатып алып, ошол эле Калича Өмүралиевага жыйырма миллион доллар акчаны которуп бергем. Ушунун бардыгынын азыр көтөрүлүп жатканы мени саясий жактан каралоо аракети. Экинчиден, Садыбакасованын командасын колдонуу менен банкты өздөрүнө каратып алууну көздөп жатышат. Ошон үчүн ал фракция кылмыш ишин козгогула деп ачык эле көрсөтмө берип, чечим чыгарып жатат.

2008-жылы “Кыргызстан” коммерциялык банкынын негизги акцияларын саткан соң Шарипа Садыбакасова, Нурлан Койчубаков жана Калича Өмүралиева “Аман банкты” сатып алышканы жарыяланган эле.

Акционерлер күткөн үч жыл

Бирок акционерлер буга чейин өлкө укуктук талаага кире албай, саясий туруксуздук өкүм сүрүп турган чакта Бабановго карата дооматтарын ачык айтып чыга алышкан эмес экен. Калича Өмүралиева акционерлер Бабанов айткан жыйырма миллион долларды алдык деп кол коюп берип, бирок жыйынтыгында “Аман банкын” гана алышканына токтолду:

- Башында сатпай койгонбуз. Анан балдарыбызды өлтүрөбүз деп коркутушканда 30дан ашуун акционер чогулуп, алтымыш пайыз акциялардын пакетин топтоп, Бабановго документ аркылуу гана тапшырып бергенбиз. Акчасын көргөн эмеспиз. Биз бардык шарттары бар, сексенге чукул филиалдары бар ийгиликтүү банкты жөн эле кантип сатып жибермек элек? Аны бизден мажбурлап алышкан. Бизге Максим Бакиев кенедей болгон “Аман банкын” берүү менен гана кутулган.

Бабанов бул маселе мурдатан келаткан тирешүүнүн жыйынтыгы экенин айтып, “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги дооматтын арты менен саясий упай топтоого ынтызар болгонун кошумчалады. Бирок “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев маселе жабыркаган ишкерлердин кайрылуусунун негизинде гана каралганын белгиледи:

- Бизге Бабанов менен Максим Бакиевдин залакасынан жабыркаган ишкерлер расмий кайрылгандыктан ошол маселени карадык. Негизи буга чейин эле аталган акционерлерден күч менен сатып алышканы боюнча маалыматтар банк чөйрөсүндө айтылып жүрчү. Бабановдун ошол кездеги Максим менен болгон алакасын эске алганда аталган маалыматтар чын чыгышы мүмкүн. Эми муну прокуратура териштирип, баасын берет го.

Ошол эле кезде банктын мурдагы акционерлери 2006-жылдан бери 47 миллион сомго барабар дивиденддерин алышкан эмес. Бул боюнча алар сотко кайрылып, соттун чечими акционерлердин пайдасына болгону менен дивиденддер азыркыга чейин төлөнө элек. Бабанов дивиденддер боюнча дооматты да негизсиз жалаа катары четке какты.
XS
SM
MD
LG