Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Чек арадагы кырдаал боюнча ТИМ Өзбекстанга нота жолдоду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкентке нота жолдогонун Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшембиев “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн чек ара аймагында кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда өзбек тарап такталбаган чек ара аймагындагы Ала-Бука - Кербен жолуна аскер техникасы менен чек арачыларын киргизүүнүн себебин түшүндүргөн эмес. Алар жогору жактан гана ошондой буйрук болгонун жана ал аткарылганын айтышкан. Ушул тапта бул аймакка кыргыз талап дагы өзүнүн чек арачыларын койду.

18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30-40 аскер кызматкерлери келип 2 БТР жана 2 “Камаз” унаасын токтотуп алышкан. Мындан тышкары Өзбекстан саат сегизден тарта “Маданят-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, «Достук-автодорожный» өткөрүү пнуктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Үчүнчү өлкөнүн жарандарына «Достук-автодорожный» пункту аркылуу транзиттик өтүү штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргызстан өзбек жарандарына «Баймак-автодорожный», «Кен-Сай-автодорожный» , «Кадамжай-автодорожный» өткөрмө пункттарын аркылуу кирип чыгууга тыюу салды. (AzK)

XS
SM
MD
LG