Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Сабатсыз муун өсүп келатат


Кыргызстанда 63 миң бала окубайт. Эгер жакын арада бул маселени чечүү үчүн күжүрмөн аракеттер башталбаса, жаштар кылмыш дүйнөнү толуктай берет деп адистер эскертишүүдө.

ЮНЕСКО менен ЮНИСЕФ ушул жылы өткөргөн изилдөөгө ылайык, 63 миңден ашык бала иштегенине, майыптыгына жана кароосуз калгандыгына байланыштуу мектепте барбай жатат. Бул топко ошондой эле ички жана тышкы миграциянын агымында жүргөн үй-бүлөдөгү балдар да кирген.

Билим албаган балдардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашайт. Эл аралык эмгек уюмунун координатору Амина Курбанованын айтымында, алардын көбү базарларда иштешет.

ЮНИСЕФтин билим берүү маселелери боюнча координатору Чынара Куменованын айтымында, мектепке барбаган балдардын жыл сайын бирде азайып, бирде көбөйүп турганын эске алганда да 60 миңден бөксөргөн жери жок.

- Үй-бүлөдө жетишпегендик болгон үчүн бала иштегенге мажбур. Ата-энелер жиберген көп учурлар болот. Экинчиси – ден соолугуна байланыштуу. Кээ бир жерде тил тоскоолдугу болуп жатат, кээ бир жерде мектеп алыс, айрыкча айылдарда. Андан сырткары миграция да болуп жатат – ата-энеси жок болгондуктан улуу балдар мектепке барбай, бөбөктөрүн кароого мажбур.

Мектепке барбаган балдар үчүн Билим берүү министрлигинен сырткары Социалдык коргоо, Ички иштер, Саламаттык сактоо, Эмгек министрликтери жана жергиликтүү өкмөт жооптуу.

Башкы прокуратуранын Балдар укугун коргоону көзөмөлдөө бөлүм башчысы Нина Устинова аталган мекемелерди маселени чечүү үчүн натыйжалуу иш-чараларды өткөрбөй, биргелешип иш алпарбай жатат деп сындады. Мындай тыянакты прокуратуранын тиешелүү бөлүмү атайын текшерүүдөн кийин чыгарган.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мектепке барбаган балдардын ата-энелеринин жоопкерчилигин күчөтүү жана иштеп жаткан балдар үчүн өлкө аймагында “кечки мектептерди” же “эмгекчил жаштардын мектептерин” ачуу боюнча пландары менен бөлүштү.

- Бирок бул иштер жетиштүү эмес экендигин биз көрүп жатабыз. Бул жерде негизинен социалдык абалды жакшыртуу, элди жумуш менен камсыз кылуу жана ошол эле учурда биздин билим берүү мекемелерди, бала-бакчалардын санын көбөйтүү жана биз берип жаткан билимдин сапатын жогорулатуу жөнүндө сүйлөшөбүз.

Балдар менен иштешип келаткан “Доор эли” коомдук бирикменин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева Конституцияда жалпы билим берүү бекер деп көрсөтүлгөнү менен мектептерде акча талап кылуу милдеттүү түргө айланып кеткенин жана документтер тизмеси катуу талап кылынып жаткан үчүн да ички мигранттардын балдары мектептерге барбай калып жатат деп мамлекетти сындады.

- Ошол балдар эртең үй-бүлө курушат, балалуу болушат. Анан алар балдарын тарбиялаш керек. Жакырчылык маселеси тууралуу ойлоно турган болсок, эгерде адамдын билим деңгээли болбосо, ал жакырчылыктан чыга албайт. Жакырчылыктан чыгара турган бир гана жол – бул билим. Эгер билим деңгээлиң жогору болуп, жакшы адис болуп, жөндөмүңдү көрсөтсөң – сен ошондо жакырчылыктан чыгып кетесиң.

Адистер бул көйгөйдүн натыйжасы келечекте эмес, бүгүн эле билимсиз калган жаштарда көрүнүп жатканын, эгер буга маани берилбесе, жалпы эле калктын билим деңгээли төмөндөөрүн айтышты.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча өлкөдө 600 миңдей бала эмгектенет. Анын 63 миңи ЮНЕСКОнун изилдөөсүнө ылайык мектепке барбайт. Алардын көбү Бишкек менен Ош шаарларында, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашайт.
XS
SM
MD
LG