Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Мектептеги жаза такта


Окуучулардын айтымында, мектепте пландык текшерүү жүрүп жаткандыктан мазактаган сүрөттөр убактылуу алынган.
Окуучулардын айтымында, мектепте пландык текшерүү жүрүп жаткандыктан мазактаган сүрөттөр убактылуу алынган.

Бишкектеги №64 мектеп-гимназиянын окуучулары сабакка кечигип келип жана ээнбаштык кылган балдарды администрация сүрөткө тартып, аты-жөнү менен дубалга илип, бүт мектепке шылдың кылып, басмырлайт деп даттанууда.

Бишкектеги №64 мектеп-гимназиянын окуучулары мектеп ичинде жаңыча тарбиялоо эрежелерин айтуудан качып, бирок мектептен ары чыкканда бири-биринен сөз талашып, баарын төкпөй-чачпай айтып беришти. Аты-жөндөрүн жашыруун калтырууну өтүнүштү.

- Биз кышында ушинтип кийинебиз. Анан өткөндө бир кыз малина өңдүү кофтаны кийип келсе, мугалимдерибиз "сен эмнеге малинага окшоп алгансың" деп, аны сүрөткө тартып, "бул - биздин уятыбыз" деп жазып дубалга илип койду. Ушундай кантип болсун? Кечигип же формасыз келсең макул. Бирок алар сүрөткө тартып, алдына комментарий калтырып атышат. "9-класстын кыздары тиги актрисага окшоп, чачтарын сапсайтып жүрөт" дешти. Өткөндө дагы бир классташыбыз спорттук кийимчен келсе, "тракторист" деп анын сүрөтүн илип коюшуптур. Суук болгондо актын үстүнө ар өңдүү кофтаны кийип алсаң "светофор" деп сүрөткө тартып, "бул кызды жолдо светофордун ордуна коюп койсо болот" деп астына жазып коюшту.

Окуучулардын айтымында, мектеп администрациясы кечигип, же формасыз келген окуучуларды тизип, сүрөткө тартып, “Наши позорники” деген аталыш менен дубалга илип койот экен. Бул ыкма айрымдарына таасир этип, оңолуп калгандар да, тоотпой жүргөндөр да бар дешти.

- Көптөрү ыйлашат, урушат, жаңжал уюштурат, бирок администрациядан эч кандай реакция жок. Депрессияга батып, титиреп жүрөбүз. Атүгүл бешке окугандарды да басмырлашат. Анан мындайдан кийин ким бул жерде окугусу келет? 9-класстан кийин баары кетип атышат.

Мектеп директору Саима Чажалиева кечигүү өнөкөтүн жоюш үчүн январдын ортосунан тарта балдардын жалпы гана сүрөтү илингенин, жеке сүрөттөр болбогонун айтты.

- Кечиккен балдарга жалпы сүрөт болду. Канча бала кечигип келсе, элүү чактысын тарттык. Болгону ошол.

Биз бири-бирин тааныбаган 10 чакты окуучу менен маектешип, "жеке сүрөттөр комментарий менен илингенин айтып берди" дегенде директор төмөнкү жоопту кайтарды:

- Сүрөттөр бар болчу, бирок балдардын укугун тепселебеш үчүн илбейли деп чечтик. Жок, илинген жок. Балким, алар завучтун кабинетинде даярдалып жатканын көрдү. Жеке сүрөттөрдү илген жокпуз. Анткени бизге илбегиле деп айтышты. Балдар ошондой стенд даярдалып атканын көрүп, анан ошол сүрөттөр жөнүндө айтышса керек. Стендди чыгарабыз го деп сүрөткө тартканбыз, кээ бирлерин коркутуп койолу дегенбиз.

Мектеп ичин кыдырып, андай сүрөттөрдү көргөн жокпуз. Бирок окуучулар азыр мектепте текшерүү жүрүп жаткандыктан, алар убактылуу алынганын айтышты.

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнара Тагаева мурда беш жыл мектеп директору болгон. Тарбиялоонун ушундай жолу тууралуу биринчи жолу угуп жатканын, 64-мектепке текшерүү комиссиясын жиберип, балдар арасында жабык сурамжылоо жүргүзөөрүн айтты.

- Бул туура эмес. Бул фактты такташ үчүн комиссия жиберем. Мындайга таптакыр жол болбош керек. Анткени бул баланы коргоо конвенциясын да, педагогикалык этиканы да олуттуу бузуп жатат жана бул болбогон метод. Мектептер үчүн ички эреженин тизмеси бар жана алар ошого карап иштеш керек. Тиги мектепте тарбиялоо иштери боюнча завуч өзүнүн милдетин күчөтүп атса керек.

Педагогика илимдеринин доктору Жоомарт Байсалов да аталган мектептин мындай тажрыйбасын алгылыксыз деп атады. Анын айтымында, мугалимдер жана ата-энелер балдардын туура эмес кылганын шылдыңдоо менен эмес, сөз менен түшүндүрүшү кажет.

- Бул эң туура эмес, себеби баланын ички сезимин, өсүп бараткан баланы аябай мазактаганга алып келип атат. Бала эмес, чоң киши деле тартип бузушу мүмкүн. Тартип бузуу, кечигүүлөр жеке Кыргызстанда эле эмес, Америкада да, Кытайда да, Казакстанда да болот. Эң башкысы – ата-эненин жана мугалимдин сабырдуулугу, чыдамкайлыгы керек. Анан ошентип сүрөтүн илип, шылдыңдагандан алыс болуш керек. Советтер союз убагында деле мас, жумушка чыкпаган кишилердин сүрөттөрүн илип койчу эле. Ушинтип коркутуп, басмырлагандын чарасы эч качан жакшылыкка алып барбайт.

Борбордогу №64 мектеп-гимназияда окутуу орус-кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2011-жылы Каржы полициясы текшергенде материалдык жана финансы бузуулар ашкере болуп, ошол кездеги директор кызматынан алынган.
XS
SM
MD
LG