Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Кыргызстанда мөңгүлөр эрип, тузсуз суунун запастары азайып баратат


Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да айлана-чөйрөнү коргоо маселеси реалдуу көйгөйгө айланып баратат. Климаттын глобалдык жылышына карата өлкөдө тузсуз суунун запастары азайып, мөңгүлөр эрип кетүүдө.

Кыргызстандын айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Бараталы Кошматовдун айтуусунда, учурда өлкөдө 8 миңден ашуун мөңгүлөрдүн 2 миңден ашыгы ээрип кеткен. Мөңгүлөр жылына орточо 8 метрге азайып жатат.

- Мындан улам мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алуу үчүн шашылыш иш аракеттерди көрүү керек. Ал эми Борбор Азия мамлекеттериндеги мөңгүлөрдү толук изилдеп, иликтөөгө алуу зарыл. Тажикстанда айрым мөңгүлөрдү изилдеп чыгышты. Бул үчүн чет өлкөлөрдөн донор таап, каржы ресурстарын чечүү керек.

Адистер кийинки 15-20 жыл аралыгында мөңгүлөр тез эрип, муз катмары азайып бара жатканын айтышууда. Бир жайда орто эсеп менен мөңгү катмары эки метрге чейин азайганы катталган. Жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын мөңгүлөрү отуз беш пайызга чейин кыскарышы мүмкүн деген илимий божомолдор бар.

Бишкектеги кыргыз-немис Борбор Азия жер илим изилдөө институтунун ага илимий кызматкери, гелогия илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиевдин айтымында, Кыргызстандагы мөңгүлөргө байкоо жүргүзүлүп, иликтөөгө алынганы менен атайын каттоого алуу кеңеш доорунан бери жүргүзүлө элек. Адистин пикиринде, мөңгүнүн бардыгы эрип кетип, дарыялар суусуз калат деген чындыкка сыйбаган кеп:

- Мөңгүлөрдүн азайып, көлөмү кичирейип калганы байкалат. Алар деле климат сыяктуу эле өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бардыгыбыз абанын жылышы тууралуу сөз кылуудабыз, ал эми жаан-чачындардын санын эске алган киши жок. Мөңгү үчүн температурадан сырткары жаан-чачындын да таасири бар.

Окумуштуулардын айтуусунда, мөңгүлөр жылына орто эсеп менен бир нече метрге чейин жылып, суу берүү өлчөмү да өзгөрүлүп турат.

Ал эми коомдук-экологиялык «Мөңгү» фондунун президенти Үрүстөм Кабылбеков өлкөдөгү мөңгүлөрдүн 30 пайызы жоголуп, эрип баратканы менен иче турган таза суу маселеси дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп жатканын айтат:

-Азыр биздин маселе - мөңгүлөрдү сактоо, ошону менен катар эле элдин экологиялык сабатсыздыгын жою. Быйыл күзүндө "Борбор Азиядагы нымдуулуктун, ден соолуктун, кубаттуулуктун жана саясый туруктуулуктун башаты" деген өңүттө дүйнөлүк деңгээлде форум уюштуралы дегенбиз. Анын ичинде дагы бир долбоор бар, ал "Мөңгүлөрдүн тынчтык аллеясы" деп аталат. Кыргызстандын жана Тажикстандын мөңгүлөрүн бириктирип иш алып барсак, жалпы Борбор Азияны гүлдөтүп багып алганга экономикалык-энергетикалык-экологиялык потенциялыбыз жетет.

Адистердин баамында, эгерде эки градуска жылыган учурда күңгөй Ала-Тоонун түштүк кырка тоо тарабында мөңгүлөрдүн аянтты 76,5 пайызга, түндүк тарабында 32 пайызга азаят. Нарын дарыясынын куймаларындагы мөңгүлөр өзүнүн аянтын 50 пайызга чейин жоготушу мүмкүн. Бир кыйла бийиктиктен улам Кан-Теңир менен Жеңиш чокуларынан мөңгүлөр анча көп азайбайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG