Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Айтмурзаева: 2100-жылы мөңгүлөр 90% чейин кыскарат


Эксперттер Кыргызстанда абанын температурасы тез жогорулап, ар кандай оорулардын көбөйүшү ыктымалдыгын айтып жатышат. Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун башчысы Гүлмира Айтмурзаева “Азаттыкка” маек курду.

- Климаттын өзгөрүшү менен мурда катталбаган оорулар пайда болот деген божомолдор айтылып атат. Акыркы кезде бул маселе дүйнө жузүндө талкууланып атат. Бирок Кыргызстанда абанын температурасы салыштырмалуу тез жогорулап жаткан экен. Климаттын өзгөрүшү эмнеге алып келет?

- Азыр акырындык менен планетанын жылышы байкалып жатат. Бул атмосферадагы парник газдарынын топтолушу менен байланыштуу. Кыргызстанда аба ырайы температурасы орточо 0,8 градуска көтөрүлдү. Муну менен суук күндөр 8 күнгө чейин кыскарды. Демек азыр жылуу күндөр көбүрөөк болуп жатат. Ошого байланыштуу акыркы 30-40 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн көлөмү 15% кыскарды.

Ал эми азыркы божомолдорго караганда, 2100-жылга мөңгүлөрдүн көлөмү 90% чейин кыскарат. Бул эмнеге алып келет? Биринчиден, муздар ээрий баштаса кар, жер көчкү, сел, суу ташкындары көбөйөт.

Экинчиден, муздун көлөмү азайса, көл, дарыяларда суу азая баштайт. Ошондуктан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери биринчи ирет суу ресурсуна тиет. Андан сырткары жаан-чачын, сугат суу жетишпесе, айдоо аянттары кыскарат. Бул калк арасындагы ачарчылыкка алып келет.

Климаттын өзгөрүшү ден соолукка да залалын тийгизет. Мисалы, ар кандай травмалар, жүрөк, кан тамыр, жугуштуу оорулар күчөшү ыктымал. Тилекке каршы ушундай шартта адамдардын өлүмү да көбөйөт.

- Кантип сактанса болот? Мисалы, 2011-жылы бриль деген оору пайда болгон экен. Ал эмне болгон оору, чын эле ушул оорунун чыгышына климаттын өзгөрүшү себеп болдубу?
Кыргызстанда аба ырайы температурасы орточо 0,8 градуска көтөрүлдү. Муну менен суук күндөр 8 күнгө чейин кыскарды. Демек азыр жылуу күндөр көбүрөөк болуп жатат.

- Бул оору да климаттын өзгөрүшү менен чыкты. Мурда бул илдет Кыргызстанда такыр болчу эмес. Анткени бул абдан ысык жактарда кездешет. Бизде бир киши ошол оору менен катталды. Муну биз климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деп ойлоп жатыбыз. Бул вирустук оору.

- Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги “2011-2015-жылдардагы климаттын өзгөрүү шартына организмдин ийкемделиши” программасын ишке ашыра баштаган экен. Мындай оорулардан кантип сактаныш керек?

- Тазалыкты сакташ керек. Айлана-чөйрөнү, үйдү таза кармоо зарыл болот. Андай учурда адамдын иммунитети да алсыз болуп калат. Андай шартта ар кандай оорулар тез жугуп, организм алсыз болуп калат. Ошондуктан иммунитетти көтөрүш керек. Мисалы, балдар, аялдар арасында аз кандуулук көп деп айтып жатпайбызбы. Ошого каршы аракеттерди жасаш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG