Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Кытайга темир жол акысына Кыргызстан эмне берет?


Нарында Кытай кура турган темир жолдун акысы үчүн тоо кендерин берүүгө жергиликтүү эл каршы чыгууда.

Кытайдан Кыргызстанды көздөй темир жол салынат экен, ал Нарын облусунун аймагы аркылуу өтөт экен деген кепти нарындыктар укканына бир нече жылдын жүзү болду. Ал темир жолдун курулушу качан башталары белгисиз, бирок ошого карабастан жергиликтүү элдин тынчын кетирген кеп чыгууда.

Боло элек иштин божомолу

Жакында Нарында өткөн бизнес форумда жергиликтүү ишкер Бейшеналы Нурдинов Кытай темир жол курган акысына Жетим-Тоо темир кенин алат деген сүйлөшүүлөр болуп жатканын укканын белгилеп, маселенин мындай чечилишине каршы турууга чакырды.

- Ошол темир жолдун бизге кереги барбы? Эмне үчүн биз кендерди Кытайга берип, анан темир жол салдырышыбыз керек, - деди Бейшеналы Нурдинов.

Ушул эле форумда башка ишкерлер темир жолду кыргыз жерине кура турган болсо Кытай тарап керек болсо Кыргызстанга акча төлөсүн деген маселе коюп жиберишти.

Бизнес форумга катышып жаткан ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков темир жолдун акысына Жетим-Тоо темир кени берилет деген ММКлар учуруп жаткан жалган маалымат деп белгилеп, кур бекер дүрбөлөң түшпөөгө чакырды. Ошол эле учурда аталган депутат темир жолдун курулушу Кыргызстандын экономикасы үчүн, тоолуу Нарын областы үчүн жылына миллиондогон доллар пайда алып келе турган келечектүү иш экенин баса белгилеп кетти.

Кыргызстандын аймагы аркылуу темир жолду салып, анын акысы үчүн Кытайга кендерди берүү жөнүндө чынында эле сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Бул жөнүндө жыл башында жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов тактаган маалымат берген болчу. Анын айтымында, Кытай тараптан берилген сунуш боюнча чынында эле 2009-жылы Нарындагы алтын чыккан Тереккан жана Перевальное, Жетим-Тоо темир кенин, Сандык алюминий кенин темир жол акысына алмашуу жөнүндө Өкмөттүн токтому чыккан. Бирок Кыргыз өкмөтү мунун пайда-зыянын изилдеп көрүп, аны кабыл алуудан кийинки жылы баш тарткан. Бирок бул Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу темир жол салууга каршы дегенди билдирбейт.

Тараптар али бир пикирге келе элек

Кыргыз бийлиги Кытай менен байланыштырган темир жол өлкөнүн экономикасын өнүктүргөн кирешелүү булак болот деген позицияда турат. Нарын облусунун губернаторунун орун басары Сабырбек Сардарбеков темир жол салынып калса Кыргызстан Батыш Кытай менен Европанын жана Борбордук Азиянын ортосундагы транзиттик траффик кызматын көрсөтүп, миллиондогон пайда тапса болот дейт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транс улуттук темир жол магистралын долбоор боюнча Кытайдын Кашкар шаарынан бери куруп, Кыргызстанда Торугарт аркылуу өткөрүп, Өзгөн, Кара-Суу шаарларын аралап Өзбекстанга жеткирүү каралган. Кыргызстандагы участкасынын узундугу 268 км. болуп эсептелген. Айрым маалыматтарга караганда, Кытай менен Кыргызстан темир жолдун кендигинин өлчөмү боюнча бир пикирге келише элек. Эки өлкө эки башка стандартты сунуш кылышууда.

Аталган магистралдын техникалык-экономикалык негизин кытай эксперттери 2003-жылы эле иштеп чыгышкан. Ага ылайык, темир жолдун Кыргызстандын аймагындагы курулушунун наркы 1 миллиард 340 миллион долларга чыккан. Бул жол курулуп калса ал аркылуу транзиттик жүктөрдү ташуудан Кыргызстан жылына 200 миллион доллар пайда табары да эсептелген. Кыргызстан темир жол курууга акчасы жок, ошондуктан анын каражатын Кытай чыгармак болууда. Бирок анын ордуна Кыргызстан эмне берип эсептешет, кеп азыр ошондо турат.

XS
SM
MD
LG