Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

“Ата Мекен” Бабановго иш козгоону талап кылат


Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов.

“Ата Мекен” фракциясы экс-премьер Бабановго байланыштуу иштерди иликтөө үчүн коррупцияга каршы күрөш кызматына материалдарды жөнөттү.

Фракциянын чечиминде салык төлөөдөн качуу жана менчикти ээлеп алуу фактыларын камтыган материалдарды кайрадан иликтеп чыгуу зарылдыгы көрсөтүлгөн. “Республика” партиясынын аткаруу комитети Бабановго карата айыптоолорго негиз жок экенин айтып, буга чейин эле анын ишмердигин текшерген парламенттик комиссия ага чекит койгонун жарыялады.

Колдон-колго өткөн НТС

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Манас Интернейшнл Сервис” жана НТС телеканалын уюштурган “Транс Медиа” ишканаларынын чыныгы кожоюнун аныктоо маселесин көтөрдү. Ал өзүнүн баяндамасында Бабанов НТС телеканалын 2008-жылы Бакиевдерге сатып, бирок 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин өзүнө караштуу адамдарга кайра каттатканын тастыктаган документтер бар экенин белгиледи:

- 2008-жылы Бабанов өзүнүн орусиялык өнөктөшү Бажаев экөө НТС телеканалын Бакиевдердин карамагына өткөрүп берген. Бажаев өзүнүн энчисин алган. Ал эми Бабанов көп өтпөй эле өкмөт башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Бирок 2010-жылы Бакиевдер качканда соттун негизсиз чечими менен аталган телеканалды кайрадан өзүнө караштуу адамдарга каттатууга үлгүргөн. Биз бул жерде менчикти мыйзамсыз басып алуунун жана коррупциянын белгилери бар деп эсептейбиз. Ошондуктан муну иликтеп чыгуу зарылдыгы бар.


Текебаев мындан сырткары күйүүчү май ишкердиги менен шугулданган “Манас Интернейшнл Сервис” компаниясынын салык жашырган учурлары иликтенбей келгенин белгиледи. Бул боюнча 2005-жылдан бери бир нече текшерүүлөр болгону менен коррупциялык байланыштардын күчү менен жыйынтык чыкпай келгени баяндамада көрсөтүлгөн. Ошондой эле Текебаев “АКБ Кыргызстан” банкын сатып алууга оффшордук зонадан Бабановго которулган 20 миллион доллардын тек-жайы белгисиз бойдон калганына токтолду:

- 2008-жылы Бабановдун эсебине оффшордук зонадан 20 милилон доллар которулгандан кийин ал акчанын тек-жайы боюнча сурашканда ал тартынбай эле “оффшордогу бир компания апамдан карыз акча алган экен, ошону кайтарып берди” деп кишинин күлкүсүн келтире турган жообун узаткан. Биз бул жооп жетишсиз деп эсептеп, ошол акчанын теги каяктан экендигин жана андан эмне себептен салык төлөнбөгөндүгү боюнча тергөө иштери жүрүшү керек деген маселени көтөрүп жатабыз.

Бирок экс-премьер-министр Бабановго байланыштуу айыптоолорду “Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев четке какты. Эсеналиев муну саясий күрөштүн туундусу катары баалап, айтылган фактылар тастыкталбаганын белгиледи:

- 2011-жылы Бабанов иликтөө ишине таасир этпөө үчүн өзүнүн демилгеси менен кызматынан убактылуу четтеп турган. Анан депутаттык комиссия иликтеп чыгып тиешелүү жыйынтыгын чыгарган болчу. Анын бүтүмүндө Бабановго байланыштуу айыптоолордун бири дагы тастыкталбагандыгы көрсөтүлгөн. Анан ушул маселеге чекит койулса деле кайра-кайра эле көтөрө бериштин кандай кажети бар экенин мен түшүнбөй турам. Ал эми НТС телеканалы кимге караштуу экени бүт баарына белгилүү. Мына ошол Текебаев башында турган 2007-жылкы оппозициянын митингдерин НТС телеканалы чагылдырып турганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек.

Аягына чыкпаган иликтөө

Мурдагы баш прокурор Байболовдун парламент трибунасынан айткан маалыматтарынын негизинде 2011-жылы өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бабановдун ишмердигин иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүлгөн. Кийин комиссия мүчөлөрүнүн добушу экиге бөлүнүп, жыйынтыгында койулган айыптоолорго далилдер жок деген бүтүм үстөмдүк кылып кеткен.

Мына ошол убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов иликтөө ишин объективдүү негизде аягына чыгарууга бир катар тоскоолдуктар болгонун мындайча белгиледи:

- Бул боюнча толук чечим чыкпай калган. Анткени бул иликтөө ишин аягына чыгарууда ошол учурдагы менин досторум колдобой койушпадыбы. Текебаев менен Жээнбеков унчукпай отуруп калышпадыбы. Анан тигилер өзүнчө комиссия түзө коюшуп, өздөрүнө ыңгайлуу токтомду өткөрүп кетишкен. Негизи эки маселе боюнча келише албай койгонбуз. Биз Бабанов салык төлөгөн эмес дедик. Алар болсо төлөгөн дешип, алардын айтканын салык кызматы тастыктап туруп алган. Анан жалгыз жанагы 20 миллион доллар боюнча факты гана тастыкталган болчу.

“Ата Мекен” фракциясы чогултулган материалдарды иликтеп чыгып, Бабановдун иш-аракетине укуктук баа берүү маселесин кароону Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөш кызматына тапшырды.
XS
SM
MD
LG