Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

Баласын эстен тангыча сабаган эне


Өз энесинен запкы көргөн Николай Рожин ооруканада. Чүйдүн Беловодское айылы, 27-июнь, 2012.
Өз энесинен запкы көргөн Николай Рожин ооруканада. Чүйдүн Беловодское айылы, 27-июнь, 2012.

Чүйдүн Петровка айылында апасынан катуу токмок жеген беш жаштагы бала оор абалда ооруканага түштү.

Беш жаштагы Николай Рожин Москва райондук ооруканасында 25-июндан бери жатат. Дарылап жаткан догдурлардын айтымында, медициналык тез жардам кызматы алып келгенде анын абалы оор эле: кусуп, денесинде бир нече көгала тактар болгон.

Аталган оорукананын Травматология бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Жумабаевдин айтымында, бала энесинен катуу токмок жеген.

- Бизге келгенде эсин жоготуп, башы тегеренип, башы ооруп, кусуп – ушундай сипмтомдор болчу. Мээнин чайкалганы деп коёт кыргызча, ошондой диагноз менен түштү.

Догдур азыр баланын саламаттыгы түзүк болуп, ойноп жана жакшы тамактанып калганын кошумчалай кетти.

Беш жаштагы Николай болсо апасы «акча уурдап алгансыӊ» деп сабаганын айтат:

- Апам мени жоголгон акча үчүн сабады. Жоголгон акчаны таякем өзүнө алып, мен уурдагансып көрсөтүп койду. Мен ал акчаны алган эмесмин десем да ишенбей, үбөлүк менен сабап, анан колу менен, анан кайра үбөлүк менен уруп жатты. Үбөлүк башыма, кулагыма, далыма тийди.

Бул окуя боюнча милиция жана социалдык коргоо мекемелеринин кызматкерлери иштеп жатышат. Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Данияр Шейшеналиев запкы жеген баланын апасын энелик укуктан ажыратуу жагы иликтөөдөн кийин билинерине токтолду:

- Азыр кошуналарынан сурап, үй-чарба акыбалын баалап жатабыз. Ата-энелик укуктан ажыроо болушу мүмкүн. Начар жашаган, эки балалуу бүлө экен. Үйүндө эч кандай шарттар жок баланы бакканга. Апасы ичет, атасы жок, үйүнө ар ким келе берет экен.

Николайдын апасы - Ольга Рожинанын кошунасы - Оксана Шувалова запкы көргөн баланы ооруканага жаткырган. Ал Рожинанын кызын өзү асырап алып, азыр документтерди чогултуп, өзүнө каттатып жаткан экен.

- Бул балдардын апасы дайыма ичет. Кызы дайыма ачка жана кир болуп жүрөт. Биринчи күнү менин үйүмө келгенде бир табак шорпону ичип жиберди. Бүгүн беш күн болду, азыр азыраак жеп, тамак, таттуу эмне экенин билип калды. Ольга болсо отуз жашта. Кейпин көрсөңөр кырктан кем эместей көрүнөт. Дайыма ичет. Качан көрбө, дайыма мас. Күйөөсү уурулук үчүн түрмөдө.

Николайдын апасы Ольга Рожина бизге баласын үбөлүк менен урбаганын билдирди:

- Үбөлүк менен эмес эле, чыбык менен ургам, акча уурдабай, кошуналардын алдында уят кылбасын деп. Башындагы жарака мурун эле бар болчу. Төрөлгөндөн бери... Мен каяктан билейин ал ооруканада экенин? Мына азыр сиз айттыӊыз. Балам үйдө жок экенин байкагам, бирок менде өзүмдүн проблемаларым толтура. Укук коргоо органдары ата-энелик укуктан ажыратса ажырата берсин.

Балдардын укугун коргоп жаткан «Доор эли» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиеванын сөзүнө караганда, балдарга карата мындай зомбулук биринчи иретте ата-энелердин өзүнөн болууда.

- Мамлекеттик деңгээлде үй-бүлөлүк саясаттын жоктугунан ушундай окуялар болуп жатат. Үй-бүлө дегенде биринчи кезекте балага көңүл бурулат, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилеге өзгөчө көңүл бурулуш керек да. А бизде ата-энелер көбүнчө күнүмдүк көртирлик менен убара.

Өз энесинен запкы көргөн беш жаштагы Николай Рожин болсо ооруканадан чыккандан кийин апасына эмес, кошунасы Оксана менен жашагысы келип жатканын айтууда. Эгер анын апасы ата-энелик укуктан ажыраса, укук коргоо органдары Николайды балдар үйүнө жибериши да ыктымал.


Өз апасынан запкы көргөн Николай
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG