Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Бозумчактагы чырга чекит коюла элек


Кендер бюджеттин өзөгүн түзөт
Кендер бюджеттин өзөгүн түзөт

Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын кенин чалгындап жаткан “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы менен жергиликтүү калк араздашууда.

Кенге жакын жайгашкан Көк-Серек айылынын тургундары 31-марттан тарта аталган компанияга “жол салып бергиле, иш менен камсыз кылгыла" өңдүү бир нече талапты коюп жатат. Ал эми “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү буга атайын топ тарабынын жасалган чагым катары баа берүүдө.

Бизге белгилүү болгондой, Көк-Серек айылынын тургундары “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы талаптарды аткарбаса, 12-15-апрель күндөрү жол кайрадан бууларын эскерткен. Ала-Бука районундагы жаштар уюмунун төрагасы Эрнис Маматов маселенин тамыры терең кеткендиктен ушул нааразычылык чыгып жатканын билдирди.

- Эл биринчи жолу чыккан жок. Мындай нааразычылыктар буга чейин эле болуп келген. Компаниянын бүтүргөн иши убактылуу болуп жатат. Былтыр эле жолго асфальт төшөлгөн. Быйыл четинен кетип, бузула баштады. Анткени ал 40 тонналык машиналарды көтөрө албайт. Ага эсептелип салынган эмес.

Эрнис Маматовдун айтымында, “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы фабрика куруу үчүн кытайлык компанияны жалдаган. Ал компания болсо курулуш ишине жүзгө жакын кытай жарандарын алып келген.

- Азыр ал жерде жүзгө чукул кытай жарандары мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Алар атайын адистер болсо унчукпайт элек, карапайым жумушчулар эле болуп жатпайбы. Алар кылган иш биздин деле колубуздан келет да. Экинчиден, биз кенде иштеген жергиликтүү элдин айлыгын көтөрүү талабын койуп жатабыз. Эмне үчүн алар кытай жарандарынан аз алышы керек? Үчүнчүдөн, эмгек өргүүгө чыкканда акча төлөнүп, медициналык жактан камсыз болсо дейбиз. Биз мунун баарын алдын алуу максатында чыгып жатабыз. Иштамберди бизге сабак болду. Ал ачылып жатканда эч ким минтип айткан эмес.

Ала-Бука районун акими Атантай Рыскулов буга чейин “Азаттыкка” элдин нааразы болуп чыгышын мындайча түшүндүргөн эле:

- Бул жерде “Казахмысты” түздөн түз күнөөлөө туура эмес. Кеп аны менен өнөктөш иштеген компанияларда болуп жатат. Айрым үй-бүлөдөн экиден киши иштеп жатса, айрым үй-бүлөдөн эч ким кирбей калган. Эл ошого нааразы болуп жатат.

“Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы Кыргызстанда 2008-жылдан тарта иштеп келет. Аталган компания жетекчиси Ильяс Тулекеев өткөн жылдын октябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугуп, 2013-жылдын декабрынан тарта кен казуу иши башталарын билдирген. Бирок убада кечеңдеп келет.

“Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын маалымат катчысы Тимур Шаршеналиев болсо, жергиликтүү элди инвесторлорго каршы атайын бир топ кайрап жатат деген ойдо.

- Компания азыр бир тыйын да пайда көрө элек. Бирок биздин эсеп боюнча кен жарым жыл мурда иштеши керек болчу. Азыр жергиликтүү тургундар 27 чакырым жолду асфальттоо талабын коюп жатышат. Биз аны 2008-2009-жылдары эле оңдогонбуз. Ага чейин тамтыгы чыгып жатчу. Былтыр эле жолду оңдоо, көпүрө куруу иштерине 6 миллионго жакын сом сарптадык. Жеке пикиримде, маселени козутууга кызыкдар топтор бар. Көк-Серектин бардык жашоочуларын бизге каршы деп айтканга болбойт.

Тимур Шаршеналиев жогорудагы жергиликтүү эл нааразы болуп жаткан кытайлык “МСС” компаниясы экенин тастыктады. Маалымат катчынын билдиришинче, компания Бозумчакта фабрика куруп жатат.

- Биз аларга заказ бердик, ошону аткарып жатышат. Калган ички ишине кийлигише албайбыз. Кимди жумушка алат, кимди кетирет өздөрү чечет. Ал жердеги кытайлар деле убактылуу иштеп жатат. Иши бүтсө, бир жылдан кийин кетет. Курган фабрикасы жергиликтүү элге калат, кеминде 800 кишилик жумуш оруну түзүлөт. Бизге деле билимдүү адистер керек. Социалдык программага ылайык, 3-4 жылдан бери Көк-Таш жана Көк-Серек айылынын жаштарын Тоо-кен металлургиялык институтта окутуп жатабыз.

Геология жана Минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Ишимбай Чунуев эл менен жолугушуу үчүн жакында кенге барарын билдирди:

- “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы бул кенге 190 миллион доллар сарптаган. Быйыл фабриканы куруп бүтүп, иштеп башташы керек эле. Буга чейин техникалык коопсуздук жагын карашып, айыл сыртынан жол салууга жер сурашкан. Жергиликтүү эл макул болгон эмес. Өткөндө кичине чыр болуптур. Жакында ал жакка бараганы турабыз.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров 31-мартта анчейин деле чоң чатак болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

- Биз иликтеп көргөндө жол айылды кесип өтөт экен. Андан 35 тонналык кытай унаалары жүргөндө чаң көтөрүлүп, үйгө каптап жатыптыр. Айрым тамдардан жарака кетиптир. Жол тосуунун башкы себеби ушул. Аким, РИИБү, прокуратура кызматкерлери барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң саат кечки алтылар чамасында таркап кетишти. Андай деле чоң чатак болгон эмес. Жүзгө чукул айыл тургундары топтолуптур. Эми 13-15-апрелде кайра жол тосушабы же тосушпайбы ал белгисиз. Тосулбай калышы да мүмкүн.

“Казахмыс” коңшу өлкөдөгү ири корпорация болуп саналат. Негизги багыты - жез казып алуу жана аны өндүрүү. Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн айтымында, Бозумчак алар инвестиция салган биринчи кен. Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясы Ала-Букада 20 жылга чейин иштеп, бир жыл ичинде 7 миң З00 тонна жез, 39 миң унций алтын жана 200 миң унций күмүш өндүрмөк болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG