Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Жусупбеков саясий курмандыкпы?


№1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбеков.
№1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбеков.

№1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбеков Октябрь райондук сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылга абакка кесилип, камакка алынды.

Марс Жусупбеков менен кошо айыпталып жаткан тергөө абагынын мурдагы кызматкерлери Марат Исаков менен Рыскулбек Тыныбек уулу мунапыстын негизинде эркиндикке чыгарылды. Сот Жусупбековду тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

- Марс Жусупбеков сот өкүмүнө ылайык коюлган беренелер боюнча 4 жылга кесилди. 10 күнгө чейин №1 тергөө абагында кармалып турат. Андан кийин жатак абакка которулат.

Марс Жусупбековго 2013-жылдын ноябрында “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан” деген беренелер боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Буга өткөн жылдын сентябрында интернетке жарыяланган видеотасма себеп болгон. Видеодо №1 тергөө абагында Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов жана бир нече эркинен ажыратылган адам жайыл дасторкон үстүндө бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап жатканы көрсөтүлгөн. Майрамдык маанайга бөлөнгөн камерада өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев да болгон.

“Жусупбековдун өмүрү коркунучта”

Жусупбеков учурда өзү мурда жетектеген тергөө абакта күчөтүлгөн кайтарууда кармалып турат. Абактагылар аны өзүбүз жазалайбыз деп өмүрүнө коркунуч туудурган. Бул тууралуу Жусупбековдун жубайы Айнура Бурканова “Азаттыкка” билдирди. Ал соттолгондорго үйдөгүдөй шарт түзүүгө буйрук бергендер эмес, буйрукту аткаргандар соттолуп жатканына нааразы.
Абдулла Юсупов.
Абдулла Юсупов.
- Сот Абдулла Юсупов сыяктуу соттолгондордун маалыматына таянып өкүм чыгарды. Ошол эле учурда тартип коргоо органдарынын маалыматтарын эске алган жок. Жолдошум саясий оюндардын курмандыгына айланды. Ал абакты тартипке келтирүү үчүн аракеттерди көрүп жаткан. Жетекчилердин буйругун аткаргандыгы үчүн түрмөгө кесилип жатканы абдан өкүнүчтүү.

Бурканова Жусупбеков жатак абагына эртерээк которулушу үчүн жогорку инстанцияга арыздануудан баш тартканын кошумчалады.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсуповдун билдирүүлөрүн иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов №1 тергөө абагында тартылган чуулгандуу тасмаларга ошол кездеги Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин түздөн-түз тиешеси болгонун айтууда.

- Тергөө абагынын кызматкерлери берген көрсөтмөлөргө таянсак, Рысалиев менен Качкыналиев Абдулла Юсупов, Дастан Оморов сыяктуу кесилген адамдар менен бир командада болушкан. 6 ай ичинде депутаттык текшерүүдө Юсуповдун айткандарынын бирөө да чындыкка коошпой тургандыгы, анын аферист экени тастыкталган. Ошондой тасмалардын чыгышына ким себепчи, ким жардамчы болгонун да сот эске алса жакшы болмок.

“Рысалиевдин кеңешчиси Юсупов менен 75 жолу жолуккан”

Жусупбековдун камалышын бизден угуп таң калып жатканын айткан Зарылбек Рысалиев өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагат. Бирок ал Юсуповдун арызын эске алып анын коопсуздугун сактоо үчүн тапшырма бергенин танбайт.
Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.
- Юсупов өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы тууралуу арыз менен кайрылган. Мага чейин деле бир нече жолу арыз жазыптыр. Анан мен Жусупбеков менен Качкыналиевге тапшырма берип, Юсуповду жакшылап карагыла бир нерсе болсо балээге калабыз деп айткам. Анан баарын эле мага жабыштырып, каралай берген туура эмес да.

Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Руслан Нурбековдун маалыматына таянсак, Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге да “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Нурбеков Качкыналиев бир жыл ичинде Юсуповго 75 жолу жолукканын, бул мыйзамга туура келбестигин айтты.

Ал эми Зарылбек Рысалиев кеңешчисинин абакка байма-бай катташын адаттагы эле көрүнүш деп эсептейт.

- СИЗОго 75 жолу кириптир деп ызы-чуу салып жатышат. Ал эмес 1775 жолу кириш керек болчу. Анткени анын кызматтык функциясында ошондой жазылган. Качкыналиев бир гана Юсупов менен эмес, 1200дөн ашык соттолгондор менен жолукту да.
Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбековдун "Азаттыкка" курган маеги, 01.01.2014
Жусупбеков: Генералдын айтканын аткардык
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00


Марс Жусупбековдун аты 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын абак жайларында кармалып тургандар жапырт ачкачылык жарыялашканда белгилүү болгон. Анда Жусупбеков №1 тергөө абагындагы кримтөбөлдөрдүн эшиги ачык турган камераларын жаап, тартипти күчөткөн.

Ал эми "абактын эрке баласы" атыккан Юсуповдун тегерегиндеги компроматтар согушу 2012-жылдан бери уланып келет.

XS
SM
MD
LG