Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

Абактагы Абдулланын каалоосуна ким жоопкер?


Абактагы Абдулла Юсупов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Абактагы Абдулла Юсупов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

"Ата Мекендин" төрт депутатына каршы талап-тоноочулук боюнча көрсөтмө берген Абдулла Юсупов отурган камерага сойку кыздарды киргизген факт боюнча Атайын прокуратура кылмыш ишти жандантты.

Жума күнү жыйын өткөргөн “Ата Мекен” фракциясы абактагы айыпкерге өзгөчө шарт түзүп берди деп Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевди күнөөлөп, козголгон иштин алкагында аны жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев муну талап-тоноочулук боюнча ишти жаптырууга жасаган "атамекенчилердин" аракети катары баалады.

“Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Жаза аткаруу кызматынын ал кездеги төрагасы Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев абактагы Юсуповго 66 жолу киргени айкын болду. Фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаев тергөө абагындагы нөөмөтчүлөрдүн маалыматына таянып, Качкыналиев Юсупов менен бир күндө 3-4 саат сүйлөшкөн учурлары катталганын билдирди. Абактагы Юсуповду телефон, тамак-аш менен камсыздоо жана ага жеңил ойлуу кыздарды киргизип берүү боюнча фактыларды абак жайдын кызматчылары тасмага тастыктап беришкен.

Абакта тартылган сүрөт. 20-январь, 2012-жыл
Абакта тартылган сүрөт. 20-январь, 2012-жыл
Түзөтүү жайларынын көзөмөлчү прокурорунун орун басары Шайлообек Айманбетов аталган факты боюнча кылмыш иши козголгонун айтты:

- Абак жайына кыздарды алып киргени боюнча былтыр 9-октябрда эле кылмыш иши козголгон. Бирок мына ошол Юсуповго киргизилген кыздын табылбай жатканына байланыштуу иш убактылуу токтоп турган. Азыр керектүү материалдар топтолуп, иликтөө иштери кайрадан жанданууда. Мына ошол иликтөөнүн жүрүшүнө карата тиешелүү кызматчылардын жоопкерчилиги боюнча тыянак чыгарабыз.

Рысалиев - Юсупов кызматташтыгы

Буга чейин абактагы Абдулла Юсупов “Ата Мекен” фракциясынан төрт депутат аны менен бирге талап-тоноочулукка өнөктөш болгон деп көрсөтмө берген. Ысымы аталган депутаттардын бири Туратбек Мадылбеков Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев өзүнө керектүү көрсөтмөнү алуу үчүн кылмышка шектүү адам менен кызматташ болгонуна токтолду:

- Рысалиев талап-тоноочулук боюнча көрсөтмө бергени үчүн Юсуповго көз каранды болуп калган. Абактагы Юсупов аны каалагандай калчап, каалаган шартты талап кылып турганы айкын болду. Башында булар менен кызматташ болгон Роза Рыкунованын алардын телефондук сүйлөшүүлөрү боюнча көрсөтмөсүндө да келтирилген. Рысалиев тергөө абагынын кызматчыларына буюруп, алардын эсебинен Юсуповго каалаган тамак-ашын киргиздирип турган экен. Абактын нөөмөтчүлөрү Юсуповго жеңил ойлуу кыздарды алып кирип турушканын да тастыктап жатканы эмнени каңкуулайт?

Ташполот Балтабаев
Ташполот Балтабаев
Абак жайлардагы тартипти бузуу боюнча козголгон кылмыш ишке Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Рысалиевдин катыштыгы азырынча аныктала элек. 30-декабрда тергөө абагында болгон депутаттардын бири Ташполот Балтабаев Рыкунованын арызынын негизинде козголгон кылмыш иш боюнча Рысалиевди жоопко тартууну прокуратурадан талап кылды:

- Бул иш мына ошол факт боюнча эле козголду. Бирок мына ошол жердеги тартипке түздөн-түз жооп бере турган Рысалиевдин үстүнөн азырынча иш козгобой жатышпайбы. Ушул иштин үстүндө Рысалиев турганы ачык эле болуп калбадыбы. Мына ошол тергөө абагынын кызматчыларынын көрсөтмөсү эмне үчүн иш козгогонго негиз болбошу керек? Прокуратура мына ошол далилдердин жана көрсөтмөлөрдүн негизинде Рысалиевге жана анын кеңешчиси Качкыналиевге кылмыш ишин козгоого тийиш.

№1 абактын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков “Азаттыкка” берген маегинде Абдулла Юсуповго атайын шарттар генерал Зарылбек Рысалиевдин тапшырмасы менен түзүлгөнүн айткан.

“Ата-Мекен” карт-бланш алдыбы?

Буга чейин абактагы Абдулла Юсуповдун төрт "атамекенчи" депутатка каршы видео көрсөтмөсү “Республика” фракциясында талкууланган.

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев
Ал кезде Ички иштер министри болуп турган Зарылбек Рысалиев Юсуповдун көрсөтмөсүн тастыктай турган далилдер жетиштүү экенин айтканы менен ал кийин Жаза аткаруу кызматын жетектеп келгенде ишти далилдеп чыга алган жок. “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев “Ата Мекен” фракциясынын Рысалиевди жоопко тартуу талабын өздөрүнүн депутаттарын коргоп калуу аракети катары баалайт:

- Зарылбек Рысалиев талап-тоноочулук фактысы боюнча булардын мойнуна коюп жатса, уурдалган сейфтерден бери таап чыкса, көрсөтмө берген күбөлөр болсо, президентке рапорт жазып жатса, ага "атамекенчилер" рахмат айтмак беле? Алар дагы анын артынан бир нерселерди чукулап казып, өздөрүн актоонун аракетин көрүштү да. Ошол эле абакта жаткан Рыкунованы Рысалиевге каршы арыз жаздырып жатышат. Рысалиевди кызматтан алдырышты.

Буга чейин Юсуповдун "атамекенчилерге" каршы көрсөтмөсүнүн негизинде талап-тоноочулук боюнча бир нече ирет кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыкпай турат. “Ата Мекен” фракциясы абактын ички тартибин бузуу фактысы боюнча Рысалиев баштаган кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча прокуратурага сунуш киргизди.
Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбековдун "Азаттыкка" курган маеги, 01.01.2014

Жусупбеков: Генералдын айтканын аткардык
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00

XS
SM
MD
LG