Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Дүйшөмбиев: Өзбек тарап өз кадамын түшүндүргөн жок


Райымберди Дүйшөмбиев жана Алмазбек Атамбаев
Райымберди Дүйшөмбиев жана Алмазбек Атамбаев

Чек арадагы Ала-Бука - Кербен жолундагы соңку кырдаал, ал жердеги өзбек чек арачыларынын аскер техникасы менен келип алышынын себептери, бул жагдай боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү туурасында “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев айтып берди.

"Азаттык”: Райымберди мырза, азыр Ала-Бука - Кербен жолунда кырдаал кандай, тынчпы?

Райымберди Дүйшөмбиев: Өзгөрүүсүз. Ошол жерде эртең менен коюлган өзбек чек арачылары жана биздин койгон чек арачылар турат. Биздин жарандар ары-бери унаа менен өтүп жатышат. Кырдаал көзөмөлдө. Бүгүн ошол жердеги чек ара өкүлдөрүбүз бар. Алар өзбек тарап менен жолугуп, азыр өзбек тарап эмнеге мындай жолго барганын айткан жок. Биздин ортобузда келишимдер бар болчу. Такталбаган участкаларга курал, аскер адамдары, чек арачылары эки тараптан тең кирбеши керек. Алар ошол келишимди бузуп кирди да.

“Азаттык”: Өзбек тарап такталбаган аймакка таң эрте, саат жетиде аскердик техникалары менен кирди. Алар мунун себеби тууралуу сиздердин сурооңуздарды эмне үчүн жоопсуз калтырып жатышат?

Райымберди Дүйшөмбиев: Азыр ошол боюнча Тышкы иштер министрлиги нота жолдоду. Ошонун жообун күтүп жатабыз. Азырынча жооп боло элек.

Кыргыз-өзбек чек арасында бүгүнкүдөй окуя алгачкы ирет болууда. Башка чек араны билбей, адашып өткөндөр, мал айдап чек араны байкабай өтүп кеткен учурлар бар.

“Азаттык”: Бүгүн өкмөт башчы ошол жердеги чек арага жакын жашаган айыл тургундарынын коопсуздугун күчөтүү боюнча тапшырма берди. Кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?

Райымберди Дүйшөмбиев: Ал жерде ар кандай туура эмес нерселерди болтурбоо максатында чек араны бекемдөө боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, көрсөтмөлөр болду.

“Азаттык”: Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы эмне болду?

Райымберди Дүйшөмбиев: Биз тарап алардын кадамынын себебин сурадык. Ала-Бука чек ара отрядынын башчысы болду ал жерде. Өзбек тараптын чек ара өкүлү жогору тараптан ушундай буйрук келгенин, ошол үчүн аймакка чек арачыларын койгонун айтты.

“Азаттык”: Кыргызстан тараптан канча чек арачы турат?

Райымберди Дүйшөмбиев: Өзбек тараптыкы канча болсо, биз дагы ошончо кишини койдук.

“Азаттык”: Өзбек тарап аскердик техникаларын алдыбы же өзгөрүүсүз эле турабы?

Райымберди Дүйшөмбиев: Эки БТРи жолдун четинде эле турат.

“Азаттык”: Буга чейин дагы такталбаган аймакта ушундай аракеттер болгон беле же бул биринчи жолу болуп жатабы?

Райымберди Дүйшөмбиев: Ошол жерде биринчи ирет болуп жатат. Бирок башка такталбаган аймактарда маал-маалы менен мындай окуялар болуп келген.

Кыргыз-өзбек чек арасында бүгүнкүдөй окуя алгачкы ирет болууда. Башка чек араны билбей, адашып өткөндөр, мал айдап чек араны байкабай өтүп кеткен учурлар бар.

“Азаттык”: Жыл башынан бери канча, кандай окуя катталды?

Райымберди Дүйшөмбиев: Кыргыз-өзбек чек арасында бүгүнкүдөй окуя алгачкы ирет болууда. Башка чек араны билбей, адашып өткөндөр, мал айдап чек араны байкабай өтүп кеткен учурлар бар. Жалпы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, тынч.

Биз тажик чек арачылары менен чек араны бирдиктүү кайтарып, кандайдыр бир маселе чыкса чогуу чечип жатабыз. Жолугушуулар болуп турат. Өзбек тарап менен деле жолугушуулар болуп, кандайдыр бир маселе болсо такташып, чек ара өкүлдөрү чек ара режими бузулганда маселени чечип турат.

Азыр эми Ала-Бука менен Кербендин ортосунда кырдаал бар, башка жерде тынч. Көзөмөл өткөрүү жолдору жабык, бир гана Кызыл-Кыя пункту штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо алар эл аралык өткөрүү пунктунан өтө беришет.

“Азаттык”: Өзбек тарап чек ара пункттарын жапканын эмне себеп менен түшүндүрүштү?

Райымберди Дүйшөмбиев: Эми алар ар түрдүү себептерди айтып жатышат. Нооруз майрамына карата өздөрүндө режимдик иш-чараларды өткөрүп жатканы туурасында сөздөр бар. Бирок расмий маалымат бере элек.

“Азаттык”: Сох анклавы боюнча соңку жагдай кандай болуп жатат?

Райымберди Дүйшөмбиев: Сох анклавы боюнча биз аларды Кадамжай аркылуу өткөрбөй, Кызыл-Кыя аркылуу өткүлө дедик. Ошол эл аралык өткөрүү пункту болуп саналат. Ал жактан 10 -15 унаа Кызыл-Кыя жактан жолду билбейбиз, өтө албайбыз деп кайра Кадамжайдан Сохко кайткан экен. Алар өздөрүнүн акимчилигине нааразылыктарын билдирип жатышкан экен. Ушундай маалыматтар келди.

“Азаттык”: Ала-Бука - Кербен боюнча эми өкмөттүн мындан аркы кадамдары кандай?

Райымберди Дүйшөмбиев: Эми азыр нота жибердик. Анын жообун күтөбүз. Андан соң кийинки кадамдар болот.

“Азаттык”: Рахмат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG